ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

“Кыргыз-Ата” футболдук клубунун түзүлгөнүнө 30 жыл болду

Бүгүн, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө "Кыргыз-Ата" футбол клубунун 30 жылдыгы белгиленди. Иш-чаранын алкагында райондогу мектеп окуучуларынын ортосунда мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов: "бул мелдештин негизги максаты жаштарды ынтымакка, спортту сүйүүгө, кылмыштуулуктан оолак болууга чакыруу",- деп билдирди. Ошондой эле бул мелдешти салт катары жыл сайын өткөрүү планга киргизилгендигин кошумчалады. Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыктары эртең чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылат. Эске салсак, "Кыргыз-Ата" футболдук клубу 1986-жылы түзүлгөн.

 

<< October 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031