ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Айжан Мамасадыкова: “Поэзия - жан дүйнөбүздү байытат”.
Аудио угуу

 

Түн жамынып, асманда ай жаркырап нур төгөт. Мындай учурда айрым жүрөктөр тынч тура албай ак кагазга сыя төгө баштайт. Жүрөктөгү сезимдер кагазга тизмектелет. Албетте, бул акындын жашоосу. Саламатсыздарбы урматтуу радио угармандар?! Сиздер менен “ЭлFМ” радиосунда “Жүрөк сыясы” көркөм-адабий уктуруусу.

Бүгүнкү чыгарылышыбызда акын Айжан Мамасадыкованын калемине тааандык ырларды сиздерге сунуштайбыз.

 

СҮЙҮНЧҮ!

Барга бардай, жокко жоктой дүнүйө,

Мына ошентип өмүр өтөт күнүгө.

Барга, жокко кайыл болуп жүргөндө,

Жаратканым жолуктурду сүйүүгө.

 

Сүйүү келди, сүйүнчү, жүрөгүмө!

Сүйүү конду жүрөктө түнөгүмө!

Сүйүү толду карекке, көздөрүмө,

Сүйүү келди өзүмө, бир өзүмө!

 

Кош келипсиң, ак сүйүүм төрүмө өт,

Жүрөгүмдүн мен эңсеген жерине өт.

Көңүлүмдү сергитип алайынчы,

Шоола болуп сезимге төгүлө өт.

 

Бар бол сүйүүм, ар дайым бар болгунуң!

Башыңдагы түшпөсүн ак жоолугуң!

Ыраазымын сени берген тагдырыма,

Санааларды дилди эзген жоготтурдуң.

 

КӨЗДӨРҮҢ

Көздөрүң күйөт от болуп,

Көргөндө жүрөк чок болуп.

Балкылдап эрип кетемин,

Бар болуп, анан жок болуп.

 

Көздөрүң мөлтүр карагат,

Көөдөнгө сүйүү жаратат.

Күн өткөн сайын өзүңө,

Кумарым артып баратат.

 

Көзүңдөн сенин айланам,

Көпөлөк болуп байланам.

Көрсөм деп көксөп кайра эле,

Көчөңдө сенин жай барам.

 

Көзүңдөн сенин садагам,

Көз мончок тагып коеюн,

Тилегим менин ишке ашып,

Түбөлүк жарың болоюн.

Ар бир акындын өзүнүн стили, ырларынын мааниси, жазуу ыкмасы жадакалса берейин деген ою ар башкача эмеспи. Анын сыңары Айжан эжекенин ырларын окусаңыз басымдуу кыргыз мигранттарынын тагдыры көзгө тартылат. Бул да жөн жеринен эмес. Анда сөз башынан болсун. Белгилеп айтып өтөлү, бул маалыматтар Кыргыз маданият борборунун баракчасынан алынды.

Айжан Мамасадыкова 1969-жылы 25-мартта Сузак районуна караштуу Кызыл-Сенгир айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүрүп, 1994-жылы Ош Мамлекеттик университетинин славян-герман филология факультетинин орус тили жана адабияты адистигин аяктаган. Эмгек жолун Ош шаарындагы Ю.А. Гагарин атындагы гимназиясынан баштаган. Акыркы жылдары Москва шаарында эмгектенип келет. Замандын өңү-түсүн, шамалдын кыялын, желдин бийин, элдин ыйын, булуттун муңун акындан артык билген жан болбос. Андыктан, Айжан Мамасадыкова да бул жылдар аралыгында бир топ оош-кыйыш тагдырларга күбө болуп, башкалар сыяктуу эле ал жактагы кыргыз мигранттардын жашоосун жакындан билет.

 

МОСКВАЧЫЛЫК

Эх, Москва, москвачылык,

Кыргызыма көптү көргөздүң,

Бири кетсе акчага тунуп,

Кээ бирине ачык көр каздың.

 

Кыйын күндөр өтүп башынан,

Тыйын санап жашаганы бар.

Кээ биринин айтып багына,

Күндө эт-май ашаганы бар.

 

Бирде ооруп, бирде сакайып,

Бирде албай, бирде сака алып.

Көбү тапса жашоо сызыгын,

Көптөрүндө кеткен каталык.

 

Көчө таптап жүргөндөрү бар,

Байкуштарга күлгөндөрү бар.

Күнчүлүгүм болсо болду деп,

Күлүк тандап мингендери бар.

 

Баягы эле акча айынан,

Бир туугандар калган сүйлөшпөй,

Бири жүрсө сайран үстүндө,

Бири жүрөт санап күн өтпөй.

 

Менттерине калсаң кармалып,

Бошоп чыгат андан «карманың»,

Аз келгенсип «депорт» кылышат,

Кимге айтасың анан арманың.

 

Жегендери болуп каткан нан,

Иш таба албай айлап жаткан бар.

Андан-мындан алып акыры,

Карызына белден баткан бар.

 

Кара курсак тойбой кээ күнү,

Калгандар бар ачка кумсарып.

«Иши жүрүп, ити чөп жеген»

Ар ай сайын үйгө пул салат.

 

Ата — энеге салып тапканын,

Акча менен аларды баштап.

Акчаларды эмне кылдың деп,

Эсеп алып сурашат какшап.

 

Жакшысынан жаманы арбын,

Эси-дарты бүтүн акчада.

Бакытты да акча деп билет,

Бура албайсың оюн башкага.

 

Пайда гана көрүп бул жерден,

Пейли кушу бүтүн өзгөргөн.

Адамдар бар байлыгына мас,

Адамгерчиликсиз безерген.

 

Көрдүңүзбү, москвачылык,

Көп нерсени койду курутуп.

Кандай улуу элден экенин,

Калбаса экен кыргыз унутуп…

 

АК БУЛУТТАР

Ак булуттар, апапакай булуттар,

Сезимдерден айдап ойду буюккан.

Сересине чыгарып ак сүйүүнүн,

Сен жөнүндө эскертишти унутсам.

 

Унутсам деп жыл, айларды өткөрдүм.

Мерчемдеген марага да кеч келдим.

Ээси болуп айсыз, кара түндөрдүн,

Ак булуттар көрүнбөгөн кечтердин.

 

Ак булуттар айдап жаман ойлорду,

Алдыма тарт алкынган ак жоргоңду.

Тирүүлүктөн үмүт үзө электе,

Түгөлдөйүн бизде барды, болгонду.

 

Болгон бизде таза, мөлтүр ак сүйүү,

Экөөбүзгө энчиленген булуттар.

Эске салды эми эмне кыл дейсиң,

Элесиңди алда качан унуткан…

Айжан Мамасадыкова ыр дүйнөсүнө баш оту менен берилип, жан дүйнө каалаган темаларда ыр жазаарын окуп көрүп ынана алдык. Айтайын дегеним, акындын сүйүү темасындадагы ырлары өзгөчо образдуу, жадакалса, тандалган тема да образ жаратып турат. Мисал катары, “Сүйүү көйнөгү” жана “Бир көргөн түштөй болбо” ырларын угуп көрөлү.

 

СҮЙҮҮ КӨЙНӨГҮ

Сүйүү деген көйнөк тиктим карачы,

Парпыраган, этек-жеңи үлбүрөк.

Жабыркатпай, эми аны кирдетпей,

Жараштырып жака коюп ким кийет?

 

Сүйүү деген көйнөк тиктим карачы,

Топчулары өзүнө куп жарашкан.

Суктанышат сугун артып көптөрү,

Кийип аны көчө бойлоп баратсаң.

 

Сүйүү деген көйнөк тиктим карачы,

Апапакай, аппак таңдын нурундай.

Арзуу, үмүт, тилектерин билдирсе,

Ысыгына тура албайсың жылынбай.

 

БИР КӨРГӨН ТҮШТӨЙ БОЛБО

Бир көргөн түштөй болуп кеткен элең,

Бир көргөн түштөй болуп келдиң кайра.

Жалгыздык жанга батып турган кезде,

Жашоомдун гүлазыгын бердиң кайра.

 

Жарыктын жарыгына айланып сен,

Жибитип жүрөгүмдү жалбаруулар.

Кайрадан алты жылга жашаргансыйм,

Кайрадан эске түшүп андагылар.

 

Көңүлүм сени көздөй айдап алды,

Сезимин десте кылып байлап алды

Келишиң мурдагыдай түшкө окшобой,

Айтчы эми чын турмушка айланабы.

 

Айжан Мамасадыкова бир топ сынактардын жеңүүчүсү жана лауераты . Атасак, 1994-жылы Ош шаарында өткөн «Парнас» поэзия сынагынын , «Жети керемет» телесынагынын Гран-При жеңүүчүсү (1995-ж), мугалимдердин областтар аралык өткөрүлгөн «Сармерден» телесынагында «Акыйнек айтышуу» боюнча лауреаты, «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун «Акылкарачач» номинациясын, «1996-жыл — Аялдар жылы» конкурсунан жетектеген «Айчүрөк» тобу Гран — Прини утуп алган, «Жылдын мыкты мугалими-1998» конкурсунун областтык турунда 1-орундун, «Даткайым» телесынагынын 1-орундун жеңүүчүсү (2002-ж). Мындан сырткары, «Кыргыз Республикасынын Эл Агартуу отличниги» (2007-ж), КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун изденүүчүсү, «Апама кат» аттуу аңгемелер жана ырлар жыйнагынын автору (2011-ж) , Москва шаарында түзүлгөн «Москва кайрыктары» поэзия клубунун алгачкы жетекчиси (2011-ж), жана «Аруу Дүйнө» адабий клубунун жетекчиси болуп эмгектенген.

 

КЫЯЛЫМ ТАЛКАЛАНБАСЫН

Дыбырап жамгыр, көңүлдө кирди кубалап,

Шыбырап сүйлөп, сезимди турдуң дубалап.

Эсимден кетпей экөөбүз бирге жүргөн түн,

Элеси жүрөт дүйнөмө салып кыямат.

 

Билбеймин неге оюма түшө бересиң,

Сен менен бирге айдаймын кыял кемесин,

Үйдөбү, иште, жатсам да турсам дайыма,

Калбастан такыр жанымда жүрөт элесиң.

 

Оюмду азыр башкарып алды бул сезим,

Шыбырайм мен да кайсы күн мага келесиң.

Кыялдан курган сарайдан турам жол карап,

Талкалап кыял кирбеймин ага дебессиң.

 

КАЧАН ДЕГИ?

Селт эттирип жүрөгүмдү көз ирмем,

Күнүгө бир салам жолдоп кетесиз.

Көкүрөктө кусалыкты басайын,

Качан деги үй тарапка өтөсүз.

 

Кайра-кайра кирип менин түшүмө,

Неге күндүз жолугуудан качасыз.

Көңүлүңүз мага тартып турса да,

Мүмкүн башка кездешүүгө шашасыз.

 

Үмүтүмдү үзө албай негедир,

Күтүп келем жакшы кабар мен сизден.

Качан деги жүрөгүңүз жар салып,

Айтат сырын жашабайм деп сенсиз мен.

 

Урматтуу угармандар сиздер “Жүрөк сыясы” уктуруусунда акын Айжан Мамасадыкова эжекебиздин калеминен жаралган ырларга ортоктош болуп жатасыздар. Сөз башында белгилеп өткөндөй, биздин Москвадагы мекендештер да өзүнчо адабий клубдарда чогулуп, ырларын талкууга коюп тураарын буга чейин да маалымдаганбыз. Акындын ырларында өзгөчө дал ошол Мосвка турмушу көбүрөөк орун ээлерин байкоого болот. Төмөндө “Досума кат” ырында ал жашоосу ачык баяндайт.

 

ДОСУМА КАТ

Иштериң кандай дейсиң,

Аа, досум, акыбалга мышык ыйлайт,

Саартан кечке чейин,

Бир мүнөт жаным тынбайт.

Анысы аз келгенсип,

Бул жериң таза эмес,

Тигини жууп кой деп,

Менеджер турат кыйнап.

 

Элестет досум, азыр

Бакыйган мектебиңдин директору,

Ручканы швабрага алмаштырган,

Баягы өзүң билген келбети жок,

Жүрөт азыр жаргак шымчан,

Иш издеп ага — буга бара берип,

Акыркы акчасын да алдаттырган.

 

Билесиңби? Бул жерде,

Лохотрон дегендер бар.

Ой укмуш иштер бар деп,

Келишим түзүп анан,

Акчаңды жегендер бар.

 

Ошондой адамга бир жолуккамын,

Кудай мага берди деп оолуккамын.

5000 рубль алдатып, кайра ала албай,

Жегенге наным да жок ооруп калдым.

 

Мага окшоп ооругандар эсеби жок,

Сыртынан сыр беришпейт кесели көп,

Кээ бири көрүнгөндү алдай берип,

Ишеничтен чыгышкан кесеги көп.

 

Ошентип окшош күндөр өтүп жатат,

Өмүр көчү билинбей көчүп жатат.

Жүрөмүн баягыдай жакшы учурду,

Күтө берип, күтүүдөн такыр тажап…

Мындай саптарды укканыбызда дароо эле ар бирибиздин жакындарыбыз коз алдыбызга тартыла түшөт. Анткени, базар мамилелер шартында баарыбыздын эле жакындарыбыз Москва жашоосун көрүп жүрөт. Акындын курчтугу мына ошол саптарга жан кирге алгандыгы жана боек бере алганы десек жаңылыштык болбос. Демейде, бул бир гана социалдык темадагы ырларында эмес, жан дүйнө кусалыгы, сагынычы, жактыруу, сезим айтоор сүйүү ырларында.

 

ЖАНЫМ

Тагылдың жүрөгүмө тумар болуп,

Тиктеймин көздөрүмө кумар толуп.

Сүйүүмдү кабыл алып койчу жаным,

Сайрайын тоо боорунда улар болуп.

 

Жазылды жүрөгүмө атың сенин,

Жараткан ушул болсун бактым менин.

Түбөлүк урабастан калсын жаным,

Сүйүүдөн тургузулган тактым менин.

 

Жазылдың жүрөгүмө дастан болуп,

Жараткан дүйнөм түгөл, дүйнөм толук

Жашоонун балдай даамын татып жаным,

Жашайлы дайым бирге, бирге болуп

 

КАЧАНГА ЧЕЙИН

Күн өткөн сайын күтүүнүн тартып азабын,

Көрүшпөй калсак күлгүндөй өңдөн азамын.

Оюмда сырды ортого салбай калганда,

Оорулуу түндөр озондойт ойдун казалын.

 

Сайышып турат санаага батып жүрөгүм,

Жолуккан сайын жолуккум келип бирөөгө.

Айталбас элем атыңды элдин алдында,

Бирөө деп айтуу а балким мага күнөөдүр.

 

Сүрдөнүп сүйлөп сүйүүмдү ичте жашырып,

Сезимге алдым сен деген оору ашырып,

Качанга чейин каалайсың айтчы ачыгын,

Качанга чейин келесиң мага жашыруун.

 

Кыңыр иш чети билинип калса эгерде,

Күнөөлүү издеп, күнөөнү мага чегербе.

Кудайдын берген насиби экен буйруган,

Бөлүшүп койдук дээрбиз сурап дегенге.

Ардактуу радио угармандар, бүгүн сиздер менен акын Айжан Мамасадыкованын калемине таандык ырларга ортоктош болдук. Поэзия - жан дүйнөбүздү байытып, руханий азык болуп берсин. Амандашканча.

 

 

 

<< July 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031