ТҮЗ ЭФИР



13-декабрь, Шаршемби, 01:48

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

"Мэтью" тайфуну Американы каптады

Гаити аралында "Мэтью" тайфунунан 339 адам курман болду. Учурда тайфун Америкага жакындады. Анын кесепетинен бейшембиден жекшемби күнгө чейин 3862 авиарейс учпай калган. Адистердин айтымында "Мэтью" тайфуну Флорида штатына бүгүн сокку урат. Ошого байланыштуу жээктерде жашаган 2 млн. жашоочуну коопсуз жайга которуу керектиги айтылган. Учурда 60 миң адам электр жарыксыз калды. Бирок, жакынкы 48 саат ичинде катуу шамалдын акырындашы күтүлүүдө. Эске салсак, ушул эле тайфундан Доминикан аймагында да 4 адамдын курман болгондугу белгилүү болгон. Кошумчалай кетсек, "Мэтью" тайфуну кыйратуучу күчкө ээ болуп, саатына 220 км ылдамдыкты түзөт.



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Декабрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31