ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кыргызстандагы илимий жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Аудио угуу

 

Саламатсыздарбы урматтуу радио угармандар! Эфирде сиздер менен “Көз караш” программасы. 

 

Илимий жетишкендиктер, инновациялык жабдыктар адам жашоосун өзгөртүүдө. Алсак айдоочусуз авто унаалар чыгып, компьютер менен башкарууга болгон хирургиялык аспаптар дарыгерлерди кубандырып, тамак-аш жасап, үй-жыйнаган роботтордун пайда болушу да бул илим-технологиянын өнүккөнүнөн кабар берет.

 

Дүйнөнүн бир катар өнүккөн өлкөлөрүндө келечек илимпоздорду даярдоодо теорияга караганда практикалык иштерге көбүрөөк убакыт бөлүнүп, лабораторияда иштешет. Кыргызстандын да бул тенденцияда өз орду бар дешет адистер. Бирок акыркы 15 жылда илимди колдоо, каржылоо бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере албагандыктан илим тармагы солгундай түшкөнүн моюнга алуу керек.

Бүгүн биз Кыргызстандагы илимий жетишкендиктер жана көйгөйлөр темасында сөз кылабыз.

 

Студиянын коноктору:

1. КРУИАнын түштүк бөлүмү, медициналык проблемалар институтунун директору, медицина илимдеринин кандидаты Тойчиев Рахманбек Маматкадырович.

 

2. Билим берүүнүн мыктысы, Илим-билим профсоюзунун отличниги, техника илимдеринин кандидаты Дилишатов Өскөнбай Ураимович.

 

Суроолор:

1. Алгачкы суроо, илимге кантип тартылдыңыздар, кандидаттык иштериңиз жөнүндө айтып берсеңиздер.

2. Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанда илимий жаатта кандай жетишкендиктер болду?

3. Учурдагы абал, кандай көңүл буруулар жана колдоолор көрсөтүлүп жатат?

4. Илимий ачылыштар аз, бирок илим докторлору менен кандидаттары көп болуп бараткандай. Учурда өлкө боюнча илимдин докторлору 800дөн ашык, ал эми кандидаттары 4 миңден ашык. Бирок алардын сапаты кандай экени маселе жаратат. Жеке пикириниздер.

5. Бул жааттагы коррупциялык көрүнүштөр, плагиаттык иш-аракеттер түздөн - түз ачык айтылбаса да, бирок коомчулукта белгиленип келет. Буга эмне себеп?

6. Илимге кызыккандардын саны төмөндөп бараткандыгына эмне себеп?

7. Сиздердин илимдин контекстинде ишиңиздерди улантам деген жаштар, аспиранттар барбы?

8. Бизде айыл чарбасы, мал чарбачылыгы кенири колдонулат. Дыйкандар картошка, пияз, сабиз өндүрөт. Ушундай айыл чарбасына тиешелүү иштерди,  лабораторияларды жасай албаганы боюнча кандай ой-пикирлериңиз бар? Барып эле акча маселесине такалып жатабы же бул маселени чечүүгө окумуштуулар тартылбай жатабы?

 

Ушул жана башка суроолорго жогорудагы аудиодон жооп ала аласыздар.

 

Даярдап, эфирге алып чыккан Элиза Кочкор кызы.

 

 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930