ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

КЕСКЕЛДИРИК ОФИЦЕР НААМЫН АЛДЫ

 

АКШнын Аризона штатындагы Эйвондейл шаарында полиция департаментине кескелдирик кызмат өтөөгө киришти. Бул туурасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери “Facebook” тармагындагы баракчаларына жазып чыккан.

 

Айро аттуу сакалдуу кескелдирикке полициянын төш белгиси 14-апрелде тагылды. Бул жаныбар Аризонанын департаментине 2016-жылдын апрель айында алынган. Ал түрдүү баңгизаттардын жытын билүүгө жөндөмдү.

 

Эксперттердин айтымында, бул кескелдириктердин жыт сезгичтиги абдан күчтүү. Андыктан алар кинология кызматындагы иттерге салыштырмалуу тыюу салынган нерселерди тез табышат.

 

Март айында Нью-Йорк шаарынын борбордук көчөсүндө доңуз күзөткө турганы белгилүү болгон. Өздөрүнүкү сымал кийим кийгизилген чочко жетелеген эки полицияны Манхэттендин Сохо районунан кездештиришкен. 

булак: zaman.kg

<< September 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30