ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Лира Камчыбекова: “Сырымды билгиңер келсе, ырларымды окугула”.
Аудио угуу

 

"Сырымды билгиңер келсе, ырларымды окугула" – деп, окурманды өз ыр дүйнөсүнө тарткан, жаш акын Лира Камчыбекова бар. Соңку жылдары интернет өнүгүп, ал жактан баарын табууга мүмкүнчүлүк болуп калган кезде Лира эжебиздин ырларын алгач мен да ошол жерден окуп көзүм түштү. Чынында ырлары жүрөккө жетип, сезимдериңди, ойлоруңду уйгу-туйгу кылып жиберчү күчтүү сөз кудуретин ар бир ырын ынтаа коюп окуп жатып, түшүндүм. Саламатсыздарбы ардактуу радио угармандар, урматтуу ыр ышкыпоздору. Ободо “Жүрөк сыясы” уктуруусунун кезектеги чыгарылышы.  Бүгүн сиздер менен замандын оош-кыйышына карабай, көркөм дүйнөгө умтулуп, ыр, кара сөз жазган, бир катар адабий сынактардын жеңүүчүсү, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү Лира Камчыбекованын поэзия дүйнөсүнө баш багабыз.

 

С Ы Р

Ак шооласы даарып лира пиринин,

Алты сөздү курап, ийик ийриймин…

Акын дешет, мени чала билгендер,

Акын эмес, мен жөн гана…

Арзууларын ырга кошкон,

Ашыктардын биримин!..

 

Апам, атам жагып талант билигин,

Ашык ырын жазып элге билиндим…

Акын дешет, мени чала билгендер,

Акын эмес, мен жөн гана…

Ашыгынан арзуу күткөн,

Армандуунун биримин!..

 

Өзүн акын катары эмес, балким кайсыл бир күчтүү, сырдуу сезимдер коштоосунда ак баракты чиймелеп, ичтеги ойлорду кагазга түшүрүп, аны башкалар менен тең бөлүшкөн жөнөкөй инсан катары эсептеген каарманыбыз Лира Камчыбекованын ырларын окуп, тамшангандар көп. Балким, мына ушул жөнөкөйлүк ар бир ырында сезилип тургандыктан, окурманга жакын. Анда эмесе, акындын бейнесине кайрылабыз.

 

Лира Камчыбекова Сагынбековна 1983-жылдын 14-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айлында, мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1999-жылы Кызыл-Жар айылында Н.И.Мешков атындагы орто мектепти, 2006-жылы Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин, Кийим Дизайны жана Сервис факультетин аяктаган. Азыркы күндө өз кесиби менен  эмгектенүүдө. 2014-жылы "Аалам-Кыргыз-Акындар" жана 2015-жылы "Кыздар ай-5"-деп аталган акындардын ыр жыйнактарына бир топ ырлары кирген. 2016- жылы "Кыялдагы кыйбасым"-аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. Анын чыгармалары Ала-Тоо журналы жана көптөгөн мезгилдүү басма сөз беттерине жарыяланып келет. Өткөн жылы өткөрүлгөн Республикалык жаш акын, жазуучулардын "МЕКЕНГЕ ТААЗИМ" фестивалынын баш байгесин багындырып, Улуттук Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

 

А Й Ы Л Ы М

Айлансам аздык кылаар келбетиңден,

Ааламга койнуңдан кол сермедим мен.

Айылым – куттуу жерим, алтын уям,

Арча жыт бешигиңде термелдим мен.

 

Суктанып ай-жылдызды самап көктөн,

Секелек, тентек кезим сенде өткөн.

Сылатып саамайымды салкын желге,

Суулардын шылдыр үнүн тыңшап өскөм.

 

Көркүңө ким бар дейсиң тартылбаган,

Купуя сырларың көп айтылбаган.

Кереметти сендеги ырга кошуп,

Кезинде Жеңижок да бүтө албаган…

 

Кас туруп, эң алгачкы таштап кадам,

Кеңдикти, тазалыкты сенден алгам.

Качандыр, шүүдүрүмдөй тамчы болсом,

Кошулдум дайраңа эми шарпылдаган!..

 

Айлансам аздык кылаар келбетиңден,

Ааламга койнуңдан кол сермедим мен.

Айылым – куттуу жерим, алтын уям,

Арча жыт бешигиңде термелдим мен.

 

Аксынын куттуу жери – алтын уям,

Аксынын бешигинде терметилгем!..

 

СЕН ГАНА...

Сүйүү да, сүйүлүү кишиге сын,

Сүйүп кой, жандүйнөм үшүбөсүн.

Сен гана куткарып азаптардан,

Сен гана дүйнөмдү түшөнөсүң!..

 

Жашырып кайгымды Кирпик менен,

Жагаарың айта албай  түртүп жүрөм...

Жаралуу жүрөгүм таңып алып,

Жолунда үмүттүн илкип келем.

 

Сагынам, алсырайм,  кулап талам,

Сабылсам, сүрөтүң кубат маган.

Сагыныч жүрөктү өрттөсө эгер,

Сезимдин күчүнөн аман калам.

 

Сан ойдун ичинен калпып анан,

Сүрөтүң кареке тартып алам.

Сырымды ырларга жазамын да,

Сездирбей, сүйөөрүм айтып алам...

 

Урматтуу радио угармандар бул ыр Рустам Шамшиевдин аткаруусундагы “Жолуккум келип жүрөт” деп аталган чыгарма. Сөзүн жазган бүгүнкү биздин уктуруунун каарманы Лира Камчыбекова, ал эми обону Жусуп Масеитовго таандык. Акындын мындан башка да обон чыгарылган бир топ ырлары бар. Аларга алдыда өзүнчө токтолобуз.

 

Ал эми азыр акындын айрым маектеринде белгилеген балдай таттуу балалык кези, адабият айдыңына башталган алгачкы кадамдары тууралуу айткым келип турат. “Айылыбызга жакын жерде Нарын дарыясы агып өтөт. Секелек кыз кезимде анын жээгинде олтуруп алып, шарпылдаганын угуп, кыялданып олтурганды жакшы көрчүмүн. Анан элдин башка балдарындай эле колхоздун талаасында пахта терип жүрүп эле чоңойдук. Бала кезден Алыкул Осмоновдун, бой жеткен кезден баштап, Анна Ахматованын ырларын окучумун. Айрыкча, Ахматованын ырларын окуганда көңүлүмдүн көксөөсү кадимкидей канып калар эле. Сүйүү жөнүндө да, сезим азаптары жөнүндө да эң алгач Анна Ахматованын чыгармаларынан билдим. Азыр деле арманымды да, кубанычымды да Ахматова менен гана бөлүшөм…”- деп  маектеринде билдиргени бар. Балким, ошол себептүү акындын ырларынын басымдуу бөлүгү сүйүү тууралуу болсо керек деген ой жаралышы толук ыктымал.

 

СИЗ!...

Сиздин элес дартыма болуп дары,

 Жүрөмүн көкүрөккө катып баарын...

Сыздатып тымызын сиздин дагы,

Санааңызда мен дагы бар чыгармын...

 

Өзүңүз жок, бул жашоо болуп азап,

Кыялдарым сиз менен калган жашап,

Тынч күнү Сизди кайра сүйүп калып,

Алдым ээ, мен өзүмө түйшүк жасап?..

 

Сарсанаамын, асылым, сагынамын...

Сансыз ойго арбалып багынамын.

Эх, сүйүү, бейиш десем, тозок белең,

Эргип кыял, сүйүү отуна жагыламын...

 

Сагыныч тытып жесе көкүрөктү,

Сезимдер жакынсынтат сары түстү...

Сеңселтип саамайымды шамалына,

Сен жокто жалгыз тостум ушул күздү.

 

Көөдөнгө сыйбай турат буулукканым

Кантейин, көңүл улап, муңду укпадың...

Кайдадыр кетким келет ээрчип алып,

Карарган күздүн ушул булуттарын.

 

 Күлсө да күндүн табы билинбеген,

Күү салып жалбырактар дирилдеген...

Жазылбай көкүрөктө жатат ырлар

Жап-жаңы көйнөк сымал кийилбеген.

 

Туйгандай муңдуу ырды жүрөктөгү

Токтобой асман дагы көнөктөдү

Түнөрүп жаткан менин жандүйнөмө

Тагдырлаш болду күздүн сүрөттөрү...

 

МЕЗГИЛ ӨЗҮ ДАРЫЛАРСЫН

Карегимдин ичинен күйүп жалын,

Кусадар кылып дале, сагынтасың.

Бек кучактап мойнуңа асылмайын,

Билесиңби?.. Сагынычым басылбашын...

 

Ишенбегем, сенсиз күндөр өткөнүнө,

Ишенбедим, кабары жок кеткениңе.

Кастарлап, аярлап сүйөт- десем,

Кайра жүрөк оорутуп кеткениң не?..

 

Унутуп сенден башка адам барын,

Узаткан бойдон кайра, таба албадым.

Жарыгымды жол кылып карааныңа,

Жаныңа тагдыр болуп бара албадым...

 

Билемин, сен да мени сагынасын,

Билем азыр, турмуш деген кайгыдасың...

Бөлөксүп тагдыр жолду бөлүп кетти,

Бизди эми мезгил өзү дарыласын...

 

Билемин саамайымдан сыламайын,

Сенин да сагынычың басылбашын...

(Билгизбей баары бир сагынасың!..)

 

Агымында турмуштун  өктөмүрөөк,

Азыр ар ким ар башка жолдо жүрөт.

Жанаша эле жүргөнсүп, алыстасыз,

Жалынганым, сырдашым жалгыз сүрөт.

 

Сизге деген сезимдер бийик белес,

Сөз айткандын баарына үндөш эмес.

Сөздөр жалган болсо да экөөбуздө,

Сүйүү жалган болушу мумкун эмес.

 

Сүйөмүн да мен сизди кызганамын,

Сөзү эмес билем бул кыз баланын.

Мен эч кимге мынчалык башымды ийип,

Мен эч качан мынчалык сынбаганмын.

 

Кайдыгер да эмессиз сизди билем,

Кайсармын ов!.. А сизге жетеленем...

Сынып намыс турса да кайыл болуп,

Сизге гана ийилип кичирейем.

 

Бийик болуп турсам да башкаларга,

Билиңизчи сизге гана кичирейем

 

Мен ыр жазмайынча жашай албайм… Ыр жазуу мен үчүн жан дүйнө менен баарлашуу, сырдашуу. Мен жөнүндө билгиси келгендерге “Сырымды билгиңер келсе, ырларымды окугула”-дейт элем деп Лира Камчыбекова жооп берет. Ал эми обондуу ырлары тууралуу айтсак, чынында ар бир ыр ыргак менен, обон менен кошо жарыкка келээри маалым. Анын сынары, каарманыбыздын бир ырларына обондор жазылган. Алсак, Жусуп Масеитов "Кусалык", "Кетпе", "Бакыт кушу",

 

Азамат Жоробаев "Бактылуу болгум келет", Бакыт Капаров" Ак сүйүүмдү алып баратам" деген ырларына обон жаратып, эл алдына ырдалып чыккан. Учурда КР Эмгек синирген артисттери С.Бейшекев “Коштошуу”, "Күз", М.Осмонов "Чок"деген ырларына обон жаратып даярдап жатышканын акын менен интернет аркылуу байланышып, маалымат алып жатып билдик. Анда келиниздер музыкалык тыныгууга кезек берели. Лира Камчыбекованын сөзүн жазылган “Бактылуу болгум келет” ырын сунуштайбыз.

 

Акын ага!..

Агатай!

Ырың менен жарпымды жазып койчу,

Ыргагына термелип, жылынайын.

Кыялымда жолуңду тосуп чыгып, 

Кучагыңа бой таштап, жыгылайын.

 

Кусалыкты көңүлдөн кууп салып,

Күн чубактай ачылып, жазылайын.

Окуп улам кайталап көксөөм канып,

Ооруп турган жүрөктү дарылайын.

 

Бир сап ырга күн санап зар боломун,

Билсем да башкага анын арналганын.

Агатайым, акылым жетпей жүрөт,  

Айтчы, кантип сен мени арбап алдың?

 

Көтөрүп азабыңды жакшы адамым,

Кайгым менен жашоого такшаламын.

А сен көңүл көтөрүп ыр жазып тур,

Агартуудан жүрөктү чарчабагын...

 

Көөнүм төшөп окуймун, ырдап улам,

Көрөм дайым өзүңдү ырларыңдан.

Балкытып дене боюм жакшы ыр жазчы,

Бүгүн каттуу сагындым мурдагыдан!..

 

КОШТОШУУ...

Бааланбай калган өмүр барагында,

Буюккан каталар көп, кечирилген.

Мезгилдин бул, бир ирмем күү-шарында,

Тагдыр бар, бир дүрт этип  өчүрүлгөн.

 

Сабылтып, саптарга аны жазып өткөм,

Сагынып, самаганда көктөм кечин.

Мезгилдин бүктөмүнө сактап өткүн,

Мен жазган ушул ырлар өрттөлбөсүн...

 

Өрттөлбөсүн,  өчпөсүн, эскирбесин,

Өзөк өрттөп жатса да эски тагдыр.

Мен жөнүндө билип сен даалай ырдан,

Мен калам, балким  сенден укпай шыбыр...

 

Мен анда, махабатка  кайтып кетем,

Муштумдай, бир  эт  ичтен согуп-туйлап.

Мени кайра кучактап, ошол ирмем,

Бакыттын, келем бир күн ырын ырдап!..

 

Сабылып балким дагы, жазып өтөм,

Сагынып, самаганда көктөм кечин.

Мезгилден сага калган эскерткичтей,

Мен жазган ошол ырлар өрттөлбөсүн!..

 

Акындык өнөрдү жүрөгүндө сезими бар, жашоодо тазалыкты туу туткан, өз ааламы бар инсандар гана алып жүрүшөт. Поэзия-бул жашоо кумары, сезимдин туу чокусу- деп устат агайымдан укканым бар эле. Мына, ошондой аруулукту, бийиктикти уктуруубуздун каарманы акын Лира Камчыбекованын ар бир ыр сабынан кезиктирүүгө болоорун туюп турган чыгаарсыз урматтуу угарман.  Акындын өзгөчө  “Аядым” деген ырындагы

“Кыш күнүндө жалгыз калып үшүгөн,

Кечээ өзүмдү, бүгүн сени аядым…”- деген саптары эле не деген сүйүүнүн романтикасын, назиктикти билдирет. Анда акындын акыркы жазган ырларынан сиздердин назарыныздарга сунуштайбыз.

 

АК СҮЙҮҮМДҮ АЛЫП БАРАТАМ

Күндөрдүн оодарып барагын,

Күт эртең, буйруса, барамын.

Желбегей жамынып ийниме,

Желп эткен Алматы шамалын.

 

Жаңырып күн сайын жарасы,

Жүрөгүм күтүүдөн тажады.

Кетейин, сапарлаш бол мага,

Казактын чалкыган талаасы...

 

Жараткан, жолумду ача көр,

Жакуттай жашыл нур чача көр...

Куш сымал жарыкта жетейин,

Күн дагы шашылбай бата көр...

 

Кайылмын, же нөшөр төксүнчү,

Кайгыны сел алып, чөксүнчү...

Суусуна сүйүүнү тундуруп,

Санааны агызып кетсинчи...

 

Ыргытып, кусанын кийимин,

Ыр жыттуу көйнөгүм кийемин.

Асылым, сен курган өргөөгө, 

Апаппак жоолукчан киремин...

 

Ээ кылбай турса да бүт аалам,

Эми аны айланып өтө алам...

Тосуп ал, кымбатым, койнума

Толтура жылуулук алпарам!..

 

Тосуп ал, кымбатым өзүңө

Таптаза сүйүүмдү алпарам!..

 

Т Ү Ш

Көөнүмдү эзген сагынчты чыгарып,

Көңүлүмө мүрөк сээп суугарып.

Жаздын түнү сен жөнүндө түш көрдүм,

Жолуга албай жүргөнүмдө жукарып…

 

Ай жарыгы жуурулушуп түн менен,

А, сен жаным түндө күйгөн күн белең?..

Ай жылдызды, а сен мени кучактап,

Айланабыз турду оролуп гүл менен…

 

Сенин денең жаралгандай өрт менен,

Түшүмдө да жалыныңа өрттөнөм.

Кучагыңдын алоосуна чыдабай,

Күйсө мейли, күйүп кетсин бүт денем…

 

Өзүңө мен белек кылып күтпөгөн,

Өмүр бою ырлар жазам бүтпөгөн.

Карегиме сүртүп алып сүрөтүң,

Эртең дагы сен жөнүндө түш көрөм!..

 

Ардактуу замандаштар сиздер бүгүнкү “Жүрөк сыясы” программасында жаш акын, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү Лира Камчыбекованын ырларына ортоктош болдунуздар. Кийинки уктурууларда обо аркылуу жолугушканча эсендикте.

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

 

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031