ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Акын Кожегелди Култегин: "Менин ар бир ырым — окурмандарыма жазган катым".

 

Менин ар бир ырым — окурмандарыма жазган катым. Мына ушундай принцип менен ар бир жазган ырына аяр мамиле жасап, окурмандын жан-дили, жүрөгү менен кабыл алып, ырларын бир окуган сайын кайра-кайра окууга түрткөн акындын жазгандары ар убак актуалдуу. Саламатсыздарбы?! Сиздер менен “Жүрөк сыясы” көркөм-адабий музыкалык уктуруусунун кезектеги чыгарылышы. Бүгүн биз белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктардын ээси Кожогелди Култегин агайыбыздын ырларын сиздерге сунуштайбыз.

 

БҮГҮН МЕН ЫР ЖАЗДЫМ ЭЛЕ

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
алмалар ачып-жапма тереземден
акырын башбагууда шакта туруп
алыстан окучудай барактарды.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
тулаңда чалкасынан жаткан жоокер
тураарда автоматты таянды да,
куралдын оозун калды кыртыш бүтөп.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
жигити шоколадды тиштеп сунду,
жымыңдай башын созуп жароокер кыз,
жыргаган бойдон үздү жармын тиштеп.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
саяпкер ат такалап жатты кылдат,
саал ачык турган ооздон  түкүрүгү
саламдай агып түштү ай-туякка.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
дайрада ыштаны агып… аттай-буттай
далдайган балыкчы кууп келатканда –
дардайган дүмүр-бутак токтотту илип.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
кызымдын  «5»теринин бутагына
кызыл тил булбул келип конуп алып,
кыраатын бузбай сайрап жатат тынбай.

Кожогелди Култегин агайыбыздын айрым берген интервьюларында: «Ыр жазганды качан баштагансыз?» — деп сурай беришет. Мен билбеймин. Адам түш көргөндө ошол түшүнүн качан башталганын билбеген өңдүү мен дагы качан ыр жаза баштаганымды билбеймин-деп жооп узаткан экен. Демек, жараткандын тартуулаган таланты тоону жарып чыккан булактай ар дайым сыртка чыгууга аракет жасайт. Акындын да көөдөнүндөгү жүрөккө тынчтык бербеген ойлору ыр аркылуу чыгат эмеспи. Анда келиниздер каарманыбыздын бейнесине кыскача токтолуп өтөлү.

         

Акын Кожогелди Култегин 1960-жылы, 18-февралда туулган.  Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт айылынын кулуну. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 1993-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун 2 жылдык жогорку адабий курсун бүтүргөн. «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда жаштар секциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын өкмөт аппаратында референт, өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинде башкы редактордун 1-орун басары болуп эмгектенген. Бишкектеги «Азаттык» медиа институтунда кабарчы болуп иштеген.  Кожогелди агайдын алгачкы чыгармалары 1976-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланат.  Поэзия дүйнөсүнө эртелеп аралашып, 1982-жылы «Ала Тоо поэзиясы» фестивалынын, 1986-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык III жумалыгынын лауреаты болгон. 1989-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ага 1995-жылы «Дарбаза жолго ачылат» аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы «Бал ууртам» китеби үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган Жолон Мамытов атындагы сыйлык ыйгарылган. «Түндүктү ким көтөрөт?» аттуу драмасы Ош кыргыз драма театрында коюлган. Мындан сырткары , Кожогелди Култегин орус акындары Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Юрий Кузнецовдун, болгар акыны Любомир Левчевдин, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, казак акындары Мухтар Шахановдун, Мукагали Макетаевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

           

САН- МИҢ ДООРДО

Толук болсун дүйнө дешип – кен ачат,

толукталган сайын бирок кеми ашат.

Салтты бузбай мухиттер да, деңиздер

сан-миң доордо толукталып келатат!

 

Сан- миң доордун жылдары бүт сөксөңдөп,

санай келсең – далай жерге өскөн чөп!

Анча жылдын өсүмдүгү канча анда –

аны ойлосоң чал болосуң бөкчөңдөп.

 

Бардык элде балдардан зор доорон жок,

бардык доордо баркы алардын оогон жок!

Чөнтөктөрдө алпараткан таттуу эле –

чөлкөмү зор, көркөмү зор тоо болмок!

 

Сан-миң доордун санжыргасын айтчы ушу,

сактап-жыйган дүнүйөсүн тапчы ушу.

Чачтарды кой, каштарга эле толмок да

чалкыган бул дүйнөнүн бир капшыты.

 

Кетпесе да ташкындап же көбүрүп,

кээ бир жерден турмак чети көрүнүп.

Арбын шек бар калында ушул сулуунун,

астына анын жаткандай бүт көмүлүп?!

 

Учкан канат – бул ааламдын далысы!

Ушул жашоо – баштала элек жарышы!

Учу ийненин жоголду го ичкерип –

учу, демек, мейкиндиктин баарысы!

 

Катуу ирмелет караган көз жалтанбай,

калп айткандын саламы да жарты айдай.

Оюнчукту жасагандар балдарга

о, койчу аттиң, турушпайбы картайбай?!

 

Топук ошол – толтурам деп ойлосо!

Толгонунан артыгыраак – толбосо!

Тонуң чечип, ойлонyп көр жакшыраак,

тоолор болмок эмес – кеми болбосо?!

 

Баары, баары бар болуп да жок болуп,

бакырайган көз жылдызга октолуп,

ушул дүйнө кеми менен улуу да,

ушул дүйнө өлүм менен топтолук!

 

БУЛБУЛ ЫРЫ
Булбул жыл сайын жумурткасын тууган күндөн баштап балапанын учурган күнгө чейин гана сайрайт. Балапанын учурган күнү тили катат.

Булбул сайрайт, булбул сайрайт — бул… бул… бул!
Буулуккан бир көңүлүңдү бур… бур… бур?!
Ооруп жатып, онтоп жатып энеси
оо, баласын эмизгени тур кургур.

Элбип-селбип энекеси тур кургур
эмизем деп, эмизем деп уулун бул.
Буулуккан бир көңүл-дитин бурдуруп
булбул сайрайт, булбул сайрайт — бул-бул-бул!

Булбул сайрайт, булбул андан баласаак —
бул мындай деп, ал андай деп карасак.
Жумурткасы туулаар замат баштайт ал,
жуп ошондон безеп-сайрап баратат!

Ырдайт булбул башка ырларды тен албай,
ырлары өзүн, өзү ырларын жеңе албай…
Береги эне сакайса да онтоодо
бешик ырдан беш сап айтып бере албай.

Булбул гана болсун менин балам деп,
булбул болбой калса — кокуй, арам деп
сайрайт булбул, сайрайт бурбай өз тилин,
салат дилге алыс-жууктан салам-кеп!

Ырдап айтса ыйык сөзүн тумардай —
ырасында ким коё алат тил албай!
Ооруп-онтоп жаткандан да оорулуу
онтогондор бешик ырын биле албай…

Булбул ырын уккун дайым, ук таңда —
буюгуп бир уккуң келет уксаң да!
Баары бүтүп — тили катат булбулдун
балапаны канат күүлөп учканда…

Айланайы-ын, ырыс ыр бул, кешик ыр,
апкелүүдө сезбегенди сезип ыр!
Бүт ааламды багындырган өзүнө
булбул ыры — бар болгону бешик ыр…

Ырдап айтса ыйык сөзүн тумардай —
ырасында ким коё алат тил албай!
Ооруп-онтоп жаткандан да оорулуу
онтогондор бешик ырын биле албай…

 

Кожогелди Култегин агайыбыздын: Заман бул — оттогу казан сыңары. Заман алмашканда — казан алмашкандай ичиндеги кайнаган турмуштун үстү астына, асты үстүнө куюлат. Башкача айтканда, баштагы бийик нерсенин төмөнгө түшүп, төмөн нерсенин бийикке чыкмагы бар-деп айтканы бар. Бул жашоо чындыгын акын ар бир ырында ашкерелеп, окурман дүйнөсүнө түшүндүрүүгө аракеттенет. Ошондой эле бүтпөс, түбөлүктүү тема атыккан ашыктык, махабат, сүйүү ырларына кайрылсак, кадимки ар бир окурман өз жүрөгүнүн үнүн уккандай, кулак салгандай болот.

 

КАЙРАН СҮЙҮҮ

Тең жарылган каткырыктай сабалап,
тең жарышкан сүйүүбүзгө салават!
Каткырыктай күчтүү да экен, кыска экен,
кала бердик жүрөктөрдү жаралап.

Айлуу түндүн салкыны өлдү — чөлдөдүк,
алоо күндүн ысыгы өлдү — көрбөдүк.
Ыпыр-сыпыр..ыпластанды көңүл да
шыпыргыга шиленген нан өңдөнүп…

Кай тарапты, кайсы гүлдү карасак —
кара күйүк, кара темгил, кара так.
Үстүбүздө ээри оогон ат болуп,
үрккөн бойдон мезгил ана баратат.

Карашалбай же каткырбай, сөгүнбөй,
какшып турбуз чайнек менен чөгүндөй.
«Ошол сүйүү кайда?» — деген — осол сөз,
ортобузда мүрзө турат көрүнбөй…

Арман канча алкымдан бек кыспасын —
ал сүйүүгө акаарат кеп чыкпасын.
Тилек ушул — адамзаты мүрзөгө
тик сайылган бычак бар деп укпасын…

ИЗДЕЙМ СЕНИ

Мезгилге куйрук-улаш түшүп алып,
мен сени издеп келем – утуру арып,
күч берээр бакытымды, таалайымды
100 грамм шарап сымал жутуп алып…

Изделип жүрүп өзүм – кийик болуп,
издеймин ийне-жибиң билип толук,
калчылдап бут шилтенбей калган кезде
кайгымды канттай чагып, шимип коюп.

Издеймин, таап бүтүп, жаным, дагы!
Издөөгө өмүрүмдүн кайыл баары!
Табылып, колтукташып жүргөндүгүң –
болгону, дарегиңдин табылганы!

Сени мен издеп келем мекенимдей!
Сезимдер далбалактап этегиңдей!
Издебей калган ошол мүнөт-саатта
из-тозсуз бул дүйнөдөн кетеминби-эй?!

Кашкайган тиштериңдей – каткырыгың,
кайрылып бир карасаң – катты кылым.
Ийниме бул ааламды илип алып
издеген үчүн сени бактылуумун!

 

— Сен деген жан — сеңир тоону казабы?!

Сени сүйбөө — андан ашкан жазабы?

Укмуштай бул жан дүйнөң бар үчүн да

Ушул дүйнө ушунча кең, тазабы!

Карааныңды карек сымал туябыз,

Каршы келген нерсеңе бой урабыз.

Качан болсо кирпиктердей кайтарып

Канча жигит катарынан турабыз!

— Бул ыр бир сулууга эле арналбастан, Мекенге, туулган жерге да арналгансыйт. Мындай акындын салыштармалуу ырлары көп. Буга жооп катары Кожогелди агай: шаардан бир кыштакка барып, короосунан чыкпай күнү-түнү жатып кайра келгендерди аяйрын, мээ какшаткан өзөн-дайрасын кечпесең, сексен-токсон килодон ашып турсаң да өзүңдү желдей жеңил сезип, ат чаап жыргабасаң кантип болсун?! Жазуучу болом деп журналисттик бөлүмгө өтүп, Ысык-Көлгө барам деп Ысык-Атага барып алгансып. Мурдагы СССР, азыркы Кыргызстан башталган тээ алыскы урчуктан — Алайкунун түп чеги Көгарттан келбедимби темселеп-деп жооп берген. 

           

Туулган жердин топурагы алтын деген сөз калетсиз чындык. Ал жер — бийиктиктин жана тазалыктын жогорку катмары! Бийиктик менен тазалык кол жетээр жерде жайгашпайт. Кайда жүрсөң да, дайраны атчан күрпүлдөтө кечип баратып деле, жөө мал издеп жүрүп жамгырда калып деле, кымызды идиш жок кезде чаначтан кылкылдата жутуп атып деле, карышкыр менен карпа-курп беттешип туруп деле, күтүрөтө айдап бараткан жылкынын чаңына оролуп деле, шамал боз үйдү шыпырып алып кетээрде үзүк-туурдукка жабышып жатып деле— ошо тууган жер менен киндиктеш болуп кала берет экенсиң! Ош тууралуу акындын мындай жазган ыры бар.

 

ОШ

Үч миңге чыккан өткүр шаар!
Үйрүлүп сырды төктүм шар!
Жанары менен жангым бар,
анары менен өскүм бар!

Айкашкан жигит-кыз жаркып,
Ак-Буура агат ышкы артып.
Сулайман-Тоого чыккандар
суктантат жүзгө чыккансып!

Тоосу жок – бул шаар өнө албайт,
шаары жок – бул тоо өң албайт!
Кыргыздан досту бөлсө да,
кыргыздан Ошту бөлө албайт!

Жароокер калкы жаккандай
жарашат ырыс-бак кандай!
Ийилип саламдашат эл
ийилген мөмө-шактардай.

Ынтымак-ыркы түптөлгөн
ыдырабасын бүктөмдөн!
Тоо башын шаардан тиктейм деп
топтошуп учкан куш көргөм!

Айкашкан жигит-кыз жаркып,
Ак-Буура агат ышкы артып.
Сулайман-Тоого чыккандар
суктантат жүзгө чыккансып!

 

Баатырдын барбы менде даремети,

Бакты издеп жалгыз сага жанам эки.

Бах, чиркин, кандай ысык, кандай жагым

Баратып үйүңдү бир карап өтүү…

Чоюлуп бассаң ана боюң жалын,

Чөнтөккө катсаң ана колуң — жалын.

Чайымды саа демдетип, саа сундуруп,

Чайкап бир ичсем деген оюм — жалын.

 

Кагаз менен калемсапты арбын алып берип, жалгыз калтырып коюшса эле катырып жаза баштабайсың. Жазуучулук — таланттуунун жапжалгыз алоолоп-талаптанган асман иши! Таланттуунун! Чыныгы сүйүү — эки кишинин жүгү болсо, чыныгы чыгармачылык — сомодой гана бир кишинин жүгү!-экенин акын Кожогелди Култегин агай белгилейт. Жарыкка чыккан эмгектери:  “Жолчырак”, “Шамалдагы үн”, “Дарбаза жолго ачылат”, “Бал ууртам”.

 

Оңолсун заман ырайы

Ак-кайыңдын учу менен тамыры

алыстаган сайын - бакты, жаңыруу!

Атажурт да бак-таалайга бөлөнөт

аалам кезсе уул-кызынын арымы!

 

Тынчтык тура - дүйнөдөгү улугуң!

Тынчтык табат тунуктуктун тунугун!

Эрке кары болуп тынчтык күндөргө,

эрининде өлгүм келет сулуунун…

 

Өлкөдө азыр өзгөчөлүк, чыңалуу,

өзгөрсө экен замандын бул ырайы -

качып-өтүп… машинага урунбай

калган үчүн каткырган кыз сапары.

Балага айткан сөздөр менен жалынып,

бабага айткан сөздөр менен табынып,

кенчтен артык коргобосок өлкөнү

кетет лөктөр тумар кылып тагынып…

              

УБАКЫТТЫН БАКЫТЫ

Азоо сымал – кашып жалын, кулагын,

акырындан убакытты жоошутсам –

анан гана ырас ырды чубаарым

ак кагаздын беттеринде тосуп таң.

 

Түнкү асмандын басып турат салмагы,

түмөн жандар уктап… уйку – арачы.

Түндүн баарын, түндүн баарын ал дайым

түркүк кылып алгандыгын карачы.

 

Керели-кеч айткан сайын «бол», «ыкчам»

келечекке шашылабыз – чоңбу орду?

Бир билектин беш салаасын чогултсаң –

бир билекче болобу да болбойбу?

 

Селт(!) деп чочуп – келе калган эсине

себеп-несин дароо кошо бүшүркөй –

опурулган океандын бетине

орду-түбүң билип жүр деп түкүрсөм!

 

Жерди өйдөдөн тиктеш – таалай-бак канча!

Желбирешет туулар – ылдый төшөлбөй!

Ачык китеп көмкөрөдөн ташталса –

ымыркайдай ыйлайт башын көтөрбөй.

           

Жөн жүрүп карыган эч нерсе эмес. Теле экрандан түшпөй жүрүп карыган ашкере аянычтуу экенин жазган акын Кожогелди Култегин агайыбыз чынында журналисттик кесипти аркалоо, ыр-чыгарма жазуу менен элдин уулу болуп, экрандан түшпөй келет. Кыргыз маданиятын көтөрүүдө зор салымы бар устат катары көптөгөн жаш акындардын кумири. Мындан сырткары өлкөбүздүн ишенимдүү элчиси десек жанылышпайбыз. Анткени, баарыныздарга белгилүү болгондой агай Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы өкүлү жооптуу кызматын да аркалап, опол тоодой чон эмгекти артынып жүрөт.  Дагы да чыгармачылык гүлдөп өсүүнү каалайбыз! Ушуну менен уктуруубузду сонуна чыгарабыз.

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31