26-сентябрь, Шейшемби, 20:46

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ АЗАЙБАЙ ЖАТАТ

 

Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болду. Айдаркен шаарчасында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесинде келе жаткан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз унаасынын айдоочусу Кадамжай шаарынын 44 жаштагы тургуну жана анын 44 жаштагы аялы, 2002-2016-жылы туулган балдары денелеринен алган жаракаттарынан улам Кадамжай аймактык ооруканасында каза болуп, 2004-жылы туулган уулу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаадагы 4 адам жаракат алып, Кадамжай аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген.

8-сентябрда Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, унаанын ичиндеги төрт адам күйүп кеткени маалымдалган. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы кырсыкка кабылган Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги кошо күйүп кеткен 4 адамдын аты-жөндөрү такталгандыгын кабарлашты. Алар: 1958-жылы туулган Бишкектин тургуну М.А. 1960-жылы туулган Бишкектин тургуну С.А., 1962-жылы туулган О.Н. балыкчылык жана ушул эле Балыкчы шаарынын тургуну 1967-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар болгон.

Маалыматта белгилүү болгондой, Бишкектен делген 2 жаран Балыкчыдагы досторунукуна барып конок болушкан. "Балыкчыдан Түп районуна жол тартышып, кайра Балыкчыга келе жатышканда кырсыкка кабылышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда аталган 4 жарандын бардыгы тең мурда соттолгон", - деп билдирет маалымат катчылыктан.

Эскерте кетсек, аталган кырсык 8-сентябрда, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 112-чакырымында, Кашат жана Григорьевка айылдарынын ортосунда орун алган. Анда Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылган. Анын кесепетинен унаа жана ичиндеги төрт адам кошо күйүп кеткен. Кырсыктын келип чыгышына унааны катуу ылдамдыкта башкаруу себеп болгон. Кырсык болгон жерден унаанын чачырап кеткен тетиктери, буюмдар жана эки кап кара куурай табылган.

8-сентябрь күнү саат 15:20 чамасында Ош-Кара-Суу унаа жолунун 16-чакырымында (Жылкелди айылы) болгон. Анда Оштон Кара-Сууга келе жаткан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, маршруттук такси менен бетме-бет сүзүшкөн."Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 1957-жылы туулган Ш.М. (аял киши) жана 2010-жылы туулган небереси А.М. (эркек бала) каза болгон. Ал эми маршруттук таксинин ичинде айдоочудан тышкары 5 адам болгон. Учурда алар ооруканада, абалдары туруктуу. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти Ош ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн.

Чүйдө унаасы менен жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул кырсык 1-сентябрь күнү саат 20:50 чамасында Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 49 жаштагы Ш.В. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. "Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканадан көз жумган. Азыркы тапта Аламүдүн РИИБи жогорудагы факт боюнча кылмыш ишин козгоп, айдоочуну издөөдө. Эгер жол кырсыгы тууралуу билгендер болсо, 0 (701) 02 27 23; 0 (555) 16 00 33; 0 (708) 15 00 15; 0 (312) 36 35 23; 0 (312) 36 35 27 же 102 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Жалал-Абад шаарында жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Жол кырсыгы 6-сентябрь күнү саат 22:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө болгон. Анда айдоочу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган болуучу.

Эмне эле болууда? Жол кырсыктары азайбай жатат. Эң аянычтуусу-адам өлүмү менен коштолууда. Болгондо да бир үй бүлөөдөн бир канча адам мерт болуп калгандыгы. Негизги себеп-ылдамдык. Аны болушунча жогорулатып, жол коопсуздугун сактабай мына ушундай оор кырсыктарга кабылышууда.

Анан авариялардын башкы себептери эмнеде? Мурдагы жарыяланган материалдарды дагы кайталайбыз. Биринчи фактор - бул айдоочунун жоопкерсиздиги же жол эрежесин сактабаганы болсо, экинчи фактор, автомобилдердин жана жолдордун сапаты менен байланыштуу. Айдоочулар менен жүргүнчүлөр коопсуздук курун тагынса, кырсыкка кабылган адамдарга тез жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлсө, адамдардын өлүмү, оор травмалар бир кыйла азаярын  эксперттер айтып келет:

- Жол-транспорт кырсыктарынын болуусунун бир нече себеби бар. Бир жагынан, бул адамдардын жүрүм-турумунун туундусу. Алар шашып, машинени чымын-куюн болуп айдашат. Алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, машине айдагандар да арбын. Мотоциклисттер болсо башына каска кийишпейт. Айдоочулар жана жолоочулар автомобилге отурганда коопсуздук курун тагынышпайт. Жолдогу авариялар машиненин техникалык абалына жана жолдун сапатына да түздөн-түз байланыштуу болорун жадыбыздан чыгарбасак. Автожолдорду долбоорлоп жатканда, аларды коопсуздукту эске алуу менен пландаган маанилүү. Ошондой эле автотранспорт кырсыгына кабылган адамдарга сапаттуу медициналык жардам тез көрсөтүлүүсү абзел. Авария болгон жайга тийиштүү медициналык аппараттар жана дары-дармек менен толук камсыздалган мыкты адистердин командасы ыкчам жардамга келиши зарыл.

Көп учурда коомдук транспорттун айдоочулары кырсыкка учурап жатышат. Ошондуктан эң биринчи коомдук транспорттун айдоочуларын медициналык текшерүүдөн такай өткөрүп туруу, тартиптүү жана кесипкөй айдоочуларды тандоо жана транспорттук компаниялардын иш-тажрыйбасын билүү маанилүү дешет эксперттер:

- Айдоочу жолго чыгаар алдында анын көзүн текшерүү абдан маанилүү. Ошондой эле коомдук транспортту тейлеген айдоочунун мурда кандай иштегенин билүү зарыл. Ал курста окугандан кийин сынакты жакшы тапшырган болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташычу компания менен келишим түзгөндө, ал адамдарды коопсуз ташыганбы деп суроо берүү зарыл жана кандай иштегенин билүү маанилүү. Эгерде эл өмүрүн тобокелге салчулар болсо, андай адамдарга коомдук транспортту айдаганга жол берилбеши шарт. Айдоочу минчү машинесин, жүрчү жолун жакшы билүүгө тийиш. Себеби, айдоочу каттоочу жолунда жүргөнгө даяр болгону оң.

Жол кырсыктары Кыргызстанда эмнеге азайбай жатат?

- Автомашиналар, айрыкча башка өлкөлөрдө эбак иштетүүдөн чыккан,мөөнөтү бүткөн унааларды алып кируу. Алардын арзандыгы.

- Коңшу мамлекеттерде качан эле катуу тыюу салынган оң рулдуу автомашиналардын Кыргызстанда пайдаланылышы.

- Техникалык кароонун алынып салынышы.

- Айдоочулук күбөлүктөрдү оңой эле сатып алуу. (Автомектептер козу карындай көбөйүп кетти. Акча үчүн айдоочулукка окуй тургандарды каалашынча кабыл алуу, эрежелер толук сакталбастан күбөлүк берүү ж.б.у.с. көйгөйлөр).

- Автоунааны сатуу же сатып алууда ишеним кат менен өткөрүп берүү.

- Автоунааны айдоодо ишеним каттын колдонуудан алынып салынышы.

- Автоинспекторлордун укуктарынын алсыздыгы же кызматтык нормаларын так аткарбастыгы, жоопкерсиздиги, коррупциясы.

- Жол эрежесин бузгандардын жазалары жеңилдиги.(Жол эрежелерин так сактабоо).

- Жакшы мыйзам - автокырсыкты азайтуунун маанилүү бир жолу. Атап айтканда, алкоголь ичимдигин ичип алып машине айдаганды жана ашыкча ылдам жүргөндү тыйган, машинеде жүргөндө коопсуздук курун тагынууга жана мотоциклисттерди каска кийгенге милдеттендирген мыйзамдар кынтыксыз аткарылууга тийиш. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн 15де гана бул жаатта жакшы мыйзам бар. Эгер бизде жакшы мыйзам болуп, полиция аны бекем карманса, адамдар жолдо жүрүүнүн мыйзамдарын сактоонун зарылдыгын жакшы түшүнсө жана андай мыйзамдардан жакшы кабардар болушса, биз ар жыл сайын жүз миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калабыз-дешет эксперттер.

Жол эрежесин бир нокот бузбай аткаруу айдоочунун ыйык милдети болсо, коопсуздук чараларын бекем сакталышын камсыздоо, жолдорду сапаттуу куруу жана жолдордо тартипти сактаганга жарандарды тарбиялоо өкмөттүн милдети.



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 20:00-20:30

    ЭлТР түз эфир Күн маек

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Сентябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930