ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:40

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Султан Раев кыргыз поэзиясынын стандартын “бузду”

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Султан Раевдин “Антистандарт” аттуу ыр жыйнагы чыгып, окурмандардын колуна тийе баштады. С.Раев буга чейин жалаң проза жана драма менен алпурушуп келген. Мисалы, “Жанжаза”, “Топон” аттуу романдары, "Ханышанын көз жашы", “Меккеге карай жол” деп аталган драмалары менен окурмандардын көңүлүн алса, эми мынтип аталышы эле айтып тургандай кыргыз поэзиясынын стандартын бузган ырлары менен мыкты акын экендигин да көрсөтүүдө. Ырларында С.Раев адам жашоосу тууралуу өз көз карашы, дүйнө таанымын көрсөткөн. Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова ыр китебине баш сөз жазып, китепте жадатма стандартка, кадимки уйкаштарга окшобогон ырлар камтылганын белгилеген. Белгилуу акын жана журналист Зайирбек Ажиматов “Мен бул китепти окуп атам... Кечинде үйдөгүлөргө тынчтык бербей Султан Раевдин ырларын болгон эмоциямды чачыратып, көркөм окуп бердим. Адабиятты анчалык деле түшүнбөгөн балдарым "азыркы акындардын баары эле бирин-бири туурап жазып жаткандай, ал эми Раевдин ырлары алардыкына окшобойт экен,"- дешти. Ооба, чын эле башкача экен. Эксперменталдык поэзия деп койчу беле? Айтор, стандарттарга каршы. Жинди кылат кишини..."- деп агынан жарылган ойлорун ФБ баракчасында жазган. 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031