ТҮЗ ЭФИР



19-октябрь, Бейшемби, 11:36

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Смартфон менен кучакташып уктоо канчалык зыян?

АКШда өткөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, смартфонду колдонуучулардын 71%ы уктап жатканда телефондорун төшөктүн жанында алып жатаарын айтышкан.

Ал эми алардын 35%ы ойгонору менен эле смортфонун колдоруна алып, ага келген билдирүүлөр менен таанышууга шашышат. Ушул адамдардын арасынан өзүңүздү көрө алдыңызбы? Андай болсо биз Сизге эмне үчүн телефонду жаныңызга алып жатуу ден соолукка эң эле зыян адат экенин айтып беребиз. Белгилүү болгондой, компьютер, планшет, смартфон сыяктуу көпчүлүк санарип түзмөктөрдүн экраны спектрдин бир бөлүгү болгон кыска толкундуу көк шоола бөлүп чыгарат. Дал ошол нур биздин көзүбүздү талдырат.  Мындан тышкары, бул нур биздин мээге дагы олуттуу таасир тийгизет экен. Кеч кирип, уктарга убакыт келгенде, көздүн рецепторлору активдүү дүүлүккөндүктөн биздин мээни “алдап”, ага күндүзгүдөй сергектикти туйдуруп турат.

Жыйынтыгында уйкуга тартуучу жана жайлуу ойгонуу үчүн жооп берген мелатониндин бөлүнүп чыгуусу кечеңдейт. Анын негизинде биз кыйынчылык менен уктап, ошондой эле кыйынчылык менен ойгонобуз.

Эми сиздерге смартфондун зыянын бөлүктөп айтып берели.

 

Смартфон аркылуу интернетке кирген кезде көбүрөөк нурдануу жүрөт. Албетте, ал зыян.

Смартфон рак ооруларын пайда кылат деген аныкталган далилдер азырынча жок. Бирок, телефондор иондошпогон электромогниттик нурланууну бөлүп чыгарат. Эгер телефон жакын жерде болсо, ошол бөлүнүп чыккан нурларды дененин ткандары өзүнө сиңирип алат.

Азыркы кезде илимий чөйрөдө ушул радиациялык нурлардын берилүүсү “онкологиялык болушу мүмкүн” деп табылып, изилденип жатат. Бул нурданууну минималдаштыруу үчүн телефонду, же жок дегенде андагы Wi-Fiды өчүрүп коюу керек.

Смартфонду каптал жакта көтөрүп жүрүү нервденүүгө алып келет.

Эгер телефон сумкаңызда жүрсө, үнү жана вибрациясы өчүрүлбөгөн болсо деле, ага келген билдирүүлөрдү сөзсүз уга турган болсоңуз деле, аны улам-улам карай бересиз, бул адатка айланат. Ушул эле нерсе уктап жатканда, жаныңызда телефон болсо, уйку арасында телефон текшерүүгө алып келет. Бул Сиздин ар дайым бир нерсеге даяр экениңизди, ошол нерсени күтүп жашап калган сезимге алып келет.

Мындай сезимди травма алгандан кийин стресс абалында жүргөндөрдөн кезиктирүүгө болот: адам өзүн ийненин учунда жүргөндөй сезет, бирок эмнеге андай болуп жатканын түшүндүрүп бере алышпайт. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн, врачтар уктар алдында 30 мүнөт гаджет колдонбоону сунушташат. Эгер, Сиздин күн сайын эле уйкуңуз канбай жүргөн болсо, анын себеби телефон менен түнкү “кучакташууларда” катылган.

Смартфондор уйкуну уурдашат.

Эстеп көрсөңүз, телефондун үнүн өчүргөндү унутуп калып, түн ичинде келген билдирүүлөрдөн жана телефондун жаңылануусунан канча жолу ойгондуңуз эле?

Сиз өзүңүздүн мээңизге керексиз маалыттарды толтургандан тышкары, “беш мүнөт өз баракчамда отуруп, анан уктасам эч нерсе болбойт” деген шылтоо менен интернетте жок дегенде жарым саат отурасыз. Муну менен сиз өзүңүздүн организмиңиздин уйку үчүн деп бөлүнгөн убактысын уурдайсыз.



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031