ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:28

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Суу астындагы 240 кабаттуу үй

Суу астында 240 кабаттуу үй курулат

Төбөсү “көк булутту көзөп өткөн” Нью-Йорктогудай бийик үйлөр суу астында да пайда болчу мезгил жакындоодо. Болочоктогу экоайылдын жаңы планын атактуу белгиялык архитектор Винсент Каллебот жарыя кылды. Ал бардыгы 250 кабат болот.

Океан түбүндө да ушундай учу көккө жеткен үйлөр курулат.

Бир конушка жайгашкан үйлөрдүн жалпы формасы медузага окшош келип, кайра иштетилген айнек өңдүү пластмассадан жасалат.

Андай пластмасса идиштердин таштандылары азыр дүйнөлүк океандарда арал-арал болуп калкып жүрөт. Бразилиянын Рио- де-Женейра шаарынын жээгине жакын курулат деп долбоорлонгон экоайыл 10 миң адамга эсептелген. Жалпы бийиктиги 1000 метрге чейин жетет. Анын 1 чарчы метри 1950 евродон турат. Экоайылда турак үйлөрдөн башка дагы илимий лабораториялар, офистер, мейманканалар, спорттук аянтчалар жана дыйканчылык чарбасы болот. Чарбада суу жандыктары багылып, кыртышы жок өскөн өсүмдүктөр өстүрүлөт. Деңиз суусунун тузу тамак-аш үчүн бөлүнүп алынып, өзү ичкенге пайдаланылат. Балыр сымал көк жашыл микроскопиялык өсүмдүктөр да азык-түлүк үчүн иштетилет, үйлөргө жарык жылдыз курт сыяктуу деңиз курт-кумурскаларынан жана күндүн энергиясынан алынат.

Дүйнөнү бийик имараттары менен таң калтырып жаткан Дубайда да суу астында 21 бөлмөлүү мейманкана курулууда.

 

Майрыйса өзү түзөлгөн жаңы полимер 

Катуу жана жумшак материалдардын аралашмасынан жасалган гибрид полимерди майыштырып койсоңуз, өзү түздөлүп, мурдагы калыбына келет. Мындай полимерди Чикагодогу Түндүк Батыш университетинин профессору Самуэль Стапп) баштаган окумуштуулар жасашты.

"Полимер дарыларды адамдын ичиндеги каалаган жерге жеткирип берүүнү мүмкүн кылат. Ал каалаган клетканы коргоочу өзү өсө турган калканч жасоо үчүн колдонулат. Же андан электр кубатынын, жарыктын, жылуулуктун таасири астында формасын кичирейтүүчү жасалма булчуңдар жасалат.

 

Шыпта жүрчү робот-көлүк да жасалат

Төрт дөңгөлөктүү көлүктү швейцариялык инженер Пол Бирдсли жасаган. Туңгуч моделдин узундугу 60 сантиметр. Көлүктүн желкесине орнотулган 2 пропеллер батперек аны дубалга жабыштырып турат. Ал эми көлүктүн алдыңкы огуна орнотулган ротору аны дубалдын бетинде өйдө көздөй тартса, арткы ротору токтотпой алдыга түртөт. Азырынча батареясы 10 мүнөткө жетет. Салмагы 2 килограммдык робот-көлүк, албетте, дубал бетинде жердегидей шуулдап жүрө албайт. Бирок техниканын ылдам өнүгүп жатканын эске алсак, робот-көлүктү “Мерседес” сыяктуу минип алып, дубалдын бетине жорголоп чыгып кетчү мезгил алыс эмес.

 

Адамдын геномун тез оңдой турган жол табылды

Кытайлык окумуштуулар тобу жыл башында адамдын эмбрионунун ДНКсын (гендик инженердик ыкма) усулунун жардамы менен өзгөртүү мүмкүндүгүн жарыялады.

 

Адамдын ДНКсындагы чынжырдын зарыл ырааттуулугун РНК аркылуу атайын ферменттин жардамы менен оңдоп-түзөө бир катар оор илдеттерди: рактан тарта дарылоого жатпаган вирустук ооруларды, ошондой эле генетикалык түзүлүшкө доо кеткен Даун синдрому деп аталган дартты аныктоодо жана дарылоодо революциялык секирик болот деп убада беришүүдө.

 

Адамды ээрчиген WI-FI пайда болду

Лондондук окумуштуулар wi-fi интернет толкундарынын адамды ээрчий турган түрүн иштеп чыгышты.

Зымсыз интернетти кабыл ала турган смартфон же башка гаджети бар адамдын ордунан жылганына жараша, атайын аппарат аркылуу wi-fi толкундарынын изи менен адамдын турган жерин аныктап алса болот.

Бул жаңы технология дубалдын ары жагында турган смартфону бар адамды wi-fi толкундарын анализдөө менен билип алганга жөндөмдүү.

Маалыматтарга ылайык, бул технологияны АКШнын атайын кызматтары колдонуп көрүүнү көздөөдө. Анткени, адамды ээрчиген wi-fi толкундары террорист же кылмышкердин кыймылын ээрчип, турган жерин аныктап бере алат.

 

Пайдалуу кенеш 

Тиричилик буюмдары канткенде узак жашайт?

 

МИКРОТОЛКУНДУУ МЕШ

Мешти тамактын калдыктарынан жана майлардан тазалап жатканда вентиляция жайгашкан бөлүгүнө суунун кирип кетишинен абайлаңыз.

Ар дайым тамактын калдыктарын калтырбай тазалап туруңуз.

Мешти тазалоодо курч, катуу материалдарды жана күчтүү химиялык жегич каражаттарын колдонбоңуз.

Эгер мештин ичинде тамактын калдыгы катып, кетпей жатса, идишке лимондун ширесин куюп, 10 мүнөт максималдуу ысыктыкка коюп ысытыңыз. Андан кийин сүртүп тазаласаңыз бат кетет.

 

ЭЛЕКТР ЧАЙНЕГИ

Сууну мерчеминен ашык куйбаңыз. Кайнаганда ташып, ысытуучу бөлүгүнө кирип кетет да, ал бөлүктү иштен чыгарат.

Капкагын бекем жабуу керек. Эгер чала жабылып калса, өзү автоматтык түрдө өчүп калбастан иштей берет.

 

Эскертүү! Электр жарыгы өчкөндө электр тогу менен иштеген буюмдарды токко сайгычтан ажыратып салыңыз. Себеби жарык берилгенде буюмдар күйүп кетиши мүмкүн.

 

 

Даярдаган Азамат Баитов. 

 

 

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031