ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

“Жашоо кумары менде күчтүү”

Түн ажарлуу жылдызы да, Айы бар,

Көңүлдөрдүн булбулдары сайраган.

Аалам жарык жаркыраган Күнү бар,

Тирлик өзү күлүп турган кайрадан.

 

Бүт адамдын Айы менен, Күнү да,

Балдарынын саамайында жайнаган.

Бу жашоодон жол үзүлбөй, үнү да,

Толук чыгып, бакыт кушу сайраган.

         Бул ыр саптары түн жамынып, ыр жазган Күн нурунан жаратылыштан чон эргүү алуу менен адабий чыгармачылык чыйыр жолго багыт алып, көптөгөн окурман журтуна өз эмгектерин тартуулап келе жаткан Мусакун Сатыбалдиев агайыбыз. Анда сөз башынан болсун!

Тагдырдын оор сыноосубу же балким жазмышка жазылган тагдырбы? Айтор, Мусакун агайдын бүгүнкү күндөгүдөй 10дон ашуун китепти жазып, чыгармаылыкка аралашып калуусуна ошол сыноолор түрткүдүр. Айтайын дегеним урматтуу угарман бүгүнкү биздин каарман тубаса бут оорулуу болгондуктан убагында мектептен окуп, билим алууга мүмкүнчүлүгү болбоптур. Анда кантип ыр жазып, кантип көркөм китептерди жаратып жүрөт деген суроо жаралса, төмөндө баарын баяндап беребиз.

 

            ТИЛЕП КЕЛЕМ

Кокусунан жоготсоң кымбат нерсе,

Тапса болот башкасын, учур келсе.

Миң издесең экинчи табалбайсың,

Ден соолукту бир гана Алла берсе.

 

Соолуп калса колдогу аппак гүлүң,

Бажыраят көктөмдө, жарык күнүң.

Ден соолуктун солуса кызыл гүлү,

Жетер бекен Теңирге жалын үнүң?

 

Ден соолуктун ушунча ыйык заты,

Күтө албасак өмүргө тийген даты.

Үмүтүңдүн шамы өчөт ара жолдо,

Кокустан бир ташыркап калса аты.

 

Агылса да башыңан алтын-күмүш,

Жаның ооруп атканда кайда күлүш.

Миң алектен өткөнү куру, болбойт,

Алды жакта мараны көздөй жүрүш.

 

Сен ушунча ден соолук, асыл элең,

Жаркыраган өмүрдүн шамы белең.          

Бар, жогуна ыраазы, кайыл болуп,

Бир гана ден соолукту тилеп келем.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Мусакун Сатыбалдиев 1950-жылдын 22-апрелинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Тубаса бут оорулуу болгондуктан убагында мектептен окуп, билим алууга мүмкүнчүлүгү болбоду. Он төрт жашка чейин сабатсыз болду. Кийин үйдө жатып, өз алдынча тамга таанып, китеп окуганды, жазганды үйрөнүүгө аракет кыла баштаган. Буга эжеси Зинагүл жардам берген.

        Китептерди окуу менен гана чектелбестен, өзү да бир нерсе жазууга аракет кыла баштайт. Жакын арадагы  райондук, областтык газеталардын штаттан тышкаркы кабарчысы болгон. Кийнки жылдарда областтык «Ысык-Көл правдасы», Ак-Суу райондук «Эмгек жарчысы», шаардык «Каракол» газетасында адабий кызматкер, котормочу болуп эмгектенген. 1995-1997-жылдары Каракол шаарындагы медициналык окуу жайында окуу китептерин которуу багытында, 2000-2003-жылдары Бишкектеги «Бийиктик» басмасында редактор, 2003-2005-жылдары областтык «Ысык-Көл үнү» газетасында редактордун орун басары, ошол эле учурда республикалык «Бешене» газетасында саясий баяндамачы болуп иштеген.

          1975-жылдан тарта көркөм чыгарма жазууга далалат кыла баштаган. Жазган ырлары, аңгемелери, эсселери, новеллалары жергиликтүү, республикалык газета-журналдарга, «Тоо булагы», «Көктөм», «Учкун» жана Москвадан чыгуучу «Истоки» деп аталган адабий алманахтарга такай басылып турган. 1988-жылы «Өрүк гүлү» аттуу биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөң. 1993-жылы «Бар бол, Норуз» деген ыр жыйнагы чыкты. Бул китеп 1995-жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында эларалык кайрымдуулук уюму тарабынан англис тилинде жарык көрдү. Ошондой эле «Үмүт Жол», «Кечигип келген махабат»,  «Периштенин белеги» деген повесттер, аңгемелер жыйнагы, ал эми 2007-жылы «Бейиттеги бозторгой» деген роман-эссенин биринчи китеби, «Сыр дүйнө» аттуу китеби жарыкка чыккан. Айрым чыгармалары англис, монгол, орус, кытай, казак тилдеринде жарыяланган.

 

КҮНДӨРҮМӨ

 

Эх, күндөрүм, жел сапырган күлүктөр,

Туяктардан бүгүн чыкпайт дүбүрттөр.

Арт жагыма көз чаптырсам жатышат,

Гүлүн ачпай, жайрап калган үмүттөр.

 

Мен силердин баркыңарды түшүнбөй,

Бир тартылып бүлбүлдөгөн түшүмдөй.

Сарбариктин шуудурунда жүрүпмүн,

Кетээр күндүн кымбатына күтүнбөй.

 

Жүгөн салып, бирөөңөрдү кармасам,

Жүздөйүңөр жайдак өттүң - карасам.

Асманында бир торгой жок талаада,

Жел учурган камгак болуп далбасам.

 

О, кұндөрүм, бир кайрылып келбеген,

Менсиз өттүң жалыңдагы жел менен.

Даңкан аткан чаңыңарда калыпмын -

Көп кездерде болуп жүрүп делбе мен.

 

Дал силерден кымбат жашоо өрүлгөн,

Бир тартылчу жаадай бекем керилген.

Ар бириңде бышып турган мөлтүрөп,

Мен терүүчү жемиш жерге көмүлгөн.

 

Жашырып не, катаалдыкка бүгүлдүм,

Антсе деле, мен жан сабап үргүлдүм.

Өзү эле эмес туягы алтын күндөрдүн,

Миңден бирин тутууга араң үлгүрдүм.

 

Ырас күндөр, кээде куттай тамдыңар,

Көптөн бириң мен бергенге кандыңар.

Мына бүгүн ар бириң маа кымбатсың,

Айткыла ачык, дагы канча калдыңар?

 

Өмүр жармы баш чөмүлттү кейишке,

Мындан нары жайдак кетип кейитпе.

Колго жугар бир күнүмдү калтырсам,

Санаам тынып кетермин мен бейитке. 

 

Музыка кетет.....

 

“Жашоо кумары менде күчтүү”, “КЕЧИР ТАГДЫР, МЕН ӨЗҮҢДҮ ЖАСАП АЛАМ КОЛ МЕНЕН!”-деген сыягы үмүттүү, жашоого позитивдүү коз карашы жазган ырларында да байкалат. Алсак, адамзат жашоосунун бүтпөс сырлары, каалоосу, мүмкүнчүлүктөрүн пайдалан билүү, кадыресе кыялдануусу “Деп сезем” ырында ачык-айкын берилет.

 

  ДЕП СЕЗЕМ

Кең асманды мекен кылып,

Шамалды жиреп бүркүттөр.

Суктануусун бекем катып,

Төмөндө жатат жашыл төр.

 

Аска-тоолор көз мелжиген,

Шуудурун сезет канаттын.

Бийикте жашап бүркүттөр,

Ойлорду түркүн жараттың.

 

Булут конгон тоо башында,

Дүйнөнү алгач көрүшкөн.

Канатка байлап мейкинди,

Бийикти энчилеп келишкен.

 

Алардын жүрөгү башкача,

Адамдай паска барышпайт.

Бөрүнү тип-тике качырып,

Майданы эзели алышпайт.

 

Мага бир күнүнөн берилсе,

Бүркүттүн өмүрүн сездирип.

Башыма бакытты куюлтмак,

Дүйнөнү заматта кездирип.

 

Кеңдикти алган үй кылып,

Бүркүттөр сызат кепкенен.

Аларга көз салып олтуруп,

Жапыс жан экем деп сезем.

 

Мусакун агайдын үмүтү гезитке чыккан кабар болуптур. Бул тууралуу автор мындайча билдирет: Бир күнү биздин айылдык бир мугалим мен жөнүндө угуп, үйгө келиптир. Мени китеп окутуп көрүп, «гезитке кабар жазып көрчү» деди. Дароо эле айылдагы «Ардак белгиси» орденин алган чабан жөнүндө кыска кабар жазып, ал агайга берип жибердим. Ошол кабар гезит бетине чыккандагы кубанганым, ай! Кичинекей кабар мени туңгуюктан алып чыккансып, менин деле колумдан бир нерсе келет турбайбы деп эрдемсип калдым. Ошентип, 18 жашымда чыгармачылыктын башаты башталды. Убакыттын өтүшү менен гезитке кыска кабардан ыр жазууга өттүм. Эң биринчи ырым «Тоого келем» деген аталышта эле. Ырларым, кабарларым гезит бетинен орун алганы чыгармачылыкка болгон эргүүмдү ого бетер бийикке жетеледи. Кийинчерээк аңгеме, повесть жазып, анан чыгармаларымды китеп кылып чыгарууну көздөп баштадым.

 

КӨРГҮМ  КЕЛЕТ

Өзүмдү-өзүм жерип таштап, негедир,

Мен болбогон дүйнөгө кетким келет.

Мандеми күч жан жеген таман менен,

Тикендерди бырч тепсеп өткүм келет.

 

Байлоосунан бошогон жаш кулундай,

Жел сапырып даңкандар аткым келет.

Уюл таштын толтосун жарып чыккан,

Адамдар татпаган даам таткым келет.

 

Жылдызы жылт этпеген коюу түндө, 

Бир саамдык мезгилге жангым келет.

Айлымдын көлчүгүнүн бакасын да,

Жүрөк менен жылытып алгым келет.

 

Кош таягы өксүткөн «менден» кетип,

Жаш сураган зор дабан ашкым келет.

Кыйгап өткөн балалык кармап кайра,

Ак кардан жылаңайлак баскым келет.

 

Өз дүйнөмөн бир жолу чыгып кетип,

Бир жанга кезикпес гүл тергим келет.

Из өчпөй оо, канча жыл бейитимден,

Эскерип келген жанды көргүм келет.

 

БУЛ  ӨМҮРДӨН

 

Мезгил ушул көз ирмемге токтобой,

Чырпык өсөт чынар болуп жетилип.

Кечээки күн биздин күнгө окшобой,

Кемип барат өмүр да улам кетилип.

 

Турмуш деген улуу күрөш ушундай,

Тыным албай толуктап да кемиткен.

Дүйнө кезген Пикассонун кушундай,

Жаш муундун дүбүрттөрү демиткен.

 

Адам келет максат жүктөп жарыкка,

Өмүр жибин чырт эттирбей, улоого.

Күнү түшүп кээде жыртык чарыкка,

Кездер болот бийик жардан кулоого.

 

Өмүр баркы кыйын-кезең жолдордо,

Чыйрак адам таман жыртып арбытат.

Жашоо деген тууну кармап колдордо,

Наркын билген адам гана барды утат.

 

Те байыркы адамзаттык салтты улап,

Босогосун аттап бул күн турмуштун.

Жакшылыктын үмүт атын камчылап,

Жаңы үй-бүлөө керегесин тургуздуң.

           

Түшпөс болсун ушул үйдүн түндүгү,

Ынтымак да сүйүү менен чырмалып.

Жаңы турмуш Айга татып күндүгү,

Таалай ыры турсун дайым ырдалып.

 

Берген батам ушул болсун - үйүңөр,

Толуп турсун күлкүсүнө балдардын.

Өмүр бою жаркын жанып сүйүүңөр,

Тээ учунда турсун самби талдардын.

 

Ыйманы ысык, кенен пейил болгула,

Кадыр-барктап ата-энени туу туткан.

Бала өстүрүп, бак-дөөлөткө толгула,

Болуп дайым бул өмүрдөн көп уткан.

 

Музыка кетет.... (Өмүр тууралуу ыр)

 

     Тагдырга моюн сунуп, ушундай экенмин деп бекер жаткым келбейт. Өткөң жылдар аралыгында жергиликтүү гезиттерге кабарчы, котормочу болуп иштедим. Күнү-түнү уктабай чыгармаларды колдорум жооруганча басчумун –деп билдирген каарманыбыз чынында эле биздей жаштарга, дегеле башка алты саны аман-соо туруп, бирок жалкоолук дегенди моюнга миндирип алып, эч жумуш жасабай жүргөн инсандарга үлгү болчудай. Албетте, инсандвн ички ишеними менен каалоосу күч болсо, анда баарын жасоого болот. Ал эми агайдын жазган ырларындагы, чыгармаларындагы “жашоо үчүн күрөшүүгө” чакырык сыяктанган оюу, бир гана алл эмес “чыныгы адамдык сапатты” калыптандыруу, озүбүздө сактап калуу сыяктуу философиялык ойлор жатат. Пендечилик жана тагдыр, жашоо жана күрөш, инсан жана аны табияты, туулган жер, Мекен жана анын кадыры сыяктуу өзгөчө темалары ар бир окурманды кайдыгер калтырбайт.

Бул дүйнөгө келдимби деп жаңылыш,

Мезгил болгон мен ичимден сыздаган.

Балалыктын, жаштык гүлү күбүлүп,

Куу тагдырдын чилдесинде муздаган.

 

Жаңылыпмын анда, азыр түшүндүм,

Өмүр мага берилбептир жөн-жөндөн.

Көрсүн дептир ырайымдуу Жараткан,

Бул жашоонун ырахатын дал сенден.

 

Мейли, мейли, колум сага жетпесин,

Сенин барың - кемибес бак-таалайым.

Сендей асыл жандын мага күлгөнү -

Күндүн көзүн карыктырат маанайым.

 

-----------------------------------------------------

Күн баратат менин соңку күнүмдөй,

Көз алдымда бүлүнүп да, бүлүнбөй.

Үмүттөрдүн бейитинде жылмайып,

Карап турам мен үмүттөн түңүлбөй.

 

Тирүүлүктүн тизгининде карышып,

Өзүм менен өзүм келем жарышып.

Бу жашоонун дөңгөлөгүн айлантам,

Күрөш менен дале тынбай алышып.

 

Бу дүйнөнүн толтурчудай бөксөсүн,

Аламын деп тагдырдын бир өктөсүн.

Шам ордуна өзүмдү - өзүм жагамын,

Күн өчсө да, пенде үмүтү - өчпөсүн.

 

                 И Ш Е Н И М     Ж А Н А    И Й Г И Л И К!

Жашоо уланып, ошентип агайдын кийинки жасаган иши, негизги койгон максаты – гезиттер, кабарлар, маалымат, макалаларды жазуу болуптур. Үч дөңгөлөктүү коляскамсынын жанын тындырбас болуп, талаа-туздө, иштеп жаткан колхозчуларга кезигип, алардын иштери тууралуу, жакшы иштеген үлгүлүү адамдар жөнүндө жазат. Жазгандары райондук, облустук, анан республикалык гезиттерге чейин жарыяланып турган. Ушунда йжумуш менен алпурушуп отуруп, дээрлик өмүрүн чыгармачылыкка арнап койгонун сезбей да калганын айрым гезит беттериндеги маектеринде билдирет. Ал эми үй-бүлөдө болсо, коломто отун тутантып, бала-бакыра, неберелердин ардактуу атасы болуп жашап келет. Төрт уулу, төрт кызы, эки небереси бар. Өмүрлүк жубайы ооруканада эмгектенет. Анда эмесе кайрадан каарманыбыздын поэзия дүйнөсүнө кайтып,  төмөнкү ыр саптарына ортоктош болууга чакырабыз.

 

            БАКЫТ... БАКЫТ...

 

Адам менен бир төрөлүп, бир өлгөн,

Бушайманга салып, коштоп келесиң.

Чакырыкпы болгон-бүткөн жөрөлгөң,

Көзгө сүртчү, кандай сенин элесиң?

 

Канча пенде мен бакытка жетем деп,

Булут минип, көк асманда чалкыды.

Канча жандар жол тапттады итеңдеп,

Андан арбын көбүк болуп калкыды.

 

Бул жашоодо сени көксөп канча жан,

Жаштыгынын жалын табын коротту.

Тирлик - деңиз, толкунунда калчаган,

Көптөр сени байкоос албай, жоготту.

 

Жашоодо сен айсыз түндө күндүздөй,

Жанды эч сеп алдырбастан умтултуп.

Чырагыңды коймоюң бар күйгүзбөй,

Ашкан байлык турса деле кулпунтуп.

 

Бир көрүүгө зар болгон көп көзүңдү,

Жанетин жеп, басып жаңы из менен.

Кээ бир жан бар - буту менен өзүңдү,

Тепсеп туруп, закым желден издеген.

 

Бакыт... бакыт... затың кандай дегеле,

Бул дүйнөдө бар экениң чындыкпы?

Баардык жанга көрүнбөйсүң эмнеге,

Же болбосо издеп чарчап, тындыкпы?

 

Таза ыймандуу, пакиза адам ак жүрө,

Жыртык калпак жашайт сага жанаша.

Чөнтөктөрдөн буластатып пул бирөө,

«Джипти» минип издеп жүрөт адаша.

 

Сен табылып ким бирөөгө сүйүүдөн,

Жамгыр болуп себелейсиң балкытып.

Жалгыз сен деп, коросо да күйүүдөн,

Самаганга карматпайсың жалкытып.

 

Бакыт... сенин кандай деги дөөлөтүң,

Бул дүйнөдө сенсиз жашоо болобу?

Түсүң, түрүң, кандай экен сөөлөтүң,

Сенден кемип, сага адамдар тоебу?

 

Айтсаң бакыт, кандай кезде келесиң,

Куттай уюп, түндүктөрдөн төгүлүп?

Качан... качан... мага колуң бересиң,

Күндөй жанып, көзүмө бир көрүнүп.

 

А мен сага жаркын таңдан жолугам,

Шоолаланып саамайыман сылайсың.

Тирүүлүктүн ташы тилген жолунан,

Мончок болуп көөдөнүмө кулайсың.

 

Мейли бакыт, айда, жылда көрүнбө,

Антсең деле сезип келем жанымдан.

Мен кемисем - сен кемибе, төгүлбө,

Көрүп турам жүрүп аткан канымдан.

 

Бир кудайдын эрки менен бакыт сен,

Кезиң болот бир тамчыдан бөлүнгөн.

Топук байлап, канаат кылам сага мен,

Балдарымдан, жубайымдан көрүнгөн.

 

Келбеди деп, жүрөгүмдү сыгылтпай,

Тирүү болсом дале бардыр көрөрүм.

Мен өзүңдү жанда болуп жыгылтпай,

Жөлөп жүргөн балдагыман көрөмүн.

 

Бакыт... бакыт... тутпасам да өзүңдү,

Сен дүйнөмдө ичтен сызып жүрөсүң.

Кыйын күндө кашайтпастан көзүмдү,

Канткен менен - бирге өмүр сүрөсүң.

 

КЕЧИРГИЛЕ

 

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,

Өзүңөрдү баалабай жүрсөм эгер.

Куру өткөрсөм эсептен өчүргүлө,

Ошол мага түгөнбөс азап берээр.

 

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,

Өлгөн үмүт көтөрүп сени тоссом.

Ошол замат катардан кетиргиле,

Болбос ишке эгерде колум созсом.

 

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,

Туталбасам зымырык мүнөтүңдү.

Коротпостон ак нуруң, өчүргүлө,

Токтотту деп билгиле күрөшүмдү.

 

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,

Сарбариктей сапырсам өзүңөрдү.

Бүгүн мени «өлдү» деп өкүнгүлө,

Карабасам жалтактап, көзүңөрдү.

 

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,

Куру жалак калтырсам көңүлүңдү.

Аз дебесең мен берем, бөлүшкүлө,

Ар бириңе бир чымчым өмүрүмдү.  

Уктуруубуздун соңунда Мусакун Сатыбалдиев агайбызга дагы да албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Тагдырдын татаалдыгына баш бербей, жашоо үчүн күрөшүңүздү улантып, жаратмандыкта дагы да адабият айдыңында көптөгөн эмгектерди окурмандарга сунуштап жүрө бериниз демекчибиз. Ал эми урматтуу радио угармандар сиздер акындардын жүрөктөн чыгып, ак баракка сыя болуп төгүлгөн сырларын жана ырларын ар жума сайын “Жүрөк сыясы” программасынан тыңдай аласыздар. Амандыкта турунуздар!

 

Даярдаган:                           Элиза Кочкор кызы

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031