ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Афина Бакирова: “Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын”
Аудио угуу

Афина Бакирова: “Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын”

       Саламатсыздарбы урматтуу радио угармандар. Сизер менен ободо “Жүрөк сыясы” көркөм-адабий уктуруусу. Бүгүн биз  «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын» (2004-ж) ыр жыйнагынын автору, мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломаты, «Алыкулдун ак боз ат» сыйлыгынын лауреаты Афина Бакированын поэзия дүйнөсүнө сапар алдык.

* * *

Жөө эмес, бүгүн жамгыр шайдоот эмес,

Жаап жатат санаа минип, санаа минип…

Кербез жан теңине албай айыңдарды,

Дос тутпай жанындагы айымдарды.

Жашайт ээ, тагдыр багы ырга сиңип,

 

Көңүлүм туман дагы, жаркын дагы…

Ким бирөө эгер менден жүз үйүрсө,

Ал менин бийигимден тартынганы.

Гүлдөрүм жапырылбайт башын катып.

Чоочутса чагылгандын чартылдагы.

 

Термелем…жаанга чыктап бүрүм-гүлүм,

Түңүлүп канчанчы ирет күбүлгөнүм?

Тирүүлүк, бетиңден мен өчкөн жокмун,

Жүрөгүм канап турса улам курчуп.

Ал менин ошончо ирет тирилгеним,

 

Бакирова Афина – акын. Ош шаарында 1980-жылы 3-декабрда туулган. 1987-жылы Токтогул районунун Камыш-Башы мектеп-гимназиясына 1-класска барып, 1995–1997-жж. Бишкек шаарындагы улуттук-компьютердик гимназиядан билим алган. 2005-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм-өнөр институтунун Театр жана кино факультетин бүтүргөн.

2004-жылы «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрүп, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты, «Алыкулдун ак боз ат» фестивалынын 2-даражадагы лауреаты болгон.  2009-жылдан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

* * *

Күрсүнүп алдалыңды карап турам…

Тагдырга бирде чөгүп, бирде калкып..

Изиңе заманалар учуп-консун,

А жолуң болсо экен жашыл баркыт.

 

Жазганып…жабыккандан жашып турам,

Көзүмө кум шиленип, куюн ойноп…

Жадымдан аарчылышың эми күмөн…

Жакуттай сөөкө батпай койсоң болмок…

 

* * *

Өлсөм кайра кайтып келчү жанга окшоп,

Боегумдай көргөн жокмун өмүрдү.

Өзүм сүйбөй, сүйгөндөрдү кооздоп…

Жашаганым, жашаганым төгүнбү?!

 

Жаштыгым го чекиттерден башталат,

Катар өчүп, көзү түшкөн жылдыздай.

Ошол кездин билем баары акталат,

Дал бутума чөгөлөтөм тургузбай.

 

Айнектей өң бута болуп ашакка,

Же үзүлүп түшпөй көктө термелет.

А мен менмин! Моюбас да, ноюбас,

Дүйнө мени ушул бойдон термеп өт!

 

Шыбырасам шыбырыман күбүлгөн,

Сапырылган жапырылган сүйүүүлөр,

Баарыңарды аруу бойдон аттадым,

Каяшаны айта албайсың бириңер!

 

Бала элем баелугу өзүнчө өч!

Бүгүн менде кызыл нурдай өрт тарайт.

Сүйгөнгө эмес сүйүүсүнө бүгүлгөн

Менин атым эчен эсте жатталат!

Менин атым…

 

**********************

Сүйүү темасы жаш акындардын чыгармачылыгында өзөктүү багыттардан болуп саналат. Андыктан, акындын «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын»-дегени  да жөн жеринен эмес чыгаар. Анда дагы акындын калеминен жаралган сүйүү ырларын сунуштайбыз.

 

Сезим сыры...

Мени менен сен бактылуу бологой,

Шуулдап турсун тирүүлүктүн аралы.

Капам өчүп, күйөт кайра көңүлдө,

Айнектейим, адаммын мен жаралуу.

 

Кантип сүйлөп, качан айтып берейин?

Канааттануу - бактысы экен тирүүнүн.

Мен мээримге канбай калгам, себеби…

Чырактайым, ушу менин түйүнүм.

 

Жанда жүрүп жарым болдуң күтүүсүз,

Барбы бакыт, барбы сүйүү чын эле.

Деңиз өңдүү жаркын болду ушул кыш,

Акактайым, өрттөй кырчын ким эле?..

 

Мен бактысыз болбой жаштык барынан,

Алаксыдым кербез мүнөз көркүмө.

Ажыратпай мени ыйык тагыман

Асыл жандай өмүр сүрүп өткүн, ээ?

 

Жаншоолам

Жаншоолам, бүгүн-эртең казыларсың,

Тирүүмдө ээлеп алган жайым болуп.

Маңдайга аза болуп жазыларсың

Баамчыл бир-экөөнө дайын болуп.

 

Жаншоолам, бүгүн-эртең жоктолорсуң,

Кептердей көздөрүмдө учуп-конуп.

Ээн калган мекенимдей оттолорсуң,

Эркинче жүргөн жанга койнуң толуп.

 

Жаншоолам, бүгүн-эртең сыйланарсың,

Капшытта жаткан сөөктүн зыйнатындай.

Мен сындуу кайра баштан сырдаларсың,

Сынарсың… кыздын көпкөк сыргасындай.

---------------------------------------------------

Тунук жаадың тунуктугуң өзүндөй,

Тунук арман сыйып турат көзүмдө.

Саптарыңа батып кетип сен болуп,

Сапарынын бүтөөр жери мен болуп.

Келбейт ал жан! Жылдыз берсем келет миң!

Келбейт менин бир тилекти тилешким.

Ал анткени бир күн басып ал менен,

Ыйын сезип калган элем жүрөктүн.

Ойгонгондо мен өкүнүп ойгонгом,

Ойлорум да бийик таза бой болгон!

Шыңга талдай шыңгыратып тагдырды,

Бир бүрдөтүп узап кеткен жолдордон.

Тунук жаадың, тунуктугуң өзүндөй,

Туюлбаган арман бардыр көзүмдө…

* * *

Күздө бүтпөйт бүрдөгөнү толкундун,

Бүгүн баалап эми сен деп отурдум.

Наристедей аталчу эле карегим,

Наристедей эми эсиңде жоктурмун.

 

Бүгүн сенсиң сапарымдай эскирген,

Таасири жок «коштошобуз» дешкендин.

Бүгүн сенсиң төгүлчүүсү жүрөктүн,

Эртең билбейм, бирок бүгүн керексиң.

 

Сезимиңди сезимиңе көчүргөм,

Сени неге сезимимдей түшүнбөйм?

Сүрөтүбүз эки бөлөк кыркылган

А жүрөгүм элүүдөн жыртылган.

Булкуп-булкуп кайнап турат көөдөнүм,

Морт көрүнүп турсам дагы сыртымдан.

 

Токтото албай от алганын толкундун,

Токтоо жандай мен эсиңде жоктурмун.

Айрылганда арзуудагы күчүмдөн,

Аял сүйбөш керектигин түшүнгөм,

Ай тутулуп, тунук жашың көк асман!

Ачылгансып сени көрүп көз аздан…

Бүгүн кандай…январдагы кар дүйнө?

Сейилимди жактырдыңбы ак түндө?

Күздөн түшүп кыш ийнине таяндым,

Элегинен өттүм жакшы-жамандын.

Муз жыттанган бактарыңда кайыктай,

Гүл жыттанган бир сүйүүдөн жай алдым.

 

*********************************************

Угасыңбы?.. Сентябрдын кечи бул?

Сентябрым-сен келген күз дечи бул.

Сейрек эстеп, сага сейрек күйөм мен,

Сезимимдин бир жак гана бети бул.

 

Мага эстелген кекчил, таш боор жан чыгар,

Билбейм кантип,, мен сыяктуу жаштыр ал.

Карегиме калкып толкуп толгон жаш,

Кайра менин ырахатым арттырар.

 

Булуту азгын, серт күндөрү көбөйүп,

Бук кылат не, күз ийниме жөлөнүп.

Буусу уруп түбүңдөгү сезимдин,

Муунтуп турат, жүрөгүм жүр, жөнөдүк!

 

Шаарды каптап жалбырактар, каргалар,

Жүрөгүмдүн бир тагындай шаар калар.

Узайлыбы ууздай күндө агып биз?..

Убайымым угуп жүрсүн башкалар.

 

* * *

Жок адашуу, жок кошулуу эч бизде…

Жолуксак да, бөлүнсөк да эрк бизде…

Жоодураган көңүл ыйын, а бирок

Түшүнө алгыз тереңдикке жеткир де!

 

Жолдор бизде – токулгалуу, жүгөндүү,

Жомокпуз биз келечекке күмөнбү?

Жоолашуу жок жаркын күндүн артында,

Биздин күндөр - бир ачылган күл өңдүү.

 

Жыты калаар жакасында жылдардын,

Арасында окулбаган ырлардын.

Азбы-көппү алоолонгон колуңдун,

Аптабында арман билбей ыргалдым.

 

Бай түп сырың азы гана күбүлдү,

Бактым менин мынча ирээт бүлүндү.

Баалап гана жашайм азыр күн көзүн,

Барктап гана жашайм азыр «бүгүндү».

 

Жыл карыткан алп сүйүүнү көтөргөм,

Жыландардай кектүү өткөн көчөңдөн.

Жан эмесмин багынганым, багынтам.

Сүйүп дагы, сүйдүрүп да өтөм мен.

 

Алгач сүйүүм билбейм ким экенин,

Акыркыга билбейм качан жетээрим.

Арзуу үчүн аянбастан дүйнөдө-

Ыйлап дагы, ыйлатып да кетемин!

 

 * * *

Көздөрү көөнөргөн апамды ойлоп,

Соолуттум чоктой-чоктой жан тынчтыгым.

Карылык – жалгыздык да! Сыр бешикке,

Терметпейм неге апамдын жалгыздыгын?

 

Шыкалат бактым менин жалбырактай,

Апамдын жүн жуурканда буту тоңот.

Жүргөктөп сүт ичирип жүргөнүндөй

Мен неге аздектебейм жылуу ороп…

 

Даярдаган:                   Элиза Кочкор кызы

Монтаждаган:              Белек Култаев

 

Булак: Кыргыз маданият

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031