ТҮЗ ЭФИР



19-октябрь, Бейшемби, 11:43

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Канат жол аркылуу каттоо башталат
Аудио угуу

 

Орусиянын Благовещенск жана Кытайдын Хэйхе шаарларынын ортосунда канат жолдун курулушу башталды.

Долбоордун наркы 119,8 млн долларды түзөт. Кытайлык тарап өзүнө тиешелүү тилкени курууга киришти.

Амур дарыясынын үстүнөн өтүүчү канат жолдун узундугу 1 чакырымга жакын. Бир шаардан экинчи шаарга жетүүгө 20 мүнөт гана талап кылынат. Канат жол аркылуу саатына 2000 адамды ташууга болот.

Кытайда эң жогорку бийиктикте жайгашкан көпүрөөнүн курулушу аяктады.

Кытайдын түштүк-чыгышындагы Гуйчжоу аймагында дүйнөдөгү эң жогорку бийиктиктеги көпүрөнүн курулушу аяктады. Бэйпаньцзян өрөөнүндөгү ушундай эле аталыштагы көпүрө болжол менен 570 метр бийиктикте жайгашып, кытайлыктардын айтымында, бул көрсөткүч боюнча рекорд койду. Узундугу 1341 метр болгон көпүрөнүн курулушу 2013-жылы башталып, 1 миллиард юанга (болжол менен 10 миллиард сом) кеткен.

Көпүрө Чжэцязн аймагындагы Ханчжоу шаарын Юньнань аймагындагы Жуйли шаары менен кошуп турган жогорку ылдамдыктагы жолдун бир бөлүгү.

 

Алматыда Борбор Азиядагы эн ири шайтан дөнгөлөк курулду.

60 метрлик аттракциондо 208 орун болуп, климат-көзөмөл жана аудиогид менен жабдылган. "Долбоор төрт жыл мурун иштелип чыгып, учурда Happylon — ири аттракциондорду куруу аракетин алдыга жылдыруу боюнча иштер жасалып жатат. Жаңы "шайтан дөңгөлөктүн" бийиктиги 60 метрге жетет. 40 кабиналуу аттракцион 208 адамды батырып, ар бири климат-көзөмөл жана казак, орус, англис тилдеринде сүйлөгөн аудиогид менен жабдылган.

 

Илимий изденүү ийгилик жаратты.

Чилиде илимпоздор чиркейдин чагуусунан коргой турган жана алардын санын азайтуучу зат табышканын жарыялашты. Алар өздөрүнүн изилдөөлөрүн Зика илдетине каршы каражатты табуу аракетинин алкагында жүргүзүшкөн. 

Каражаттын алгачкы ыкмасы өзүнө графен, жез порошогун бактерияга каршы каражаттарды, ошондой эле табигый жана токсиндүү эмес инсектицидди камтыйт. Ага жуулган кийим бир күн кечке чиркейлердин чагуусунан коргойт.

 

Астероиддерде алтын бар дейсиңерби?

NASA космостук агенттиги Atlas V ракетасынын жардамы менен Канаверал тумшугундагы космодромдон OSIRIS-REx космостук аппаратын Бенну деп аталган астероидди карай жөнөттү.

Бул аппараттын максаты - аталган астероиддин кыртышынан үлгүлөрдү алуу. Космостук аппараттын миссиясы 7 жылга созулат. Ал астероидге 2018-жылдын август айында жетет. Андан соң 500 метрлик Бенну астероидин изилдеп, роботтоштурулган колдун жардамы менен кыртыштын үлгүлөрүн кутуга салып 2023-жылы Жерге жөнөтөт.

Кошумчаласак, 2005-жылы япондордун «Хаябуса» аппараты Итокава астероидинен кыртыштардын үлгүсүн алып Жерге жөнөткөн. 2018-жылдын июнь айында «Хаябуса-2» деп аталган экинчи япон аппараты Рюгу астероидине жакындайт жана ал 2020-жылдын декабрь айында өз миссиясын жыйынтыктайт.

 

Даярдаган Азамат Баитов

Булак erkintoo.kg, sputnik.kg

 

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031