ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Туркия жана Орусия мамилеси дагы жакшырат

Орус өлкө башчысы Владимир Путин 10-октябрда Түркияга барат. Анда президент Түркия башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусу каралган. Андан тышкары, Дүйнөлүк Энергия конгрессине катышат. Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн башчылары акыркы ирет 3-сентябрда, Кытайда Чоң жыйырманын саммити учурунда кездешкен. Анда Орусия менен Түркиянын коргоо мекемелеринин Сирия боюнча тыгыз аскерий кызматташтыгы каралган. Эске салсак, былтыр ноябрда Орусиянын учагы Сирия-Түркия чек арасында атып түшүрүлгөндөн кийин Москва менен Анкаранын расмий мамилеси үзүлгөн. Кайрадан Түркия президенти Орусиядан кечирим сурагандан кийин мамиле оңолгон.

<< February 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728