ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Айбек Абдылдаев: “Күйөрман катары калгым келген...”
Аудио угуу

 

Инсан жан дүйнөсү ар дайым азыктанып туруусу абзел. Ал үчүн китеп окуу, музыка угуу же болбосо искусствонун башка түрлөрүн, же кадимки өзүңүз сүйүп аткарган иш-аракетиниз керектелет. Анткени, жан дүйнө көрөңгөбүздү байытуу менен болуп жаткан турмушубуздагы окуяларга саресеп салып, турмуштук позициябызды бекемдей алабыз. Саламатсыздарбы?! Эфирде “Жүрөк сыясы” уктуруусу.

 

Бүгүнкү уктуруубуздун каарманы акын, журналист, окутуучу Айбек Абдылдаев болмокчу. Биз каарманыбыздын чыгармачылык жааттагы ой-толгоолорун, жазган ырларын угууга даярбыз.

 

- Саламатсызбы?!

- Саламатсыздарбы?!

 

- Студиябызга кош келипсиз!

- Рахмат, Жаны жылыныздар менен!

 

- Алгач эле, тунгуч “Түндөр” аталышындагы китебиңиздин жарык көрүшү менен куттуктайбыз. Жаңы жылга жаңылык болду окшойт. Жаңы жыл майрамын кандай тосуп алдыңыз?

- Демейдегидей эле, Жаңы жылды үй-бүлөм менен тостум.

 

- Угармандарга өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берип өтсөңүз.

- Мен, Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында туулгам. Мектепти ошол айылда бүтүргөнмүн. Андан сон, Ош Мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүрдүм. Университетте окуп жүргөн учурда эле “Ош жаңырыгы” деген басылмада корректор, жооптуу катчы болуп иштедим. Бүгүнкү күндө Би-Би-Си эл аралык телерадиокомпаниясында кыргыз кызматынын веб-редакторумун.

 

- Айбек мырза айтсаңыз,балким ушул журналисттик кесибиңиз сизди чыгармачылыкка түрткөндүр?   

- Мен тескерисинче, поэзиядан алыстатты деп айтам. “Күндө туусаң, күндө жок. Күндө жылан жеп коет” – деген Ниязаалынын ыры бар эмеспи. Анын сыңары журналистика да ошондой, күндө бир кабар менен алектенесиң, эртеси кайра башка кабар менен алектенип, жазасың. Тегирменге келген буудай сыңары. "Эртең менен бүтүн келесиң, кечинде ун болуп кетесиң". Мындай оперативдүү иштөө ыр жазуудан оолактатты.

 

- Анда сиз журналистикага келгенге чейин эле ыр жазып жүргөнсүз?

- Мен көбүн эсе студенттик жылдарда көп жазып жүрдүм. Алгачкы жыйнагымда ошол даталарды белгилеп койгом. Көпчүлүгү студенттик жылдарда жазылган ырлар. 

 

"Чыйыр жолдор"

Чыйыр жолдор саймаалаган тоо боорун,

Ашыкчу элек бийик жерге чыгууга.

Чыйыр жолдор бири кыска, бири узун,

Алып барчу бизди түптүз чокуга.

 

Чыйырчыктай катар зымга тизилген,

Бийиктиктен карачы элек айылды.

Дөө болгонсуп, бир эрдемсүү сезилген,

Кыбырашып жүрсө киши унаасы.

 

Тоо чокусу оргуштатып кыялды,

Келечекти биз көп жолу болжодук.

Көрсө, далай төгүптүрбүз сырларды,

Кийин, кийин кыялдардай болбодук.

 

Ырчы, учкуч, солдат анан космонавт,

Туу чокуда эргип сырлар төкчү эле.

Солдат колго кармап алып автомат,

А ырчыда гитарасы болчу эле.

 

Чачырадык, түштүк жолго ар башка,

Биздин изди далай жолу кар басты.

Аткарылбай калган биздин максатка,

Алмашылган эскерүүлөр таптаттуу.

 

Ошол чоку бийик ойлор багылган, 

Далай жолу, нечен ирет эстедик.

Боло албадык балким өткүр чагылган,

Бирок, бирок майдаланып кетпедик.

 

Күндөр болгон төмөн тарткан этекти,

Эч кимибиз тизе бүгүп бербедик.

Жалжактабай кошоматка бейчеки,

Биз тоолордой бийиктиктен кечпедик.

 

- “Түндөр” деп аталган китебиңизге кандай темадагы ырлар кирди жана канча убакыт аралыгында жарыкка чыкты?

- Бул жыйнакка ырлар,макала жана эсселер киргизилди. Алардын көпчүлүгүн тандап алдым. Темалары ар кандай. Ата-Журт, айылга, ата-энеге кусалык, мындан сырткары бүгүнкү күндүн күрөө тамырындагы окуялар боюнча ырлар бар.

     

- Жан дүйнөңүзгө кайсы тема жакын? Айрымдар, негативди чыгармалыгыма аралаштыргым келбейт дешет. А сизде кандай?

- Негизи теманы өзүң тандап албайсын. Мен өзүмдү акынмын деп айта албайм, жөн гана поэзия күйөрманымын. Ала-Тоого суктанып өскөн ар бир кыргыз баласы эле ыр жазса керек. Тема тууралуу айтсак, ар кандай. Мисалы, жаш кезде сүйүү ырларын, кийинчерээк бир аз акылын токтолуп калган учурда балалыгыңды ойлоносуң, энсейсиң. Киши өткөн күндөрүн энсеп жашайт эмеспи. Ал эми бул ыр жазуу деген - жан дүйнөң бук болгондо, ары-бери урунуп каласың. Башкача бир сезим болот, аны кагазга төгүп койсоң жеңилдеп отуруп каласың. Анан отуруп алып эле, мен азыр насаат ырларды жазам, же сүйүүнү жазам деп ырдын техникасына салып жазып койгон менимче болбойт.

 

- Сиз үчүн ырдын маани-мазмуну алдыңкы орундабы же уйкаштык?

- Мен жүрөктө эмне болсо, жан дүйнөдө эмне тынч албай жатса, ошону жазам. Менде бул саптар уйкашыш керек, же башка деген түшүнүк жок. Балким, ошон үчүн да көп жылдар китеп чыгарбай жүрдүм окшойт. Мен жөн гана күйөрман катары калгым келген. Бирок, бардык нерсенин себеби болот экен. Бул китептин чыгышына быйыл Би-Би-Си кыргыз кызматы 20 жылдыгын белгилеп, кесиптештеримдин сунушу жана колдоосу менен чыгарып калдым. Кээде чогулуп калганда кесиптештериме ыр окуп берчүмүн.

Өрт чыкты Маскөөнүн чок ортосунан,

Чартылдап, алоолонуп бир заматта.

Тарсылдап күйүп атса эски имарат,

Жалынга тике карап ким бара алат?

Чыйылдап келген менен өчүргүчтөр,

Көп киши күйүп кетти жан аманат.

 

Бул кабар желдей тарап,

Интернет, үналгысы, жаңылыктар кирди сайрап.

Биринен бири өтүп,

Ким эле, кайдан эле?

Жан талашып жакындарын издеп тактап,

Мигранттар Кыргызстандык, Баткенден деп

Чуулдатып берип аттык, биринчи бололу деп шашкалактап.

 

Наристе бала күйдү деген жерди,

Окуй албай көзүмө жаш сызылып.

Алкымды бууп алган бирдемени,

Көпкө чейин жута албай сыздап ийдим

Жүрөктүн сайгылап бир ооруганы,

Өзүмөн өзүм эле эчкирип ыйлап ийдим.

 

Өрт болуп бүтүн аалам,

Чартылдап кошо күйүп жаткан сымал.

Балдары, жакындарын көзгө тартам,

Келет деп жүрүшкөндүр бышса өрүк.

Айнектей талкаланып, быркырап үмүт кыял,

Сыныгы көзгө түшүп,

Сыныгы жүрөк тилип.

 

Өрүктөр жыпжылаңач шүмүрөйүп,

Шаңы жок айыл азыр,

Жаткандыр аза күтөө

Бозоргон жер тамдары үңүрөйүп,

Жан багуу аргасыздык,

Жетелеп жер түбүнө.

Бөтөн жер боору муздак,

Кырсыктар тооруп эле ара күндө.

Жүрөктөн чыга албаган кыйкырыгым

Кагылайын, боордошторум өлбөгүлө!

 

- Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт. Москвадагы өрттөгү мекендештерибиздин абалы боюнча таасирленип жазган ырыңызда бул нерсени сезүүгө болот. Алдыда поэзиядан драматургия жаатына да баш багайын деген пландар барбы?

- Азыр негизи мен билген өнөр дагы, жан багып иштеп жаткан кесибим дагы бул-журналистика. Көп убактыбыз жумушка кетип жатат. Бирок, алдыда көп пландар бар. 

 

- Айбек мырза, сиздин жеке пикириңизде кыргыз поэзиясынын агымы кандай келүүдө?

- Азыркы күндө миграцияда жүргөн башкача стилде ыр жазган акын кыз-жигиттерибиз чыкты. Биздин муун СССР деген чоң держава урап, Эгемендүүлүк алган учурга туш келдик. Ал мезгилдеги абал баарына эле маалым. Демек, ошондой кыйынчылыктарды жон териси менен сезген муундун акындары чыкты. Бир жагынан улутту өзү таанып аткан, улуттук баалуулуктарга күйгөн, доордогу өзгөрүүлөргө кыргыз көз карашы менен караган акындардын мууну чыкты деп айта алам. Бул кубандырат.

 

- Учурда материалдык байлык алдыга озуп, руханий байлык артта калды-деп айтып келишет. Сиздин пикириниз кандай?

- “Аталар жана балдар” - деген орус классиктери жазып кеткен маселе бар. Улуу муун, өзүнөн кийинки келаткан муунга сөзсүз сын көз караш менен карайт. Алар жашаган учур менен бүгүнкүлөрдү салыштырып айтышат. Бирок, руханий жакырдануу жаш муундар арасында жайылган деп айталбайм. Азыр билим алууга умтулуу абдан күч. Тил үйрөнүп, чет өлкөлөрдө окууга умтулуп жатышат. Ал эми китеп тууралуу айта турган болсок, китеп окушпай калды деген сындар, биз сөз башында айтып өткөн жанагы 90-жылдардагы нанга акча таппай калган кез, жумушсуздук баарын базарга сүрүп чыгарды да. Базарда китеп окуганга убакыт болобу?-дегендей эле кеп. Азыр көркөм адабият, көркөм дүйнө жашабай калды деп айта албайм, ал өз нугу менен баратат. Интернет, маалыматтык технология кыска маалыматтар менен камсыздоодо. Бир аз өкүндүргөнү, кыргыз тилинде сабаттуу жазуу, сабаттуу сүйлөө аксап баратканын моюнга алабыз.

 

Пенделик

Күн чыгат, түшөт түн түнөрүп,

Тирүүлүк гүрүү-гүү, чуру-чуу.

Тилектер төрөлсө кайра өлүп,

Сооротот көңүлдү үшкүрүү.

Үмүттүн үзүлбөй учугу,

Эртеңдер шаштырып дайыма.

Анан сен селт этип ойгондуң,

Ишенбей улгайган жашыңа.

 

- Поэзия сиз үчүн?

- Поэзия - мен үчүн жашоомдун бир бөлүгү. Анткени, жан дүйнөмдү ушинтип бир учур ачып турбасам жаным тынч албайт, бук болуп кетем.

 

- Анда поэзия сүйүүчүлөрүнө, угармандарга айтаар сөзүңүз.

- Сиздердин берүүнүздөрдүн аты абдан жакшы экен “Жүрөк сыясы”. Мен бардык окурмандарга жаңы ийгиликтерди каалайм. Руханий дүйнө адамзатты прогресске жетелейт. Поэзияга жакын болуңуздар. Адабият дегендин өзү адеп, кишини адептүүлүккө үндөп, жакшылыкка шыктандырып жатат. Негизгиси ар дайым аман бололу!

 

 

Маектешкен Элиза Кочкор кызы.

 

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031