16-август, Шаршемби, 23:28

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Ак алтын чындыгында алтынбы?
Аудио угуу

( Аудиосу менен ) 

“Ак эмгек майды чайнатат...” дегендей бизнес аркылуу акча табуунун ар түрдүү жолу бар. “Алма, быш, оозума түш” деп отура берсең, базар экономикасынын агымынан четке сүрүлүп калаарың бышык. Бүгүн сиздерге көп жылдан бери пахта өстүрүп, терип, адал эмгек менен үй-бүлөсүн багып келаткан теримчи Айнура эжебиз менен жакындан баарлашып, анын жасап аткан эмгектерин билүү үчүн Ош облусуна караштуу Кара Суу районунун Кашкар кыштак айылына бардык. Кесиптешим Азамат Баитов экөөбүз ал жердеги дыйкандар менен маектешип, өз колубуз менен пахта терип, анын түйшүгүн жон терибиз менен сезип келүүнү макул көрдүк.

Теримчи эже

Өз мезгилинде пахта биздин сыймыгыбыз,калкыбыздын жан кечирген эн негизги булагы катары саналып келсе, ал эми азыркы күндө пахта талаалары азайып баратат. Буга эмне себеп болууда? Ушул сурообузга Кара – Суу районунун агрардык башкармалыгынын башчысы Мамедов Кубанычбек ага жооп берди.

К. Мамедов

Пахта тазалоочу завод

Эмгекчилерибиз бешене тер менен мына ушундай түйшүктүү жумушту аркалап, ак алтынды сактап калууга аз да болсо, салымын кошуп келүүдө. Демек, пахта буласы эң баалуу болуп эсептелинет. Андан өндүрүлгөн продукталар таза кебез, мата, пахта майы, мал – жандыктарына жем, тоют, биз колдонуп жүргөн самын алынат. Пахта – бул калдыксыз өсүмдүк. Себеби, анын сөңгөгү же гозопаясы да таштандыга кетпестен, отун катары пайдаланылып, апаларыбыз бизге даамдуу тамактарды, тандырга ысык нандарды бышырып берет.

“Жалкоонун жаны таттуу – ак эмгектин наны таттуу” демекчи биздин теримчилер да күнүнө кеминде 100кг пахта терип, беш жүз сомдун тегерегинде акча табат. Эми – бул акчаны отуз күнгө көбөйтсөк он беш миң сом келип чыгат. Бул деген бир жумушчунун орто эсеп менен бир айлык акысы. Мына ушинтип бир адам жумуш менен камсыз болуп, өз өлкөсүндө эле жан бага алат. Ал эми биз барган пахта заводунда 200гө жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Бул бир эле заводду алганда. Демек, жыйынтыктоочу сөзүбүз башка жактан жумуш издебей, ээн талааларга бай болгон кыргыз жерибизде эле пахта аянттарын көбөйтсөк, көптөгөн жумуш орундар пайда болот жана таза, табийгый продуктылар алынат.

 

Адал эмгек кылыныз. Эл эмгектен эскерсин.

 

 



Уктуруулар

  • 16-АВГУСТ

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 20:00-20:30

    ЭлТР түз эфир Күн маек

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Август 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031