ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:42

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Венера Бөлөкбаева: "Бүгүн такыр башкамын".
Аудио угуу

 

Созулган, узун жолсуң Сен,

Из таштап бүгүн баратам...

Кайрылып баары өткөндүр,

Кайрылбай бирөө кеткендир...

Көтөрүп жалгыз жаздыгын,

Чыгышка бирөө көчкөндүр...

Жөлөк бол, жалгыздар өтсө,

Көз жашы болсо аарчып кой...

Ырымды чачтым боюңа,

Ылайым, аман болгун, Жол!

 

Учурунда поэзиянын узак сапарына дал ушундай ыр саптары менен чыккан белгилуу  акын эжекебиз Венера Бөлөкбаеванын ар бир ырын окусаң  мазмундуу жана маныздуу  ойду бергенин түшүнөсүң. Албетте, поэзия ааламы жан дүйнөнү байытат денизчи, а бирок, анда жазган акындардын ар биринин өзгөчөлүктөрү бар.  «Жеңил окулуп, желдей жок болгон чыгарма жазгым келбейт»-деген акын, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Венера Бөлөкбаева эжекенин ыр дүйнөсүнө бүгүн баш багабыз.

 

Күз

Күн күлүп,

Үйдө биз күлүп.

Күтүү менен жөнөгөм

Күздү көздөй...

 

Күз да болуп,

Сур булут каптап асманды.

Чак түштө - күүгүм кирип,

Күүгүмдөнүп узап кетипсиз.

 

Эсимде калды:

Эки тоо.

Ортосу өзөн,

Узун жол.

Жол боюнда мен барган үй,

Жай турмушун өткөргөн.

 

Эсимде калды:

Үй ээси.

Жанда жок жаркын,

Меймандос.

Эсимде калды:

Бир сөзү,

Күз болгон сайын жаңырган:

“Күздө кел, кызым,

Күздө кел...”

 

Өмүр сүртүмү: Бөлөкбаева Венера – акын. Токтогул районунда 1969-жылы 20-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1997-жылы жаш акын-жазуучулардын республикалык “Ала-Тоо – 97” фестивалынын лауреаты болуп, “Гүкү энем” деген алгачкы ырлар жыйнагы 1998-жылы жарыкка чыккан. 2004-жылы Эл аралык Айтматов фондунун, Швейцариялык Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Башкармалыктын колдоосу менен өткөн жаш авторлордун “Дебют – 2004” адабий сынагына прозалык чыгармалары менен катышып 2-орунга татыктуу болуп, кыргыз, орус, англис тилинде чыгарылган “Алманын мөмөлөрү” аттуу альманахка киргизилген.

Ырлар жана ой-толгоолордон турган “Жүрөгүмдө” аттуу китеби Республикалык жаштар сыйлыгына татыктуу болгон. Республикалык “Айтыш” коомдук фондусунун “Калемгер” адабий клубу уюштурган 2005, 2006-жылдагы сынагында “Мыкты аңгемелер сынагынын жеңүүчүсү” деген II даражадагы дипломдор менен сыйланган. 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. “Гүкү Энем", "Жүрөгүмдө", "Көңүл" аттуу китептердин автору.

В.Бөлөкбаева.

Балалык: Асманда кооз чымчык учуп жүргөн. Тигил чымчыктын эки канатына эки колум окшошуп турбайбы, мен дагы колдорумду каккыласам учат болушум керек деген ой менен эч кимге көрүнбөй Абдыкайым атанын эски (ураган) үйүнүн бийик дубалын көздөй чуркадым. Тырмалап дубалдын кырына чыктым да, чымчыкты туурап колдорумду каккылап көктү карап секирдим. Эсиме келсем, мурдуман кан куюлуп, боз топуракка аралашып жерде жатыпмын-дейт бул чыгармасына ой толгоо жазып.

Көтөрулуп сызгым келген анда мен,

Паренделер! Силер менен жарыша.

Көк көпөлөк, жетпей калгам артыңдан,

Учуп кетип күндөн бийик алыска.

Балаңардай туюлчу эле, булуттар,

Мен ойногон тайатамдын ак сакалы.

Окшоштургам, бетиңдеги караанга Ай,

Эки чака суу көтөргөн апамды.

 

Жомок

Топчу сымал, жүрөгүмө кадалган –

Жомогум көп, айтып берем өзүңө.

Сендей кезим,

Сендей бир кыз божурап,

Мени кайра жомок кылчу өзүмө.

 

Жомоктоймун...

Дүйнөм жомок дагы эле,

Дагы эле жомокторду угамын.

Жомок сымал...

Жаралгансыйм жашоого,

Жомок болуп...

Анан бир күн узаймын...

 

Керилген талаалардын ортосундагы абасы таза, жери кенен айылда кадимки жай турмушта асмандагы ай, жылдыздарга суктанып жашаган калемгер кыз азыр жалпы журтка белгилүү акын эжекелерибиздин бири. Убагында эркин гезиттерде журналисттик кесипте далай жылдар иштеп, аны бирге ыр деген дүйнөнүн каалгасын кагып, жүрөктөгү ойлорду, толгоолорду кагазга сыя кылып төгүп, окурмандарга сунган Венера эжекебиздин айрым гезит беттериндеги маектеринде балалыгын мындай эстейт.

 

Балалык: Балалыкты эстегенде эң биринчи бала кезде бирге ойногон досторумду эстейм, Каля, Айнагүл, Чынара, Мыскал, Рыскан, Жаныбек, Руслан, Мира… Тамдын, талдын башына — бийиктикке чыгып ойногонду жакшы көрчүмүн. Менин балалыгым таята-таенемдин колунда өттү. Таята-таенем, анан Гүкү энем болуп төртөөбүз жашачубуз. Ал убакта таятамдардын уул-кыздарынын бири мамлекеттик кызматта болсо, бири Германияда аскер врачы, бири турмушта, бири студент болчу. Апам башка айылдарда мугалимдик кесипте эмгектенчү. Неберелерден мен эле таята-таенем экөөнүн колунда багылдым. Керилип жүрүшкөн, аз сүйлөгөн, ак сөөк жандар эле, жаркындарым! Күнүгө эстейм.

 

Таш

Кыймылсыз жаткан

Катуу бир ташсың дебечи.

Пахтадай жумшак

Көңүлүм бардыр ичимде.

Дебечи, дебе

Өзгөрбөйт дайым келбети,

Күлмүңдөп күлүп,

Соолуктап ыйлайм кээ бирде.

Көздүүмүн сендей,

Асманды карайм суктанып.

Ырдаймын сендей,

Кубанып, кээде муңканып.

 

Мен

Чөпкө эркелеп,

Тоолор батып көзүнө,

Күндү ээрчитип, түндү такыр унутуп,

Кыялдана жаныңыздан өткөн – мен.

Көпкөк, жашыл

Дарыялар агылган,

Агымында ташкындаган бир добуш,

Түшүн эстеп жаныңыздан өткөн – мен.

Сол ийнине

Башын жөлөп жылмая,

Бир жигиттин элесине чөмүлүп,

Кыйгач тиктеп, жаныңыздан өткөн -— мен.

Жашы отузда.

Жактырганы андан көп,

Жаздай жашыл көйнөк кийип үстүнө,

Жай баракат, жаныңыздан өткөн – мен.

 

“Ырды аке”-деп бир канча жылдан бери чогуу жүргөн акын, прозаик Венера  Бөлөкбаева:

“Көргүм келбейт жарыктыкты,

Тереземе кызыл парда такканмын.

Кымгуут бүгүн жан дүйнөмдө,

Бүгүн такыр башкамын”- деген ыр саптарын “Караңгы” деген ырында келтирет. Өмүр өткөн сайын өзгөрөт эмеспизби, эжеке бүгүн өзүн төмөнкүчө сүрөттөйт.

В.Бөлөкбаева.

Ырларым

Мындан ары,

Мен силерге

Эгер, жарашпай калсам,

Мезгил менен

Турмуштан деп билели.

Боор ооруса

дартын чогуу көтөрдүк,

Көздүн жашын

бир алакан аарчыды.

Шаан-шөкөттө

бий бийледик айланып.

Бирге жүрдүк,

талааларда, тоолордо.

Бирге уктап,

тостук кайра таңдарды.

Өткөн өмүрүм — өттү силерге!

Калган өмүр кандайча болот?!

 

Ак-ала чачымды жашырып,

Башкача жоолук салына,

Кадамым жайыраак аттап,

Алдыңа барам, алдыңа...

Кооз дүйнөнү

Көзүм көрүп турганча

Кездешели...

Кечигишпейли...

Даярдаган Элиза Кочкор кызы. 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031