ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Поэзия – сыйкырдуу кең дүйнө
Аудио угуу

 

Поэзия - касиети инсандын ички сезимдерин, ой-толгоолорун, акындын көз караштарын, кубанычын жана өкүнүчүн башкаларга ыр аркылуу жеткирүүдө жатат. Замандын өңү-түсүн, шамалдын кыялын, желдин бийин, элдин ыйын, булуттун муңун акындан артык билген жан болбос. Анткени алар барга бапыраңдап, жокко жонун тоскон карапайым калк тууралуу сөз желинен куралган ырлар жазып, поэзия аркылуу калктын жүрөгүнө жеткирет.

 

Жашоо өзү көп актылуу драма

Бир актысы Токмоктогу Бурана

Кыргызымдын калпагындай чокулар

Капталында токой өскөн бурала.

           

Мына ушундай жашоонун көркөмүн кыргыз элибиздин баалуулуктарына салыштырып, ачып берген акын, жазуучу Бедел Молдобаевдин поэзия дүйнөсүнө кош келиңиздер!

 

Аалам мага кенирсинип сезилип,

Адам пейли кен-тарлары кезигип

Кээ бирөөнүн ак жүзүнөн жаз келсе,

Кээ бирөөнүн жоомарты жок эзилип.

 

Ак булуттун арасынан түшкөндөй

Аппак болчу көкүлдөрү туптунук

Дөңгөлөгү жылып-жылбай кээсинип

Ысымдары калбаса дейм унтулуп.

 

Мезгилдин учкул канатына жашырылган адам өмүрү өткүр канжар мизиндей өткөн күнгө кайрылып, сезим кылын күүгө келтирип, көкүрөктү табияттын дүйнөсүнө толтуруп, кыялды  алгыр куштай талпынтып көккө серпет. Биздин уктуруубуздун башкы каарманы эсептелинген Бедел Молдобаев агайыбыздын жазган эмгектери кыргыз адабиятына өз үнү, аруу тилеги, айтар накыл кеби бар белдуу калемгер эл аралап, эркин жүргөнүнө ынанаарына шек санабайбыз. Анда акындын өмүр жолу жөнүндө кыскача айтып өтөлү.

 

Бедел Молдобаев 1933-жылы Ноокат жергесиндеги азыркы Исанов айыл өкмөтүнүн Тескей Кожоке айылында туулган. 1966-жылы кыргыз Мамлекеттик Университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Алгач айылдагы мектептерде окутуучу болуп иш баштаса, кийинчерээ райондук гезиттерде редактор, жетекчилик кызматтарда иштеген. 1970-жылы Ош облустук теле-радио берүү комитетинин өз кабарчысы, 1974-жылы телеберүүнүн башкы редактору болуп эмгектенген.

 

Бедел Молдобаев чыгармачылык чыйырында онго жакын китептердин автору болуп, ангеме ырларды жаратты. 1965-жылдан бери Кыргызстан журналисттер Союзунун мүчөсү. Китептерин атасак, «Жашыл дүйнө», «Чабалекей», «Кумарлуу күндөр», «Оп майда», «Чамгарак» жана башка.

 

             “Биздин кадам”

Адамдар мандай терин, жүрөк отун

Аруу тутуп ак жерге чачып келет

Муундар муундарга жел аргыдай

Биринен экинчиге шашып келет

 

Из чалып изин баспай өткөндөрдүн

Нугу жок жолдор ача канчалаган

Кумарлуу ушул күндүн чегин көздөй

Шилтенип келе жатат биздин кадам.

 

             “Жашоо – түш”

Чылбырына аркандалып жылдардын,

Узун жолдо узак-узак кадамдап.

Үзүлбөгөн үнүн уктум кылдардын

Ташып-толуп келет бүгүн Адамзат

 

Не көрбөдү, жашоо аттуу кемеден

Жер үстүнөн жер астына иримдеп

Бир жүрөктүн толтосунда дембе-дем

Тирүүлүктүн оту күйүп дүрүлдөп

 

Уйкудагы түш сыяктуу түндөгү

Колго кирбей шамал сымал кайымдайт

Кен аалам ийинге  окшоп үйдөгү

Бурадарым, кайда сенин жанынды айт?

 

Түмөн түйшүк жүктөп алып тозоктуу

Күлкүгө зар сааттарга багынып

Кулагына жанырган бир кошокту

Кеттин дечи түштөй учкан агылып

 

Түйшөлдүң да түнөк таппай түбөлүк

Утурумдук жашаганга багынып

Уурданып ажал келсе күн-өлүк

Кармай албай чымын жанга жалынып

 

Жылоосу жок туткундалбас азоодой

Жылдар мынча кыскарат да кунарсыз

Жүдөө тарткан жүзгө чыккан жашоодой

Жаман көргөн түштөрүмдөй курмасыз.

 

Жалпысынан алганда бүгүнкү каарманыбыз адабий жолдо дасыккан, тажрыйбалуу калемгер өзүнүн жараткан ырлары, ангемелери, адабий эскерүүлөрү менен угарман-окурмандарды эч кайдыгер калтырбайт деп айта алабыз. Акындын кайсы гана темадагы ыры болбосун, өзүнчо ой айтат, теманы көркөм чагылдырат. Өзүнүн шык жөндөмү, таланты менен дүйнөгө, турмушка болгон көз карашы, ой жүгүртүүсүнүн көп кырдуулугун айгинелейт. Ардактуу радио угармандар сиздер менен бүгүн акын, жазуучу Бедел Молдобаевдин ыр дүйнөсүнө баш бактык.

      

Ыр дүйнөсү ар бир жанды сергитүүчү, жан дүйнөгө нур сээп, бай азык бере алган негизги касиет экенин айтуу менен уктуруубузду жыйынтыктайбыз.

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

Монтаждаган Белек Култаев.

Корком окуган Турсун Умар.

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031