ТҮЗ ЭФИР



13-декабрь, Шаршемби, 01:52

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

"ЭлFM" радиосунун жетекчиси Таштемир Жалиев

 

Жалиев Таштемир Райымжанович.

1963-жылдын 6-августунда Кара-Суу районундагы Жоош айылдык аймагындагы Агартуу айылында туулган. 6-классынан тартып гезит-журналдарга макала, кабар, ырларды жазган. Эң алгачкы макаласы ал кездеги республикалык «Кыргызстан пионери» гезитине «Эне ыйык, эне кымбат баарынан» деген ыры менен кошо чакан макаласы чыккан. Ал эне жөнүндөгү талкуу эле. Ошентип, райондук «Эмгек майданы», Ош облустук «Ленин жолу», кийин республикалык «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттерине кабар-макалалары байма бай жарык көрүп турган.

 

Чыгармачылыгы мектептен эле байкалып калган Т. Жалиевди мектепти бүтөөрү менен «Эмгек майданы» гезитине корректор, кабарчылыкка иштөөгө чакырышкан. Ошентип алгачкы эмгек жолун баштаган күн 1980-жылдын 27-ноябры.

   

Т. Жалиев 1989ж. – Ош мамлекеттик педагогикалык институту (азыркы Ош мамлекеттик университети) кыргыз тили жана филология факультетин бүтүргөн.

1980-1992ж. – Кара-Суу райондук “Эмгек майданы” гезити – печатник, корректор, кабарчы, бөлүм башчы;

1981-1983ж. – Советтик Армиянын катарында;

01.08.1993ж. - Кара-Суу району “Агартуу” орто мектеби - мугалим;

1993- 2005ж. - Ош студиясы, “Ош-3000” МТРКсы – кабарчы, редактор, ага редактор, продюссер, башкы директордун орун басары;

10.12.2005-04.2009ж. – КРнын Президентинин буйругу менен “ЭлТР” КТРКсы – башкы директордун орун басары;

04.2009-02.2010жж. – «ЭлТР» КТРКсынын радиотармагы – жетекчиси;

16.04.2010ж. - Ош облустук телерадио компаниясынын башкы директору.

Май-2010ж. -Ош облусунун губернаторунун басма сөз катчысы.

2012-ж. апрель. «ЭлТР» КТРКсынын «ЭлFМ» радиосунун маалымат кызматынын жооптуу редактору.

2013-жылдын 28-октябрынан тартып «ЭлТР» МТРКсынын «ЭлFМ» радиосунун директору.

Үй бүлөлүү.

Жубайы Жамал Жалиева медсестра. 1 уул, 3 кыздын атасы. 6 небереси бар.

 

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Декабрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31