ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

БУЛ 8 СЕБЕП ҮЧҮН СИЗДИ УЧАКТАН ТҮШҮРҮП САЛАТ

 

Эгер сиз учакка билет сатып алсаңыз, ал бара турган жериңизге сөссүз жетесиз дегенди билдирбейт. Бул учактын кыйрашы, же ракета менен атып салшынан корккондук эмес, жөн гана өзүңүз кетирген күнөө үчүн.  

Алдыда, сизди учактан түшүрүп салчу 8 себепти тартуулайбыз.

1. Инструкцияны сактабоо

Бул учактан түшүп калуунун эң жөнөкөй жолу. Эгер, акча төлөдүм, каалагынымды кылам десеңиз, анда жаңылышасыз. Эгер, жүргүнчү укпай, эрежелерди бузуп атат, деп стюардесса чечсе, анда учкуч аргасыздан конуу чечимин чыгарышы толук мүмкүн, ал эми конуу акысы сиздин мойнуңузга илинет.

Убагында польшалык депутат – Ян Рокита Lufthansa авиалиниясынын стюардессасын укпай, бош орундуктан аялынын плащын албагандыгы үчүн, канчалаган протесттерге карабай, учактан түшүрүп салышкан.

2. Өчүрүлбөгөн элктрондук приборлор
Жүргүнчүнүн бардык электрондук шаймандары учактын бортунда өчүк болушу шарт. Бул эреже бардыгына тиешелүү. Мунун чын экенине голивуд актеру Алек Болдуин ынанган. Ал экипаж мүчөлөрүнүн мобилдик телефонду өчүрүү боюнча өтүнүчүн четке какканда, учактан түшүүгө мажбур кылышкан.
 
3. Көкүтүүчү же ачык кийим
Бул күлкүлүү болушу мүмкүн, бирок АКШда жүргүнчүлөрдүн туура эмес кийимдери үчүн борттон чыгаруу көп кездешет. "Сиздин кийим эрежеге туура келбейт" деген, жүргүнчүлөрдүн же экипаж мүчөлөрүнүн чечими буга негиз болот. Бул суроодо ачык жана так талап жок, акыркы чечимди экипаж мүчөлөрү кабыл алат. Аларга эмне жакпай калышы мүмкүн? Аялдарда – көкүрөгү өтө ачык блузка, эркектерде, мисалы, ич кийими көрүнгөн, шыпырылган шымы, же адам кордочу жагымсыз сүрөттөр менен жазуулар.
 
4. Борттун ичиндеги мас абал
Бул жерде так эрежелер бар. Эгер аэропорт кызматтары мас экенин көрсө, анда аны бортко чыгарбайт. Эгер жүргүнчү борттун ичинен ичип мас болсо, экипаждын эскертүүсүн четке кагып, башка жүргүнчүлөрдүн тынчтыгын бузса, учкуч жакынкы аэропортко конуу чечимин кабыл алып, учактан түшүрүшү мүмкүн. Ал эми аргасыз конууга кеткен каражат мас жүргүнчүнүн мойнуна илинет.
 
5. Борттогу мушташ
Эгер учуп бараткан убакта мушташ болсо, учкуч сөссүз түрдө жакынкы аэропортко конуу чечимин кабыл алыш керек. Ал эми мушташкан жүргүнчү бардык чыгымдарды тартат.
 
6. Эгер коопсуздук куруп байлана албаса
Өтө семирген кишилерге учак менен саякат кылуу чыныгы көйгөй болушу мүмкүн. Экипаждын мүчөлөрү коопсуздук курун тагына албаган жүргүнчүнү бортко албоого толук укугу бар.

Бул жерде Vilma Soltesz аттуу америкалык жарандын тарыхын айтып кетсек болот. Ал күйөөсү экөө Венгрияга саякатка келишип, кайра үйүнө учуп кете албай калган. Ал аял 180 кг салмакта болуп, инвалид коляскада жүргөн. Андан сырткары анын бир буту дагы ампутация болгон. Качан анын ден соолугу начарлай баштаганда, дарылаган доктуру аны үйүнө, Нью-Йоркко кайтуусун сунуштаган. Бирок Венгрияга эч кандай көйгөйсүз келген Вильма кайра үйүнө кайта алган эмес. 2 жолу бортко кое бербей коюшса, бир жолкусун чыгарып коюшкан. Ошентип ал үйүнө кайта албай, 22-октябрь 2012-жылы Венгрияда дүйнө салган. Анын күйөөсү ташуудан баш таркан 3 авиакомпанияны сотко берип, жеңип алган. Nydailynews.com порталанын айтымында ага 6 млн доллар компенсация төлөп берилген.

7. Өздүк гигиенаны сактабаса
Учактын кызматы менен колдонууга туура эмес кийим гана жолтоо болбойт. Сизди учактактан «ыргытып салуунун» бирден бир себеби – өз гигиенаңыздын эрежелерин сактабоо. Мындай окуя канадалык авиакомпаниянын бир жүргүнчүсү менен болгон, учактан түшүрүп салуунун себеби… ал аябай сасыган.
 
8. Колго китеп көтөрүп жүрүү
Мындай окуя Ryanair авиакомпаниясынын жүргүнчүсү менен болгон. Аны учактан түшүргөн себеби: учакка отуруп жаткан убакта, окуган китебин кол жүгүнө салбай өзүнчө кармап жүргөнү болгон. Көпкө созулган ызы-чуудан кийин аны полициянын жардамы менен учактан түшүргөн. Себеби, эреже боюнча колдо, кол жүктөн башка эч нерсе болбош керек экен.

 

Булак: anan.kg

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930