ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:34

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Жакшылык-жан дүйнөгө эгилген гүл

Өмүрдүн кырчын курагынан өтүп, карылыктын төрүнөн орун алган, турмушунда көптү көргөн карыя короодогу бакчада небереси менен отурган эле. Ал жерден бир аз обочороок жерде бири-бири менен арсылдашып үрүп жаткан эки иттен экөөнүн көздөрү негедир айрыла албай койду. Ал эми иттердин бирөөсү ак болсо, экинчиси кара түстө эле. Он эки жашар бала эс тарткандан бери бул жаныбарлар чоң атасынын короосунда бири-бири менен үрүшкөнү–үрүшкөн. Ал эми чоң атасы ар дайым буларды көз жаздымда калтырбай, көз кырын салып, аларга өзгөчө кам көрчү.

 

Оюнда эч кандай кири жок, жан дүйнөсү таза бала ойунда бакчаны коруш үчүн бир эле иттин жетишээрлик экендигин ойлоп чоң атасына эмнеликтен экинчи итти багып жүргөнүн, эмне үчүн булардын өңү ак жана кара экенин сурамакчы болот. Бул суроого жылмаюу менен баланын башынан сылап чоң атасы:

-Алар мен үчүн эки нерсени билдирет-дейт.

-Эмнени билдирет?

-Жакшылык менен жамандыкты билдирет.Дал ушул иттер сыяктуу жамандык менен жакшылык дайым ичибизде күрөшүшөт. Буларды көргөн сайын мен ушуларды ойлоном. Аларды эскерип туруш үчүн бул иттерди көзүмдөн алыстатпайм.- дейт.

Анда небереси:

-Күрөш болсо сөзсүз жеңген тарап болуш керек да, кимиси жеңүүчү болот?-деген суроосун узатат.

Аксакал терең маани катылган ой менен небересин карап:

-Кайсынысы дейсиңби, балам? Мен кайсынысына жакшы кам көрүп баксам, ошол күрөштүн жеңүүчүсу болот.-деп жооп берет.

 

Жашоодо ар дайым жакшылык менен жамандык эриш-аркак жүрөт эмеспи?! Адам канчалык өзүнүн ички дүйнөсүнө үңүлүп, ага жакшылыктын үрөөнүн сепсе, анын мөмөсү дагы ошончолук берекелүү болот.Ал эми жамандыктын үрөөнү жан дүйнөнү булгап соолуган булак, какыраган чөлгө айлантып салышы мүмкүн.Андыктан жакшылыктын жаралаар жери жан дүйнөгө жакшылыктын үрөөнүн себүү менен адамдык сапаттардын мыкты улгүсүнө эгедер болуу ар бирибиздин энчибиз болсо...

 

Insan.kg сайтынан алынды.



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031