ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:41

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Жүрөгүм оорубасын десеңиз...
Аудио угуу

 

Кыдыров Чынгыз: Ош шаардык клиникалык ооруканасынын кардиолог ( жүрөк ооруларынын ) дарыгери.

 

                          

 

- Артериалдык гипертония эмне себептен пайда болот?

- Бул абдан коркунучтуу оору. Ал тукум куучулук оору болушу мүмкүн. Эгер ата-эненин бирөө гипертония менен жабыр тартса анда ал балага өтүшү толук мүмкүн. Ашыкча семирүү, организмде холестериндин көбөйүшү, аз кыймылдоо, дайыма нервдик жана физикалык кыйналууда жүрүү, организмде туздун көбөйүшү, булардын баардыгы эртели-кеч артериалдык кан басымга алып келет.

- Анын алгачкы белгилери кандай?

- Кан басым көтөрүлгөндө көздөр караңгылап, баш айланат, ооруйт, кускусу келет, кулактар каңгырайт, ыксыздануу, чарчаңкы болуу, уйкунун бузулушу, иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү кан басымдын жогорулашынын белгилери болуп эсептелинет.

- Эгер оруну дарылабаса акыр аягы эмнеге алып келет?

- Гипертониялык оору акырындык менен башка органдарга да таасирин тийгизип баштайт. Мээге, сөөктөргө, бөйрөктөргө, көз, жүрөккө таасирин тийгизет. Көпчүлүк адамдар кан басымдын жогорулашын билишпейт да, инсульт болгондо гана дарыгерге кайрылышат.

- Аны толугу менен дарылоого болобу?

Ал өмүр бою калуучу оору болуп эсептелинет. Бирок, сергек жашоо образына өтүп, жогорку натыйжалуу дары-дармектерди колдонуу аркылуу ага көзөмөл жүргүзүп, анын оор абалга өтүп, күчөп кетишинен сактанса болот. Кээ бир адамдар кан басым көтөрүлгөндө эле дары ичип коюу керек деп ойлошот. Бирок, эгер адамдын кан басымы болсо, дайыма дарыгердин берген дарысын ичип көзөмөлдөп туруу зарыл.

Билип алсаныз пайдасы тийет

Өмүр бою көзөмөлдөөнү талап кылган кан басымынын туруксуздугу өтө коркунучтуу. Кан басымын үй шартында, элдик медицинада кантип туруктуу кармоо тууралуу кененирээк маалымат сунуштайбыз.

Кан басымы жогорулаганын кантип байкайбыз?

Баш оору күчөйт, кулагыңыз чуулдап, беттин кызарганы күчөп, ысып жаткандай сезимге кабыласыз. Өзүңүздү бир калыпта кармай албай, дайыма тынчсызданган абалда болосуз.

Алгачкы жардам

Башты бир аз бийигирээк жаздап дароо жатуу керек. Бутту жылуу сууга салып отуруп, башыңызга массаж жасатып, чекени ушалап отуруу керек. 30-40 тамчы волокордин ичип, тилдин астына нитроглицерин салыңыз.

Үй шартында кан басымды кантип төмөндөтөбүз?

Лимон, бал жана чеснок

Жарым стакан балга, 1 лимонду майдалагычтан өткөрүп кошобуз. Беш сарымсактын тишчелерин да өтө майдалап кошуп жакшылап аралаштырабыз. Күнүгө эки маал тамак алдында бир аш кашык менен ичип туруу абзел.

Сарымсак жана суу

Эки сарымсактын тишчелерин майдалагычтан өткөрүп, 1стакан сууга салып 10-12 саат салкын  жерге коюп коебуз. 10-12 сааттан соў аны ичкенден кийин кайра жаўысын дайындап коюу керек. Бул сарымсакка кошулган сууну ичүүнү бир айга чейин улантсаўыз кан басымыўыз нормалдашып, бир калыпка келүүгө чоў жардамы тиет.

Бал менен жашылчалар

Бал менен жашылчалардын ширеси дагы кан басымды бир калыпта кармап, сизди дарттан арылтууга жакшы жардамы тиет. Бирдей ченем менен бир стаканга кызылча, сабиздин, түрптүн ширесин  аралаштырабыз. Бул таза ширеге 1 кашык таза бал кошобуз. Бул аралашманы муздаткычта сактап, тамак алдында эки аш кашыктан ичип турабыз.

Чычырканак кан басымына табылгыс дары

Кан басымын түшүрүү үчүн күнүгө түшкү тамактануудан кийин 100 грамм чычырканактын мөмөсүн жеп туруңуз. Мөмөсү жок болсо ширесин кайнак суу менен теңме-тең кылып аралаштырып 1 стакандан ичсеңиз болот. Бул кан басымын түшүргөндөн тышкары иммунитетти көтөрөт.

Уксус менен алманын ширеси

Бир аш кашык уксуска 300 грамм алманын ширесин аралаштырып, ага марли малып алып таманга жапса кан басым түшүп бир калыпка келет.

 

Кан басымы жогоруларга эмне жегенге болбойт?

1) Тузду азыраак колдонуп, бир күндө 3-5 грамм туз менен чектелүү керек, ошондой эле суюктуктун көлөмүн 1-1,2 литрден ашырбаңыз.

2) Малдын майлуу майларынын ордуна тамак жасаганда суу май колдонуңуз, таттуу азыктардан (кумшекер, шоколад) баш тартыңыз.

Такыр колдонууга болбой турган азыктар: спирт ичимдиктери, ачуу, туздалган, ышталган тамактар, майлуу балыктын эти, кофе,  кара чай.

Кан басым төмөн болсо кандай абалда болосуз?

90/60тан кийин кан басым төмөн болуп эсептелинет. Алыңыз кетип, өңүңүз кубарып, айрым учурларда эсин жоготуп жыгылып калганга чейинки абал күтүлөт.

Биринчи жардам катары эмне кылуу керек?

Бутту өйдө карай асып жатуу керек. Кумшекер кошуп кызыл чай же кофе ичсеңиз жакшы жыйынтык берет.

Кан басымы төмөн болгондор үчүн: Кызыл шарап, күнүгө эртең менен 100 грамм ичүү керек, шокалад, кара чай, кофе, анар, курма, кызыл кызылча, бал, өрүк, мейиз, жаңгак.

Эгер адамдын кан басымы болсо, дайыма дарыгердин берген дарысын ичип, өзүн көзөмөлдөп туруу зарыл.

 

Өмүр байлыгы ден соолук, ден соолугунузга кам көрө билиниз.

 

Даярдаган Азамат Баитов.

 

Булак: “Жаңы Агым”

semechkaEn | 2017-10-22

PineApple Chunk fem семена купить Пинэпл Чанк Фем сорт конопли Производитель “Семечка Джа” занимается реализацией качественных семян канабисаотборных сортов и уже несколько лет является лидером в этой области рынка. Заметьте как в США реализован сбыт конопли. Например http://www.cannabiscollege.com/ или здесь https://www.cancer.gov/about-cancer/treatment/cam/hp/cannabis-pdq. Узаконивание делается во всё большем количестве государств. Сервис постоянно становиться лучше А что мы видим у у нас только одинокий магазин хорошего качества !!! Единственный отличный магазин марихуаны - seedjah.com и тот прикрыт роскомнадзором ((( Наша компания предлагаем Вам семена только наилучшего качества, которые имеют невероятно высокий всхожесть. Кроме качества нашего продукта, Вас без сомнения удивят наши демократичные расценки. Это можно объяснить тем, что высокий уровень конкуренция среди компаний, предлагающих подобного родапродукт, вынуждаетбороться за превосходное качество товара и сервиса и при этом поддерживать минимальные стоимость. Покупая семена канабиса в интернет-магазине “Семечка Джа”, Вы можете быть точно уверены, что получите как раз тот сорт, который Вы заказывали. Наша компания перевозим семена конопли как по Украине, так и по России. Если по какой-либо причине клиент не получаете свой товар, наш интернет-магазин ручаемся возвратить всю сумму, которую Вы заплатили за семена. вот http://семечка-джа.com/ua/%D1%84%D0%B5%D0%BC%D0%B8%D0%BD%D0%B8%D0%B7%D0%B8%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%BD%D1%8B%D 0%B5_%D0%B0%D0%B2%D1%82%D0%BE%D1%86%D0%B2%D0%B5%D1%82%D1%83%D1%89%D0%B8%D0%B5/white_russian_auto_feminised.html Купити якісне насіння марихуани White Russian, авто квітучі, фемінізовані И, напоследок, что касается неразглашения – наша компания ценит выбор своих клиентов, поэтому, при покупке семян в нашем магазине , Вы можете быть абсолютно полностью уверены, что любая информация о покупателе и месте доставки останется в секрете. мы в социалках https://ok.ru/profile/572871626215 https://www.facebook.com/jah.seed.568 https://twitter.com/?lang=ru https://www.instagram.com/semena_cannabisa/ https://www.youtube.com/channel/UCN-p65XvEBa1HA_PeWoQ4bQ https://plus.google.com/communities/114289740677239650133 т. +38(099)76-66-563



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031