26-сентябрь, Шейшемби, 20:44

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Жаш акын Акмаанай Бекмамат кызы: “Мен үчүн өмүр жыты -бейиш жыты”.
Аудио угуу

 

Бул чыгарылышыбызда сиздерге жаш акын, Ош шаарындагы “Жигер” адабий-поэзиялык клубунун мүчөсү Акмаанай Бекмамат кызынын ырларын сунуштайбыз.

Мээримге толуп турган каректерин,

Магада мээрим төксө керек дедим.

Бүтүндөй кайгыны жолотпочу,

Бүтпөчү бакыт аттуу даректемин.

 

Күн мага нурун чачып турган сайын,

Күн менен сүйөөрүңө суктанамын.

Бактылуу махабатым өзүң болуп,

Бактылуу үй-бүлөнү толуктайын.

 

Самаган сезимдерди саймаладын,

Керемет ысымынды кайталадым.

Жароокер жаным сага табыштаган,

Жолуккан тагдырыма ыраазымын.

 

Атама

Буркурап тер жыттанган кийимин,

Жууп жатып жүрөк ыйын укпагам.

А азырчы ошол жытты табалбай,

Атакемдин кийимдерин кучактайм.

 

Шынгыраган бир күлкүсүн укканда,

Бүт ааламдын эсендиги угулат.

Колдорунан өтүп кеткен жылуулук,

Жүрөгүмү өмур бою жылытат.

 

Жөн гана, карааны мандайымда,

Турса эгер дүйнөнү терметемин.

Жөн гана, жок турса карааны эле,

Эн жапыс нерсеге тепселемин.

 

Тамеки синип кеткен атакем ай,

Мен үчүн өмүр жыты бейиш жыты.

Татыктуу аял болуп жашап жатам,

Атама бейиш камдайт Жаратканы.

Жараткан бейиш ачат жашаганы.

*******************************

Багынбаска аргам барбы өмүргө,

Буйругума тагдыр өзү көнүүдө.

Күндө чачым түшкөн өндүү билинбей,

Күндө кадам шилтеп келем өлүмгө.

Чындык таамай октолгонун кечирбейм,

Колдон келсе башкаларга кетирбейм.

Азыр мени кайсы жерге көмүштү,

А мен сизди сүйүп жашап жетишпейм.

Наристелер көзгө урунуп жолугар,

Наристеден мени көргөн жоксунар.

Колун кармап жүзүн сүйүп акырын.

Көчө менен көз жаш төгүп койдунар.

*******************************

Бул бакыт, бул үмүт калаасында,

Жан-дилим мээрим төгөт апанызга.

Мен сизге сүйүү арнап урматтайын,

Бактымын ачкычы апанызда.

 

Мен бир күн барам, Кудай буйруганда,

Бүтпөгөн ырыс болуп үйүңүзгө.

Сиз мени сүйгөн өңдүү жаккым келет,

 Сый арнап түбөлүк бүлөнүзгө.

 

Мен чыдайм, корком тагдыр каргышынан,

Ордун басып кетсемчи катабыздын.

Кайсы кыз туш келседа жарынызга,

Тилегиндей болсунчу апаныздын.

 

Сиз жок

Ак сүйүүмүн кулу болуп кеткемин,

Арзыбаган турмушуман кечкемин.

Башкалар бакыт деген жашоонун,

Баркын билбей жашап жүргөн пендемин.

Азыр мага мааниси жок жарыктын,

Аздан көптү сурап келген жашыкмын.

Бир калаанын демин жутуп жашаган,

Бир калааны сиз бар учун сагындым.

Сизди күткөн сагынчым күкүмдөрү,

Саргайган жалбыракта күзүндөгү.

Элесиме сүрөт болуп тартылган,

Элесиниз тытылып үзүлбөдү.

Тигилбей жүрөт эски жыртыктарым,

Тигилип эстетишет мурункуму.

Атынызга жашырган көз жаштарым,

Атыныздан үйрөндү унутууну.

Ички дүйнөм жашаганын көрбөсүн,

Ичтен эзип бардыгына көнөмүн.

Кечээ дагы толгоом күчөп азаптан,

Кайра бүгүн сүйүү менен төрөлдүм.

Күндө сиз жок санаа чегип жанчылып,

Күндө сизди сүйүү менен төрөлдүм.

 

Бекер

Бекер ыйлап бекер азап тарткамын,

Билем буга тагдыр гана серепчи.

Акча менен табып келген бакытты,

Акча үчүн жоготушум керекби?

Көнүп кетти көр турмушка алдануум,

Көз мончогун тагып жүрөт адашуу.

Өмүрүмдү сиз жок түптөй албасам,

Өгөй жандын бактысымын жаралуу.

Үмүткөр болуп келем түндөрүмө,

Үзүлгөн кыл учунда тагдырым.

Айрып кетип сүйгөнүмөн сүйдүргөн,

Азап менен ый аралаш жаздыгым.

Жасалма бакыттын кейпин кийип,

Баарына шүгүр кылып жете алам.

Күн төбөмөн чагылганын көрбөгөн,

Кандай дүйнө менен жашап келе атам.

 

Апама

Койчу турмуш, болду тагдыр сынадын,

Колун сунса ак чач кылып сыладын.

Мен турмушта канча женип жашасам,

Анын бир ооз сөзү үчүн сынамын.

 

Канча мезгил кайратыны короттун,

Канча көз жаш кантип кайра сорондун?

Кайран турмуш камчыласа баш бербей,

Мага жалан аруу танды ородун.

Колдон келген бүт түйшүгүн бошотом,

Ар бир түнү мээримине тонолом.

Эки дүйнө бейиш тилеп жашасам,

Ар күн сайын азда болсо сороном.

Жаш баладай жүрөгүнө жүгүнөм,

Жол көрсөткөн колдорунун жүзүнөн.

Апа сендей тагдыр таба албасмын,

Кайда болсом жүрөгүнө жүгүрөм.

 

Мээримге толуп турган каректерин,

Магада мээрим төксө керек дедим.

Бүтүндөй кайгыны жолотпочу,

Бүтпөчү бакыт аттуу даректемин.

Күн мага нурун чачып турган сайын,

Күн менен сүйөөрүнө суктанамын.

Бактылуу махабатым өзүн болуп,

Бактылуу үй-бүлөнү толуктайын.

Самаган сезимдерди саймаладын,

Керемет ысымынды кайталадым.

Жароокер жаным сага табыштаган,

Жолуккан тагдырыма ыраазымын

*********************************

Бул бакыт, бул үмүт калаасында,

Жан-дилим мээрим төгөт апанызга.

Мен сизге сүйүү арнап урматтайын,

Бактымын ачкычы апанызда.

Мен бир күн барам, Кудай буйруганда,

Бүтпөгөн ырыс болуп үйүнүзгө.

Сиз мени сүйгөн өндүү жаккым келет,

Сый арнап түбөлүк бүлөнүзгө.

***********************************

Сизге чейин сүйүп сүйүп өксүдүм,

Сизге чейин сүйгөнүмө өкүндүм.

Ошол жанда  өчпөс сезим бар десем,

Ошол жанды унутууга үлгүрдүм.

Сиз менен көп тагдырымы сынадым,

Сиз бар үчүн тайгаланып сынбадым.

Кимге буйруп жатты экен жараткан,

Сизге буйруп калышымы сурандым.

Ортобузду байлап жашайт махабат,

Оюм, күнүм, түшүм сизден башталат.

Мени сүйгөн жашоонузду кыйнабай,

Менда сизди сүйгөн үчүн ырахмат.

Сөлөкөтүм сизден алыс турсада,

Сизге сүйүүм бекемдигин туям да.

Балталабас үчүн эртен бүлөмү,

Бийик коем бар сүйүүмү кудайга.

*****************************

Сен мени издеп келип, издеп кеттин,

Издерим обот сенин издерини.

Кайгыруум шарт эместир жоктугуна,

Качанкы бакыт бизди издедиби.

Багытымды бура албаган барчылык,

Бакытымды кармай албай убара.

Биз жолугуп бүтпөй калган ал суйуу,

Бизге улуу болгон үчүн узаба.

Өчпөс болуп сезим менен жашадын,

Жарым болбой калышына не себеп.

Мен жетпеген үй-бүлөнө жубайын,

Менден артык болуу мага керемет.

Сенден артык сүйүп алган жарымы,

Сен кечиргис көнүлүмө жылытам.

Сага арнап жазып алган ырымы,

Неге дайым билдирбөөгө тырышам.

 

Маектешкен Элиза Кочкор кызы. 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 20:00-20:30

    ЭлТР түз эфир Күн маек

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Сентябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930