ТҮЗ ЭФИР



19-октябрь, Бейшемби, 11:45

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кош майрам...

Ош шаары – байыркы шаарлардын бири. Ал кылымдар бою өз кооздугун жоготпогон, көп улуттуу, оргуштап аккан Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан аймак.  Ош дегенде Сулайман-Тоо, мажүрүм тал эске түшөт. Шаардын күндөн-күнгө өнүгүп келатканын байкоого болот. Алсак, канчалаган асман тиреген имараттар,  курулуштар, бактар  көз жоосун алат. Шаардын экинчи борбор макамын алганы да жөн жеринен эместир. Абасы -  таза, суусу – мол, жери - көркөм.  Эли меймандос, эмгекчил келет.  Жылдын кайсы гана мезгили болбосун келген конокторду өзүнүн өзгөчөлүгү, жарыктыгы, жылуулугу менен арбап алат.

Шаардын өзү сыяктуу эле тарыхы да кенен. Ош боюнча нечендеген изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын байыркылыгы далилденген. Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган Улуу Жибек жолундагы маанилүү аймакка айланган. Улуу дастан“Манаста” да шаары эскерилет. Манас атабыз калаа аркылуу бара жатып, аймактын кооздугуна тамшанып кеткен делет.  Сулайман пайгамбар сыйынган жер деген божомолдор да айтылат.

 

Ош шаарына бир келип кеткен адамга  кайра келишине он себеп бар:

1.      Сулуулугу,

2.      Жылуулугу,

3.      Берекеси,

4.      Тоосу жана суусу,

5.      Калкы жана тарыхы,

6.      Эстеликтер, мечиттер,

7.      Окуу жайлар, музейлер,

8.      Түркүн түрдүү жемиштер,

9.       Салты менен каадасы,

     10.      Ашы менен самсысы.

Кырчын жаштыктын доорун сүрүп жаткан шаарлар Баткен же Нарын болсо, Ош шаары бактылуу карылыкты башынан өткөрүп жаткан, даанышман аксакалдын элесин туудурат.  Анткен себеби карыянын калпагы – Сулайман-Тоо, жайкалган сакалы – Ак-Буура. Өз жашоочуларын балдарындай көргөндүктөн  кеп-кеңешин айтып, турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, дайыма мээримин чачып тургансыйт. Бул кадырлуу аксакал жаныбызда болгондо бизди эч бир жамандык, кырсык албайт деп ишеним артабыз. Анын мындан ары да узак жашап, сыйлуу, ардактуу болуп жүрө беришине тилектешпиз.

Бүгүн мына ушул майрамга сапарлаш, жандаш болгон дагы бир майрам. Өлкөдө “Мугалимдер күнү”. Адамзаттын жашоосун баштоочулар, аны түркүн жолго багыттоочулар-булар мугалимдер эмеспи. Мугалим бар - биз “А” деген арифти билип, билим алууну үйрөнөбүз. Мугалим - тарыхты өзгөртө алган инсан. Анын эмгеги баа жеткис, сөз кылсак айтып бүткүс зор күчкө ээ. Коомубузда мына ушул инсан аркылуу өз ордубузду таап, кадыр-баркыбызды көтөрүп, жашообузда жашаганды үйрөнөбүз. Дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучу да, элди таң калтырган окумуштуу да, өз сөзү менен көптүн оозуна алынган акылманда, элди башкарган саясатчы да ушул мугалимдин колунан билим алат. Андыктан ардактуу кесиптин ээлери майрамыныздар менен! Ар дайым жакшылыктын үстүндө жүрө бериңиздер! 

Кесиптин кыскача тарыхы.

Байыркы убакта, качан эмгектин түрү бөлүштүрүлбөгөн кезде, мугалимдин ордун улуу адамдар ээлечү, уруунун же коомдун тажрыйбалуу өкүлдөрү десек туура болот. Адам баласы эмгекти бөлүштүрүүнү үйрөнгөн соң, мугалимдин ордун кандайдыр бир кол өнөрчүлүктүн, бул же тигил билимди изилдеген адамдар болгон. 18-19 кылымдарда гана мугалимдик кесип официалдуу түрдө Европада жана дүйнө жүзүндө массалык көрүнүшкө ээ болгон.

 

 

 

 

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031