Алланын ысымдары жана Алланын улуу ысмы
ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Алланын ысымдары жана Алланын улуу ысмы
Аудио угуу

 

Ал-Асмааул Хуснаа

«Исм» (ысым) сөзүнүн көптүк түрдө айтылуусу «асмаа» (ысымдар) болот. Бул сөзгө «хуснаа» (эң жакшы) сөзү кошулуп  Ал-Асмааул Хуснаа (Эң жакшы ысымдар) деп айтылат. Куранда «Ал-Алла! Андан башка Кудай жок. Эң жакшы ысымдар-Ага таандык» (Тоха,8) деген мааниде кабар берилет. Алланын ысымдары сөзүнүн ордуна «Асмааул Илаахия» деп да колдонулат. Алланын ысымдарынын көп болуусу, Анын затынын көп болушуна далалат кылбайт. Бардык ысымдар, жалгыз Аллага гана таандык болот. Буга далил катары, «Аны Алла, же Рахман деп кандай гана ысымдар менен атабагын, эң мыкты ысымдар Ага гана жарашат» (Исра, 110) деген маанинин билдирген аятты айтабыз. Жараткан Алла өзүнүн кереметтүү ысымдары аркылуу дуба кылып кайрылуубузду каалайт: «Алланын керемет ысымдары бар, Ага ошол ысымдар менен жалбаргыла.Алланын ысымдарын булгагандардан узак болгула. ...» (Аараф, 180). Кененирээк аудиодон уга аласыздар. 

 

Даярдаган Н.Арипов. 

<< August 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031