A PHP Error was encountered

Severity: Warning

Message: fopen(/var/www/elfm/data/mod-tmp/ci_sessionf27ka4tep661anj3glb0rn3inb6qa1ni): failed to open stream: No space left on device

Filename: drivers/Session_files_driver.php

Line Number: 172

Backtrace:

File: /var/www/elfm/data/www/elfm.kg/application/controllers/Main.php
Line: 9
Function: __construct

File: /var/www/elfm/data/www/elfm.kg/index.php
Line: 315
Function: require_once

 ПРЕЗИДЕНТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛЕТ?
ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

ПРЕЗИДЕНТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛЕТ?

 

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерди каттоо үчүн талапкердин ыйгарым укуктуу ɵкүлү Борбордук Шайлоо Комиссиясына добуш берүүгɵ 45 күн калганга чейин талапкердин мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билерин ырастаган сертификатты тапшырышы керек.

7-августта президенттикке талапкерлердин үчөө мамлекеттик тил сынагынан өттү. Азимбек Бекназаров, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова сынакка катышты. Жыйынтыгында Бекназаров 86,4 балл, Таласбаева 79,77 балл, Токтосунова 73,65 балл алышты.

7-августка карата 31 талапкер тил сынагын тапшырышы керек болчу. Бүгүнкү күнү 25 талапкер тест тапшырган, анын бирөөсү Руслан Жунусов 46,1 балл алып өтпөй калган. Эки талапкер Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырардын алдында президенттик шайлоого ат салышуудан баш тартышкан. Өмүрбек Текебаев камакта болгонуна байланыштуу катышуу маселеси чечиле элек. Ал эми Арсланбек Малиев тиешелүү документтерди тапшыруу менен сынакка келе албастыгын билдирип, тестирлөө датасын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Игорь Трофимов жана Мирлан Шерикул уулу билдирүүсү жок эле тестке келбей койгондору белгилүү болгон.

Буга чейин  укук коргоочу Рита Карасартова жана экономист Бакыт Дегенбаев тест тапшырышты. 2 саатка созулган сынактын жыйынтыгында Карасартованын кыргыз тилин билүү деңгээли 86 упай деп бааланды. Экинчи болуп тестке кирген Дегенбаев 90 упай алды.

Мамлекеттик тил сынагынан тестирлөө төрт субтесттен туруп, узактыгы эки саатка чейин созулууда. Анда лексикалык-грамматикалык жазууга 50 мүнөт берилген. Аудио, окуу жана кыргыз тилинде сүйлөөгө 20-25 мүнөттөн бөлүнгөн. Сынакка катышкандар мыйзамга ылайык 60 пайыздан жогору балл алып, жок эле дегенде комиссиянын “ортодон жогору” деген баасына татышы керек. Буга чейин тапшыргандардын эң төмөнкү упайы 61 - эң жогоркусу азырынча 90 болууда.

25-июлда Мамлекеттик тил комиссиясынан алгачкы арыз берген төрт талапкердин ичинен биринчи болуп "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышановду сынактан өттү.

Экзамен берип чыккандан кийин Нышанов мамлекеттик тилден сынакты тест аркылуу тапшыруу кыйын эмес экенин журналисттерге билдирди. Ал жооп берүүнүн жыйынтыгында 74 упай алды.

“Кыйын деле эмес экен, жакшы эле, сөздүн маанисин билген адамга оор эмес. Мен жакшы эле тапшырдым”,-деди президенттикке талапкер Назарбек Нышанов.

Буга чейин Темир Сариев (81,8 балл), Арстанбек Абдылдаев (61,2 балл), Рита Карасартова (86 балл), Бакыт Дегенбаев(89,5 балл), Сайдинин Султанидинов (60,35 балл) Камила Шаршекеева (80,9 балл), Турсунбай Бакир уулу(88,6 балл), Бакыт Төрөбаев (71,8 балл), Таалатбек Масадыков (79,8 балл) Өмүрбек Бабанов (93,5 балл) тапшырышты.

КСДП партиясынан Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков 4-августта шайлоо кампаниясынын алкагындагы кыргыз тилинен милдеттүү түрдɵ тест тапшыруудан ийгиликтүү ɵттү. Сооронбай Жээнбеков эне тилин эң жогорку деңгээлде биле тургандыгын кɵрсɵтүп, тесттин жыйынтыгы менен мүмкүн болгон 100 баллдан 94,6 балл алды.

Тесттен кийин Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берди. Тапшырмалар кызыктуу болгонун, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде да болгонун айтты.

<< May 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  

A PHP Error was encountered

Severity: Warning

Message: Unknown: Failed to write session data (user). Please verify that the current setting of session.save_path is correct (/var/www/elfm/data/mod-tmp)

Filename: Unknown

Line Number: 0

Backtrace: