ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Эки залкарды музыка табыштырып, жанаштырган
Аудио угуу

 

“ЭлFM” элдик радиосунун толкунунда күн сайын саат 12:00дө “Чай үстүндө” уктуруусу обого чыгып келет.

 

Уктуруунун коногу болушкан КРнын Эл артисти Каныкей Эралиева жана КРнын маданиятына эмгек сиңирген артисти Атайбек Бөдөшов. Таланттуу инсандар бизде конокто болуп кетишкен.

 

Обончу-композитор, комузчу Бөдөшов Атайбек жана Каныкей Эралиевага угармандардын телефон чалуулары жана СМС-каттар байма-бай келди жана жооптор айтылды.

 

Эфир учурунда кызыктуу учурлар, жашоо жана чыгармачылык тууралуу маек жүрдү. Көптөгөн чыгармаларды жазуунун үстүндө иштеп жаткандарын баса белгилей кетишти. Каныкей эжекебиз менен Атайбек агай алгачкы таанышкан кездерин угармандарга айтып бергени кызык болду. Көрсө эки залкарыбызды музыка табыштырып жанаштырган экен.

 

Атайбек агабыз: “Аксы менен Таласты бириктирген биз болдук” - деп тамашалап олтурду.

 

42 жылдан бери түтүн булатып келген конокторубуз эки уул, бир кызды тарбиялап келишет. Учурда небере жытын жыттап кубанып турган кезибиз дешет алар. Уктуруунун толук вариантын угуу үчүн, сиздерге аудио форматын сунуштайбыз.

 

Толук аты-жөнү: Эралиева Каныкей Иманалиевна.

Туулган жериңиз: Фрунзе шаары, азыркы Бишкек.

Туулган күнү,жылы: 1956-жылы, 9-январь.

Наамы: Кыргыз Республикасынын Эл артисти.

Билимиңиз: Жогорку.

Кыргызстан сиз үчүн эмне: Ыйык мекеним, ыйык жерим.

Жакшы көргөн автоунааңыз: Баары эле жагат.

Кайсы мезгилди жактырасыз: Жай мезгили.

Жактырган тамагы: Гүлчөтай.

 

Толук аты-жөнү: Бөдөшөв Атайбек.

Туулган жериңиз: Аксы районунун Кара-Жыгач айылы.

Туулган жылы, күнү: 1951-жыл, 29-март.

Наамы: Кыргыз Респулбикасынын эмгек сиңирген артисти.

Билимиңиз: Жогорку.

Жактырып сабактары: Тарых сабагын мыкты окуган.

Көп колдонгон сөзү:  “Ошондо” деп көп айтат.

Жактырган тамагы:  Камыр тамактардын баары.

Жакшы көргөн китебиңиз: Поэзия ырлары.

 

Атайбек Бөдөшөв тууралуу: Обончу-композитор, комузчу Бөдөшов Атайбек Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 1951-жылы 29-мартта туулган. Музыкага болгон шыгы эрте ойгонуп, 2-классынан баштап комуз, мандолина, аккордеондо ойноп, өздүк көркөм ийримдерине катышып, алгачкы ийгиликтерге жетишкен жана райондук, облустук кароо-сынактарда баалуу сыйлык, дипломдорго ээ болгон.

 

Алгачкы обондорун 1960-жылдардан баштап жазып, 1965-жылы К. Курманбаевдин сөзүнө жазылган «Кыргызстаным» аттуу обону алгачкы ийгиликтерди алып келген. Ушул эле ыры 1969-жылы республикалык кароо-сынакта 2-орунду жеңип алган.

 

1969-жылы М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайга келип, аккордеон адистигине кирип, мындан сырткары композитор А. Жаныбековдун композиция классынан таалим алган. 1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1976-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Композиция бөлүмүнө тапшырып, композитор Таштан Эрматовдун классында билим алган. Кесиби – композитор, аккордеончу, оркестрдин дирижеру. Окуу жайды аяктагандан кийин көп жылдар Чүй облусунун райондорунун маданият бөлүмдөрүндө эмгектенген. 40 жылдык чыгармачылык жолунда 200дөн ашык ыр-романстарды, комуз үчүн күүлөрдү жана аспаптык чыгармаларды жараткан. 1986-жылы К. Эралиева менен бирге «Айыл кечи» ноталуу ыр жайнагын чыгарган. Өзүнүн «Өмүрдүн добулбасы» аттуу ноталуу ыр жыйнагы 2001-жылы жарык көргөн.

 

2007-жылы жубайы К. Эралиева менен бирге чыгарган «Күн балдары» аттуу балдар үчүн ноталуу ыр жыйнагы Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучуларынын музыка сабагында жана класстан тышкаркы ийримдеринде кошумча хрестоматия катары сунушталып, бүгүнкү күндө республиканын бардык мектептеринде кошумча окуу куралы катары колдонулуп келет.

 

Маектешкен Р. Рахманалиев

 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930