ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

"Чай үстүндө" программасы

 

Жашырынып олтуруп май жегенден, кенен олтуруп чай ичкен ырахат!

Иш күндөрү саат 12:00дө сиздерди чайлашып баарлашууга чакырган “Чай үстүндө” уктуруусу.

Белгилүү жана таланттуулар менен маек курабыз.

Дүйнө жүзү боюнча ар бир үй-бүлөдө күнүмдүк жашоо ысык кара чай, көк чай менен башталат. Анткени адамзат башынан эле чайга көнүп калган. Окумуштулар белгилегендей ар бир адам күнүнө 2 литр суусундук ичип туруш керек. Анын ичинде албетте чай бар.

Чай тууралуу

- 2006-жылы Японияда чай салтанаты “Гиннестин рекорддор Китебине” катталган. Ага 14718 адам катышып, чай ичүүнү каалагандардан 1,5 чакырымга жеткен кезек пайда болгон.

- Чайды кичинекей баштыктарга салып сатууну 1904-жылы америкалык соодагер Йорк Томас Салливан ойлоп тапкан. Көпчүлүктүн пикиринде, чайды пакетке салып даярдоо анын даамынын бузулушуна жеткирет.

- Эң кымбат чай «Дахунпао» ( кытайчадан “кызыл халат” дегенди билдирет. Жазында гүлдөгөндө ушундай элес калтырганы үчүн аталып калган ).Кытайдын Уишань тоолорунда өсүүчү бул дарактын жашы 300 жылдан ашык. Андан жылына 500 грамм эле чай алынат.

- Учурда дүйнөдө чай өндүрүү боюнча алдыңкы орунда Кытай, кийинки орундарда Индия жана Шри-Ланка турат.

- Түрмөлөрдө чайдын күчтүү демделген “чифир” деген түрү белгилүү. Мындай сөздүн келип чыгышынын эки варианты бар.

Айрымдар “Чихирь” деген кавказдык шараптан улам ушинтип аталып калган” дешсе, айрымдар “буга Чыгыш Сибирде чай өскөн Чагир аймагынын аты себепчи” деп айтышат.

<< February 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728