ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Бүгүн Түркмөнстанда Эскерүү күнү

Бүгүн Түркмөнстанда Эскерүү күнү. Бул күн 1948-жылы Ашхабадда болуп өткөн зилзаладан көз жумгандардын элесине арналып белгиленет. Өлкө боюнча Мамлекеттик туулар түшүрүлүп, эскерүү кечелери жана садака берүү иш-чаралары борбордо жана Түркменистандын бардык аймактарында жүргүзүлөт. Эске салсак, 1948-жылы 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Ашхабадда 10 баллдык жер титирөө катталган. Бул зилзала 176 миң адамдын өмүрүн алып кеткен эле. Каргашалуу окуянын курмандыктарын эскерүү күнү 1995 жылдан тарта мамлекеттик деңгээлде белгилене баштаган.

<< October 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031