ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Турак-жайды камсыздандыруу маанилүүбү?
Аудио угуу

 

Кыргыз өкмөтү 2016-жылдан тартып турак-жайларды жана автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга өткөрүүнү пландап, буга байланыштуу мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзгөн. Бирок, мыйзам боюнча турак - жайларын камсыздандырбаган жарандарга жоопкерчилик каралбайт, ал эми автоунааларды камсыздандырууга мароторий жарыяланып,  2018-жылга чейин камсыздандыруу мөөнөтү өзгөртүлгөн. Акыркы учурларда катталып жаткан жаратылыш кырсыктары балким, турак-жайыбызды камсыздандырып, мамлекет тараптан тийиштүү жардамды алуубуз керек экендигин далилдеп жаткан чыгаар. Саламатсыздарбы?! Эфирде “Көз караш” радиоберүүсү.

Бүгүн сиздер менен турак-жайды камсыздандыруу системасы канчалык деңгээлде маанилүү жана учурга карай аталган компаниянын иши жеткиликтүү болуудабы?-ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз.

 

Студиянын коноктору:

1. “Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун” Ош облусу боюнча филиалынын директору Таалайбек Кулмурзаев;

2. Улуттук Илимдер Академиясынын аспиранты Кенжебек Абдылдаев.

 

Суроолор:

1. Турак жайды камсыздандыруу деген эмне жана аны камсыздандыруу канчалык деңгээлде маанилүү?

2. Республика боюнча турак жайлардын жалпы эсеби канча болууда? Учурга карата сиздерде камсыздандырылган турак-жайлардын саны канча?

3. Турак жай кайсы учурларда камсыздандырылат?

4. Кайсы учурларда камсыздандыруу төлөнүп берилбейт?

5. Жарандарга балким, толук маалыматтуулук жетпей жаткандыктан компаниянын иши бир аз артта калууда десек болобу?

6. Камсыздандыруу полиси деген эмне? Анын баасы канча? Ал бардыгына бирдей болобу?

7. Камсыздандыруунун төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулгандар барбы?

8. Авариялык абалдагы үйлөрдү камсыздандырууга болобу?

9. Камсыздандыруу канча убакыттын ичинде төлөнүп берилет?

10 Жаны конуштарда камсыздандыруу кандай ишке ашат?

 

Даярдап, эфирге алып чыккан Элиза Кочкор кызы. 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930