ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:49

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Депрессияны жеңүү өмүрдү узартат

Депрессияны «кылымдын дарты» деп атап коюшат. Учурда чоӊ-кичине дебей бул сөздү колдонбогон адам жок калды окшойт. Узак депрессиянын алдын албаса адам өмүрүнө кооптуу. Кызыгы, окумуштуулар бул дарттын да оӊ таасирлери бар экенин айтып чыгышты.

Эмнеден улам...

Депрессия – жан дүйнөнүн дартка чалдыгышы. Аны денеге кандайдыр бир вирус кирип алгандай элестетсе болот. Айрымдар табиятынан пессимист келип, болбогон нерселерден улам стресс боло берсе, кээ бирлерде ар түрдүү факторлордон (ажырашуу, жумуштан ажыроо, иши жүрүшпөө, жакын адамын жоготуу жана башка) улам депрессия келип чыгат.

Кантип чыгуу керек?

Психологдордун айтымында, сезондук депрессиядан чыгуу оӊой, ал эми узакка созулган депрессия адамдын денсоолугуна гана зыян кылбай, айрым учурда өмүр менен кош айтышууга алып келет. Андыктан депрессиядан чыгууга аракет кылыӊыз.

1-эреже. Башыӊыздан оор кырдаал өттү. Болор иш болду. Бирок окуяга эч ким күнөөлүү эмес, бирөөлөрдү же өзүӊүздү жектеп, жегенди токтотуӊуз!

2-эреже. Өзүӊүздү ошол сизди кыйнаган абалга алып барып, эмоция менен баарын эстеӊиз, кыйкыргыӊыз келсе кыйкырып, ыйлагыӊыз келсе ыйлап алыӊыз да, ошол абалды жүрөктөн чыгарып салсаӊыз жеӊилдеп каласыз.

3-эреже. Өзүӊүздү бир нерсе менен алаксытканыӊыз оӊ, хоббиӊиз менен алек болуӊуз. Сизди сындаган, абалыӊызды түшүнбөгөн адамдардан алыс болуӊуз.

4-эреже. Денеӊизге физикалык жүк көбүрөөк үйүӊүз, бир нерсе менен алек болгондо сизди кыйнаган ойлор аз болсо да алыстап, кечинде уйкуӊуз тынч болот.

5-эреже. Мончого баруу керек, анткени денедеги жаман энергиядан арыла түшөсүз. Чач кестирип, массаж алыӊыз, дүкөн аралап өз стилиӊизди издегенге аракет кылыӊыз, жашооӊуздун жаӊы барагын ачыӊыз. Бул өз баалуулуктарыӊызды калыпка келтирип, жашооӊузду жаӊы тепкичке көтөргөнгө жардам берет.

Депрессиянын оң жактары:

Нидерландылык психологдор депрессиянын да оӊ жактары бар экенин айтышат.

Бул дартты жеӊип чыкса, кийин ал адам мурункуга караганда алда канча күчтүү болуп калат. Ар кандай абалга, жашоонун күнгөй-тескейине оӊой менен сынбайт жана башка адамдардын кемчиликтерине кечиримдүүлүк менен карашат.

Депрессиядагы адам көп учурда тамактан баш тартат. Мындай учурда ички органдар жакшы иштеп, бир сыйра тазаланып калат.

Бул абалда адамдар майда-барат нерсеге көӊүл бурбай калгандыктан мээнин алдыӊкы бөлүгү жакшы иштеп, аналитикалык ой жүгүртүү системи жакшырат. Вирджиния университетинин окумуштуулары эксперимент жүргүзүшкөндө, депрессиядагы студенттер экзаменге даярдыксыз кирсе да, мыкты жооп берип чыгып кетишкен. Демек, мээнин иштеши жакшырат.

Көп учурда бул дартты жеӊип чыккандардын ден соолугу жакшырып, көпкө жашаарын окумуштуулар айтып чыгышкан.

Стресс – иммундук системди күчтүү кылат.

 

Insan.kg сайтынан алынды. 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031