ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:29

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Алмазбек Атамбаев мугалимдерди куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаевдин билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо: «Урматтуу мугалимдер, билим берүү кызматкерлери, Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн ар бирибиздин да майрамыбыз болуп саналат. Анткени, баарыбыз Мугалимдин кол астында билим дүйнөсүнө сапар алганбыз. Мугалим - түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип. Анткени, коомубуздун дээрлик жарымын түзгөн балдар менен жаштар күн сайын мугалимдин таалим-тарбиясын алышат. Жөндөмсүз бир да бала болбойт, алардын ичинде катылып жаткан касиеттерин, талантын, жөндөм-шыгын ачуу аркылуу сиздер коомубуздун өнүгүшүнө зор салым кошо аласыздар. Ата-эне сыяктуу эле мугалим ар бир баланы гений кылып чыгара алат. Улуу милдет сиздерге жүктөлгөн. Мугалимдин аракетине, изденүүсүнө жараша Кыргызстандын чыныгы жарандары өсүп чыгат. Бүгүн өлкөбүздүн билим берүү системасында 100 миӊден ашуун кызматкер иштейт, алар: бала бакчалардын тарбиячылары, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери, жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын жана лицейлердин профессордук-окутуучулар курамы. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен ар бир бешинчи сом билим берүү системасына жумшалат, бул дүйнөдөгү алдыңкы көрсөткүчтөрдөн.

Кымбаттуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери! Сиздердин ишиӊиздердин үзүрүн балдарыбыз, жалпы өлкөбүз көрө берсин! Баарыӊыздарга чыӊ ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык тилейм!

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев.



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031