ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кыргызстандык паралимпиадачылар сыйланды

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев Риодогу паралимпиадага катышкан спортчуларды сыйлады. Балбандар Эсен Калиев жана Жыргалбек Оросбаевге ордо калаанын герби менен күмүш төш белгилери тапшырылса, алардын машыктыруучусу Аднан Жабраиловго “Патриот” белгиси ыйгарылды. Белгилей кетсек, Эсен Калиев быйыл февралда Дубайда өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда чемпион болсо, Жыргалбек Оросбаев коло байге багындырган. Ал эми Рио Паралимпиадасында Калиев 5-чи, Орозбаев 6-орунга татыктуу болушкан. Эске салсак, мамлекет биринчи орундан сегизинчи орунга чейин багындырган спортчуларга 7 миллион сомдон 700 миң сомго чейин акчалай сыйлык убадалаган.

<< July 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031