ТҮЗ ЭФИР



19-октябрь, Бейшемби, 11:35

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кылмышкерди жактаган жактоочуга жабырлануучулар нааразы

Бүгүн, Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин карады. Сотко жабырлануучу тарап да, соттолуучу жак да толугу менен катышкан. Сот процессинин жүрүшүндө 2010-жылы июнь окуясында каза болгон Мыктыбек Сулаймановдун жакындары кылмышкер Азимжан Аскаровду коргоп жаткан адвокатка нааразылык билдирди. Натыйжада Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду үй камагына чыгарбастан, ишти тергөөгө жиберди. Жактоочулар Валерьян Вахитов жана Нурбек Токтакуновдун укук коргоочу Аскаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.

Эске салсак, Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.

 

 

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031