ТҮЗ ЭФИР



11-декабрь, Дүйшөмбү, 08:06

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Автоунаалардын көптүгү жол кырсыктарына себеп болуудабы?

Өлкөдө авто унаалар саны жыл санап өсүүдө. Бул элибиздин бардар жашоосунун далили деп кубансак, тилекке каршы, унаа саны көбөйүшү менен жол кырсыктары да көбөйүп, адам өмүрлөрү кыйылууда. Бүгүн, сиздер менен кырчындай адам өмүрүн кыйган жол кырсыктары тууралуу талкуу жүргүзөбүз. Саламатсыздарбы?!

Акыркы учурда өлкө аймагында жол кырсыктары көп катталып, адам өмүрлөрү кыйылып жаткандыгын тиешелүү органдар айтып жатышат. Алсак, 3-октябрда Чүй облусундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсык 2-октябрь күнү саат 08:10 чамасында Талас-Суусамыр-Бишкек жолунун 178-чакырымында болгон. Форестер Субару үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгон. Ал арада КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 8 ай ичинде өлкө боюнча 3667 жол кырсыгы катталып, анда 567 адам өлүп, 5690 киши ар кандай деңгээлдеги жаракат алганын кабарлады.

 

Талкуунун катышуучулары:

1. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев.

2. Ош шаардык транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Авазбек Быйтиев.

3. ӨКМдин республикалык өзүнчө отрядынын лейтенанты Талгат Капалов.

4. Айдоочу Каныбек уулу Тынчтык.

5. Ош шаарынын тургуну, жүргүнчү Каныбекова Канымгүл.

 

- Жол кырсыктарынын катталышына эмен себеп болууда?

Авазбек Быйтиев: Бүгүнкү күндө жол кырсыктары чынында абдан көп катталууда. Бул маселе Жогорку Кеңешке чейин көтөрүлүп жатат. Кырсыктардын көп катталышынын негизги себеби  кээ бир айдоочулардын айдоочулук маданиятсыздыгынан болуп жатат. Жол эрежелерин билип туруп, сактабай жатышат. Машина жок деп туруп айдап жиберет да, келип калган машина менен кагышып кеткен учурлар көп.

- Сиздин пикириңизде айдоочулар күнөөлүүбү?

Авазбек Быйтиев: Ар түрдүү кырдаалдар болуп калат, кээде айдоочулар, айырм учурда жөө жүргүнчүлөр күнөөлүү болуп жатат. Шаар ичинде жол чырактарынан өтүп жатып, унаалар үчүн кызыл чырак жанып турса, жөө жүргүнчүлөргө жашыл жанган болот. Ошол жерде жөө жүргөндөр өтө албай калышат. Ошондо жол тыгындары пайда болот.

- Жеңиш мырза, республика аймагында акыркы алты айдын жыйынтыгы менен миңден ашуун кырсык катталганы белгиленди. Ал гана эмес, мына акыркы сентябрь, октябрь айынын ичинде эле алгач 9, кийин 3төн дагы башка фактылар бар. Ал эми облус боюнча алты айда канча жол кырсыктары катталды? Статистикалык  маалыматтарды берип өтсөңүз.

Жеңиш Аширбаев: Жыл башынан бери тогуз ай ичинде 530 жол кырсыгы катталган, анын ичинде каза болгондордун саны 97, жарат алгандар 878, өспүрүмдөрүн катышуусундагы жол кырсыктары 175, каза болгондор 25, жарат алгандардын саны 181. Жаш өспүрүмдөр жол жүргүнчү катары баратып, айдоочулардын жол эрежесин сактабагандан улам кырсыкка кабылып жатышат. Бизде ар бир кырсык болгондо иликтөөлөр жүргүзүлөт. Ошол иликтөөлөр боюнча жол кырсыктары айдоочулардын маданиятынын төмөндүгүнөн келип чыгары белгилүү болгон. Мисалы, ылдамдык боюнча чектөө белгиси турган болсо, мектепте саатына 40 км жүрүш керек болсо, айдоочулар саатына 80-90км жүрүп, окуучуларды коюп кеткен учурлар бар. Жүргүнчү ташыган унаалар да буюм ташып бараткандай катуу айдап, карама-каршы жол тилкесине өтүп, каршы келген машина менен кагышып, жүргүнчүлөр айдоочунун айынан каза болуп жатышат. Жакында болуп өткөн кырсыкта да 9 адам айдоочунун айынан көз жумушту.

- Тынчтык сиз айдоочу катары жогоруда айтылган айыптоолорго кандай карайсыз ?

Тынчтыкбек Каныбек уулу: Мен бул айыптоолорго кошулам. Бирок, жол кырсыгы шаардабы, айылдабы, трассадабы ошону такташ керек. Шаар ичинде болсо айдоочу да, жүргүнчү да күнөөлүү болуп калышы мүмкүн. Жол чырактар кызыл жанып турган мезгилде жүргүнчүлөр өтүп кетет. Алар жөө жүргүнчүлөр өтчү сызыктан өтүүгө айдоочулар өткөрүүгө укуктуу. Көп кездерде жөө жүргүнчүлөр жол чырактын кызылына карабай "мен өтүүгө жетишем” деп өтүшөт же болбосо каалаган жеринен өтөт.

- Ош шаарынын тургуну, жүргүнчү, коомдук транспортту да көп пайдаланган Канымгүл  деген каарманыбыз келип отурат. Жогоруда айдоочу агабыз жөө жүргөндөр жол эрежесин так билишпейт деп айтышты. Сиз буга макулсузбу?

Канымгүл Каныбекова: Мен жүргүнчү катары жол эрежелерин бузбаганга аракет кылам. Жолдо сызылган сызыктардан гана өтөм. Өмүрүмө кооптуу экенин сезип туруп эреже сактайм. Жүргүнчүлөрдүн баары эле ошондой болсо керек. Мен байкаган жерде баары эле сызыктардан өтүшөт. Ал эми айдоочулар сызыктан да өткөрүшпөйт. Ушул жерде айдоочуларга нааразы болуп кетебиз.

- Балким, айдоочулар жол эрежесин сактап туруп, ал эми жүргүнчүлөр сактабаган учурлар да болуп жаткандыр?

Канымгүл Каныбекова: Андай учур да болушу мүмкүн. Бирок, менимче, айдоочуларда көбүрөөк күнөө болсо керек. Унааны катуу башкарып келе жатканда башкарууну жоготуп коюшу мүмкүн. Жүргүнчүлөр кача калып, сактанып калат.

- Талгат мырза, сиздер ( куткаруучулар ) жол кырсыгы катталган мезгилде кандай милдетти аткарасыздар?

Талгат Капалов: 112 номери боюнча чалуу түшкөндөн кийин бизге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын отрядына кабар түшөт. Андан кийин кырсык болгон жерге куткаруучулар келебиз. Атайын шаймандардын жардамында унаадан чыга албай калган жабырлануучуларга медицина кызматкерлери келгенге чейин биринчи жардам көрсөтөбүз.

Толугураак төмөнкү аудиодон уксаңыздар болот. 

Кошумча маалымат: Кыргызстан автоунаа жолдорунун сапаты боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында акыркы орундарга жайгашты. Дүйнөлүк экономикалык форумда “атаандаштыктын глобалдуу индекси” жарыяланып, анда жол инфраструктурасына дагы өзүнчө баа берилген. Натыйжада КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Азербайжан алдыңкы орунга чыгып, дүйнөлүк рейтингде 50 өлкөнүн катарына кире алды. Тажикстан (70) экинчи орунга чыкса, кийинки орундарды Грузия (78), Армения (81), Казакстан (108) жана Орусия (123) ээледи. Кыргызстан жолдордун сапаты боюнча 131-орунга татыган. Жолдордун мыкты курулуш сапаты боюнча Бириккен Араб эмирлиги дүйнөдө эң жогорку баага татыды.

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Декабрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31