ТҮЗ ЭФИР



21-ноябрь, Шейшемби, 19:51

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

ЭКИ КОҢШУ БИРИ БИРИНЕ ДАРБАЗАЛАРЫН АЧТЫ

 

Эки коңшу эл-Өзбекстан жана Кыргызстандын алакалары кийинки бир жылда аябай кеңейди. Өз ара түшүнүүчүлүк түптөлдү. Мынтип, көптөн бери жабык турган өткөрүү түйүндөрү ачылып,эки коңшу эл бири бирине дарбазаларын кенири ачышты. Эки мамлекеттин башчылары достукту, коншучулукту даназалап жатышат. Мына кечээ эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетти.

5-сентябрда Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёевди эл аралык «Манас» аэропортунан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев салтанаттуу тосуп алды. Өзбек лидеринин жубайы Зироатхон Хошимова коштоп келди. Ал эми мамлекеттик иш сапардын алкагында эмне маселелер талкууланды? 5-сентябрда Атамбаев менен Мирзиёев тар курамда жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн маселелер боюнча пикир алмашты. Алар эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.Мирзийоевдин мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек эки тараптуу бир катар документтерге, анын ичинде мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлду. Иш-чара өлкө президенттери Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Кол коюлган документтер:

1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу келишим.

2. Кыргыз-Өзбекстан президенттеринин биргелешкен билдирүүсү;

3. Ош шаардык мэриясы менен Андижан шаардык акимиатынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта кызматташтык тууралуу макулдашуу;

4. Бишкек шаардык мэриясы менен Ташкент шаардык акимиатынын ортосундагы макулдашуу;

5. Кыргыздын Соода өнөр жай палатасы менен Өзбекстандын Соода өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;

6. Кыргыз-Өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда чек ара өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиги тууралуу макулдашуу;

7. Кыргыз-Өзбекстан өкмөттөрү ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык тууралуу макулдашуу;

8. Кыргыз-Өзбекстан өкмөттөрү ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;

9. Кыргыз-Өзбек өкмөттөрү ортосундагы салык маселелери боюнча кызматташтык тууралуу макулдашуу;

10. Кыргыз-Өзбекстан парламенттеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандум;

11. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Консулдук конвенцияларды ратификациялоо жөнүндө грамоталарды алмашуу тууралуу протокол;

12. Кыргыздын Стратегиялык изилдөө улуттук институту менен Өзбекстандын президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөө институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

"Бүгүн тарыхый окуяга күбө болдуңар. Мамлекеттик чек арабыздын 85 пайызы боюнча макулдашып, бекиттик. 15 пайызы гана калды. 85 пайызы боюнча макулдашкан соң 15 пайызы боюнча да тил табышабыз деп ойлойм. Мунун баары Шавкат Миромоновичтин Кыргызга мамлекеттик иш сапарына келишине байланыштуу болду. Чечилбеген маселе болбойт, ал үчүн каалоо болушу керек", - деп билдирди Алмазбек Атамбаев 5-сентябрда Өзбек президенти менен жолугушуунун соңунда. Атамбаев Кыргыз-Өзбекстан ортосунда чек ара өткөрүү пункттары ачылып, элдер эркин кирип-чыгып калышы керектигин айтты. Ошондой эле Кыргыз президенти өзбек кесиптеши реформатор экенин, кыска убакытта бир топ маселелерди чечкенин баса белгиледи.

"1 жылга жетпеген убакытта Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чек арасынын 85 пайызын тактадык. 15 пайызы калды. Мен бүгүн 20 мүнөткө жакын Кыргыз телеканалдарын көрдүм. Элдер "Өзбекстандын президентинин Бишкектеги сапарынан кийин Андижанга мурдагыдай кирип-чыгып калабызбы, кантип эле?" деп жатышат. Мен айтат элем, ошондой болот", - деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-сентябрда Бишкектеги иш сапарында. Өзбек президенти Кыргыздын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүүгө канааттанганын айтты.Өзбекстан Кыргыз менен достукту бекемдөө максатында Ош шаарына мектеп курарын да кошумчалады Өзбекстан лидери.

6-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков жана Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Анда эки өлкөнүн чек ара маселесиндеги узакка созулган түшүнбөстүктөргө чекит коюу жолугушуунун негизги темаларынын бири катары каралды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргыз жана Өзбек тарап, эки өлкөнүн чек аралаш райондорунун акимдеринин кеңешин түзүү меморандумуна кол коюшту. Бул жергиликтүү маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүгө жол ачмакчы. Меморандумга Өзбекстан тараптан премьер-министрдин биринчи орун басары Ачилбай Раматов, ал эми Кыргыз өкмөтү тараптан биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кол коюшту. Өзбек президенти соңку жылда солгундап кеткен эки өлкөнүн мамилесине токтолуп, эки тараптуу мамиленин жаңы баскычка көтөрүлүшү мезгилдин талабы, элдин тандоосу экенин айтты.

“Мен премьер-министр болуп турган 14 жылда болгону төрт жолу Кыргыз өкмөт башчысы менен сүйлөшкөм. Бул туура эмес. Өкмөт башчылар жылына жүздөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Биздин туура эмес чечимдерден жарандар чарчады. Биринчи маселе чек ара жана башка маселелер акимчиликтердин деңгээлинде эле чечилиши керек”, - деди Мирзиёев.

Өзбекстан Кыргызстанга Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каршы эмес. Бул тууралуу 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуудан кийин билдирди. Мирзиёевдин айтымында, ГЭС куруу маселеси президенттердин тар чөйрөдөгү сүйлөшүүсүндө талкууланды. Аталган ГЭСти курууга Өзбекстан катышарын, объект эки тарапка теӊ пайдалуу болушу үчүн ГЭСти жакшылап ойлонуп, акыл калчап куруу керектигин баса белгиледи Өзбекстан лидери.

Өзбекстандын президенти Алмазбек Атамбаевди Өзбекстанга иш сапары менен барууга чакырды. Иш сапар ушул жылдын октябрында болуп, анда чек ара боюнча жыйынтыктоочу келишимге кол коюлушу мүмкүн. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Мирзиёев президент Алмазбек Атамбаев коӊшу өлкөгө барганга чейин Кыргыз-Өзбек чек арасынын калган тактала элек бөлүгүн тактоону сунуштаганын айтып:

"Эмне үчүн болбосун, көп деле жери калган жок. Маселени жергиликтүү деӊгээлде эле чече бергидей шарт түзөбүз. Мурдагыдай жогору жактан уруксат сурабай, маселелерди жергиликтүү деӊгээлде өздөрү эле чечкидей кылышыбыз керек. Жооптууларга тапшырма берсек, алар жакшылап сүйлөшүп бир пикирге келишсин", - деди. Маалыматка таянсак, Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып бүтүп, тактала элек 15 пайызы калды.Мирзиёев эки мамлекет кыска убакытта соода-экономикалык кызматташтык көрсөткүчүн жакшыртууга жетишкенин айтып:

"Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга көтөрөлү деген пландар бар. Ошону менен катар Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолунун курулушун жана Ош-Анжиян-Кашкар унаа жолунун курулушун тездетүү тууралуу макулдашууга жетиштик”, - деди.

Өзбекстандык делегациянын курамы:

1. Президенттин мамлекеттик кеңешчиси СУЛТАНОВ Хайриддин Мадриддинович;

2. Улуу Мажлис (Өзбекстандын парламенти) сенатынын төрагасынын биринчи орун басары САФОЕВ Содик Солихович;

3. Премьер-министрдин орун басары РАМАТОВ Ачилбай Жуманиязович;

4. Тышкы иштер министри КАМИЛОВ Абдулазиз Хафизович;

5. Тышкы соода министри ГАНИЕВ Эльёр Маджидович;

6. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси РАШИДОВ Комил Каюмович;

7. Президенттик аппараттын иш башкармалыгынын башчысы ХАЙДАРОВ Зилемхан Хайдарович;

8. Президенттик аппараттын аткаруу секторунун башчысы ПАЙГАМОВ Алишер Азизович;

9. Президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу МУМИНОВ Абдурахим Абдурасулович;

10. Президентке караштуу стратегиялык жана аймактар аралык изилдөө институтунун директору НОРОВ Владимир Имамович;

11. Ташкент шаарынын жетекчиси УСМАНОВ Рахмонбек Жахангирович;

12. Андижан облусунун жетекчиси Абдурахманов Шухратбек Кушакбаевич;

13. Наманган облусунун жетекчиси Бозаров Хайрулло Хайитбоевич;

14. Фергана облусунун жетекчиси ГАНИЕВ Шухрат Мадаминович;

15. Улуттук авиакомпаниянын башкы директору РОЗУКУЛОВ Улугбек Убайдуллаевич;

16. Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси НЕЪМАТОВ Ильхом Туйчиевич;

17. Соода-өндүрүш палатасынын төрагасы ИКРАМОВ Адхам Ильхамович;

18. Өзбекстандын жер ресурстары геодезия, картография жана кадастр боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары АБДУЛЛАЕВ Тулкин Мансурович;

19. Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскеринин командачысынын биринчи орун басары УСМАНБЕКОВ Носирбек Исмоилович;

20. Андижан шаарынын башчысы РАХМАТУЛЛАЕВ Дилмурод Рохатуллаевич.

Ошондой эле, делегациянын курамында мамлекеттик органдардын кызматкерлери, коопсуздук кызматкерлери, дарыгерлер жана ашпозчулар бар.

 6-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз өлкөсүнө болгон мамлекеттик иш сапары аяктады.Президент Алмазбек Атамбаев "Манас" эл аралык аэропортунда Мирзийоевди мекенине узатты. Узатуу аземине Кыргыз өкмөт мүчөлөрү жана Өзбекстандын делегациясынын мүчөлөрү, ошондой эле башка расмий адамдар дагы катышты.

Ош шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасында «Достук» өткөрмө пункту салтанаттуу ачылды.

6-сентябрда Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл пунктунун расмий ачылышына вице премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев, Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү жана эки өлкөнүн миңдеген жарандары катышты.

Чек ара бекетиндеги өткөрмө пункттун ачылыш аземинде алгач кыргызстандык таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды. Андан кийин ачылыштын расмий бөлүгүндө эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, жалпы элге куттуктоо айтышты.

Салтанаттуу ачылыштын катышуучулары Өзбекстандын аймагына өтүп, иш-чара музыка менен коштолду. Ошондой эле, өзбекстандыктар бул салтанаттын урматына дайыма жакшылыктар, тынчтык болсун деген ниетте курмандык чалышты.

Салтанатта суйлөгөн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев эки элди куттуктап, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин иш сапары алкагында Ош менен Андижан шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, маданий гуманитардык мамиле келишимине кол коюлганын билдирди.

“Достук” өткөрмө пункту 2010-жылдын июнь айындагы окуядан соң жабылган. Эки өлкөнүн жарандары жакшылык-жамандык иштерде чек арадан өтүүдө телеграмма же чакыруу кагаздары талап кылынып, бир топ тоскоолдуктар болгон. Мындан ары эки өлкөнүн эли паспорт менен кадимки тартипте өтө алышат.

Андан кийин салтанаттуу ачылыштын катышуучулары Өзбекстандын аймагына өтүп, иш-чара музыка менен коштолду. Ошондой эле, өзбекстандыктар бул салтанаттын урматына дайыма жакшылыктар, тынчтык болсун деген ниетте курмандык чалышты.

Ош шаарына жакын жайгашкан көзөмөл пункттун ачылышына Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош облусунун жана Ош шаарынын жетекчилери катышты. Ошондой эле, Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү да болду.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, буга чейин көзөмөл пункттан тойго же каза болгон жакынын акыркы сапарга узатууга бара жаткан жарандардан телеграмма талап кылынып келген. «Эми мындай талаптар болбойт», - деди элчи.

Ошондой эле, көзөмөл пунктту ачуу боюнча эки өлкөнүн башчылары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 5-6 сентябрда болгон расмий иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады.

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Ноябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930