26-сентябрь, Шейшемби, 20:46

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

ҮГҮТ ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ

  Баарыбызга белгилүү болгондой  Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Кечээ, 10-сентябрда расмий түрдө Президенттикке ат салышкандардын үгүт өнөктүгүн баштады. Жер-жерлердеги жолугушуулар, жарнамалоо иштери 34 күнгө созулуп, шайлоодон бир күн мурда, тагыраак айтканда 14-октябрда токтотулат. «Эми шайлоого 25 күн калганда шайлоо бюллетенинин формасы, тексти бекитилет. Ага канча киши кирет ошондо белгилүү болот. Ага чейин сот органдары же БШК каттоо тууралуу чечимин жокко чыгарышы же айрым талапкерлер өздөрү баш тартышы мүмкүн. Анын алдында талапкерлердин бюллеттендеги номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөзөт, - деди БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.

 Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик жашырка катышам деп жалпысынан 59 адам кайрылган. Айрымдары өз арызын кайтарып алса, кээ бирлери тийиштүү шарттардан өтпөй, талапкер болбой калышты.

    Боршайком президенттик шайлоого 25 эл аралык байкоочуну каттады. Алар Россия, Молдова, Румыниянын шайлоо комиссияларынын, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын, Шайлоо системасы эл аралык фондунун, Эл аралык демократиялык институттун өкүлдөрү. Муну менен, 9-сентябрга карата 89 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. 

9-сентябрда Бишкекте президенттикке талапкерлер 15-октябрга белгиленген шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу таза эмес технологияларга кашы бирге күрөшүү, ар бир шайлоочунун укугун урматтоо жана шайлоо мыйзамдарын, Конституция нормаларын сактоо боюнча меморандумга кол коюшту.

 

Ага талапкерлер Арстанбек Абдылдаев, Адахан Мадумаров, Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков катышты. Муну менен талапкерлер бири биринин ар-намысына, абийирине шек келтирчү жалган маалыматтарды таркатпоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбоо, саясий оппоненттерге сый жана чыдамкайлык менен мамиле кылуу, башкалардын үгүт материалдарын атайылап жок кылбоо сыяктуу милдеттенмелерди алышты.

  Бишкекте “Сенин добушуң – сенин келечегиң!” аттуу үгүт кербени уюштурулууда. Бул иш чара Бишкек шаарынан башталат. "Сенин добушуң – сенин келечегиң!" аттуу үгүт кербенинде жаңы шайлана турган президенттин ыйгарым укуктары, добуш берүүнүн купуялуулугу тууралуу маалыматтар берилет. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн "Кошунаңды ээрчите кел!" акциясы өтүп, добуш сатууга каршы аракет аттуу темалар талкууланат. Борбор калаанын эски аянтындагы акцияга жаш активисттер, эстрада ырчылары, ди-джейлер, чыгармачыл топтор катышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мобилдик маалыматтык тобу уюштуруп жаткан иш-чарада шайлоо өнөктүгүнүн баскычтары, жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүүнүн жол-жоболору тууралуу да маалыматтар берилет.Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирилгендей үгүт кербени өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат.Мындан сырткары бул иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо гимнинин бет ачары да болмокчу.



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 20:00-20:30

    ЭлТР түз эфир Күн маек

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Сентябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930