ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:28

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Келгиле “чек арасыз” ынтымакта жашайбыз

«Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» - деген кыргызда жакшы сөз бар. Албетте, кошунаң жакшы болсо, кошунаң тынч болсо, сенин жашоон да тынч, көңүлдөгүдөй уланат. Бүгүнкү күндө чек арасы такталбаган өлкөлөр менен келишпестик, улам-улам чырдын чыгышы бир эле биздин эмес, коңшу өлкөлөрдүн да көнүлүнө кок таштай тийген учуру. Эмне үчүн бир чечимге келе албайбыз? Коңшу өлкө болуп туруп, эмне үчүн бири-бирибизге көйгөй жаратабыз?-деген суроолорго көпкө дейре жооп издедик. Жөнөкөй эл бири-бири менен куда-сөөк болуп, бирине кыз берип, биринен кыз алып, “чек арасыз” эле жашап келет. Мына ошол жакшылык тойго баратканда да чек арадан өтүү кыйынчылыкка турат. Аттин ай, алаканы жакшыртып, бири-бирибизди жадырап тосчу убакыттарды көпкө күттүк. Биз жогоруда сөз кылган көйгөй кыргыз-өзбек мамилеси жөнүндө болуп жатат. Мындан бир канча күн мурун Кыргызстандын биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев жетектеген делегация Өзбекстандын Анжиян шаарына болгон сапарынын жыйынтыгы менен эки өлкөнүн үч облусу ортосунда өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду. Кыргызстандык делегация Өзбекстанга расмий Ташкендин чакыруусу менен барган. Анын жүрүшүндө Өзбекстандын Анжиян аймагындагы маданий, стратегиялык жана экономикалык объекттерди кыдырып, кыргыз-өзбек кызматташтыгын жакшыртуу боюнча иш-чараларга катышты. 130 адамдан турган делегациянын курамына Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өкүлдөрү жана маданий ишмерлер, артисттер, спортчулар кирди. Бизден барган ырчылар өзбекстандык ырчылар менен бир сахнада ырдашып, эки элдин улуулугун даңазалап, обон созушту. Сапар учурунда чек ара маселеси да козголуп, бул багыттагы кызматташтыкты оңдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул акыркы 10 жылдан бери Өзбекстанга болгон алгачкы достук сапар болуп калды. Мындан кийин ушундай достук сапарыбыз эч качан бүтпөсүн! Келгиле, коңшу өлкөлөр “чек арасыз” ынтымакта жашайбыз!

 

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031