18-август, Жума, 05:36

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Мигранттын эмгеги той үчүн эмес…

Бүгүн ЖКнын депутаттары бейрасмий жолугушуу өткөрүп, анда жыргап кеткен мигранттарды көргөн жокпуз деп агынан жарылышты. Ооба, жыргаган мигрант жок. Бирок, өлкөдө ошол мигранттар олтура бергенде эмне пайда? Ар ким өз жашоосун оңдоо үчүн чет жактарга кетип жатат. Антейин десек алардын тапкан акчаларын биз эмне кылып жатабыз? Баягы эле бүтпөгөн той, баягы эле ысырапкорчулук. Чет жакта бармагынын кирин соруп, эптеп акча жыйып, үй салалы, элге окшоп кыйналбай жашайлы дегендер чогулткан акчасын ата-энесине салат. Колго кирген акча багыты жок эле чачылып, кылган мээнети бир тыйынга тете болуп калууда. Мигранттар үстүбүздөгү жылдын жети айынын аралыгында Кыргызстанга 1 миллиард 25,6 миллион доллар которгон. Каражаттын көпчүлүгү Россиядан которулган. Ал эми 1,5 миллион доллар Казактстандан, 30 миллион доллар башка чет өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн. Адистер мигранттардын акча салуусунун көбөйүшүн өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен түшүндүрүүдө. Алардын айтымында, биримдикке кирүү менен кыргызстандыктардын жумушка кирүү маселеси жеңилдеген. Бирок бул менен Россияда мигранттар үчүн жашоо жеңилдеп кетти дей албайбыз. Жакында эле премьер-министр С.Жээнбеков да жыйында мигранттарга байланышкан үч маселени атады. "Биздин жарандарыбыз жумуш берүүчү жак менен эмгек келишимин түзбөй эле иштей беришет. Ошондон улам жумуш берүүчүлөр алардын эмгек акысын төлөбөй койгон учурлар арбын. Андан сырткары, эмгек мигранттарынын "кара тизмеси" да көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда", - деди өкмөт башчы. Премьер-министр 2016-жылдын биринчи жарымында эле 119 миӊ мекендешибиз "кара тизмеге" кирип калганын, ал эми 2014-2016-жылдар аралыгында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 54 миӊ эмгек мигранты "кара тизмеден" чыгарылганын белгиледи. Ал азыр эмгек миграциясы жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү чаралары көрүлүп жатканын кошумчалады. Ушунча көйгөй менен акча тапкан мигранттардын эмгегин өтө баалуу болушу керек. Суукка карабай, ысыкка чыдап иштеген өзүбүздүн эле бир туугандарыбызды аяп, алардын ар бир тыйынын эсептеп, өздөрү айткандай жашоосун оңдоо үчүн чогулталы. Той өтөт, бирок билиңиз ошол тойго кеткен акчаны сиздин балаңыз, кызыңыз ден соолугун жоготуп, керек учурда өз өмүрүн тобокелге салып тапкан…..

 

 

 

 

 



Уктуруулар

  • 17-АВГУСТ

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 20:00-20:30

    ЭлТР түз эфир Күн маек

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Август 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031