ТҮЗ ЭФИР



19-октябрь, Бейшемби, 11:37

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

ЫР АРТЫНАН ЧЫР

Шоу дүйнөдөгү бүгүнкү буйүр кызыткан тема-кыргыздын белдүү ырчылары Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиеванын бир ыр боюнча талаш тартышы, чыры болууда. "Сахна" деген ыр Айчүрөк Иманалиева тарабынан ырдалып чыкканда талаш-тартыш чатагы башталган. Себеби, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова ырдын сөзүн да, обонун да өзү жаздырганын, аны Айчүрөк Иманалиева уруксатсыз ырдап жатканын айтат. Г.Сатылганованын бул айтканын "Сахна" ырынын обонун жазган Рамис Алиев да бышыктайт: "Чыгарма бир гана Гүлнур Сатылганова үчүн жазылган". Ал эми ырдын сөзүнүн автору Дүйшөн Чомо уулу да ырдын текстин жазып, Гүлнур экөө обончу Рамис Алиевге алып барып беришкенин, анан чогуу иштешкенин айтат:    

- Анан эле ыр бүтөөрдөн бир күн мурун Иманалиева ырдаган вариантты уктум. Айчүрөк эки куплетин гана ырдап, калганын таштап коюптур. 

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева отуз жылдан ашык убакытта топтолгон кадыр-баркын бир ыр үчүн жок кылып алгысы келбегенин, бул ыр үчүн анчалык жулкунбаганын, ал ырдаган вариант көнүгүү учурунда жазылганын айтат.” Эгер бул ыр жакса Гүлнур ырдай берсин, мен аталган ырдан баш тартам”,-деп билдирди “Супер инфо” басылмасына.

Кыргызпатент мамлекеттик ишканасынын автордук укук боюнча кызматкери Гулжамал Усупакунова ар бир чыгарманы автордун уруксаты жок пайдаланганга болбойт деген мыйзам бар. Буга музыканын автору, текстин автору тыкыр мамиле кылыш керек. Алардын уруксаты болмоюнча ошол чыгарманы эч ким аткарганга, көчүрүп алганга болбойт. Эгер ошол чыгарманы башка бирөөлөр автордун укугу жок пайдаланса, анда автордук укугу бузулган жаран сотко кайрылганга укугу бар экендигин белгилейт. Талаш тартыш жаралбашы үчүн ар бир ырчы ырдын текстинин жана музыкасынын авторлору менен келишим түзүп, юридикалык жактан тастыктап коюшу абзелдигин кошумчалайт.

  



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031