18-август, Жума, 05:36

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Октябрь айы Кыргызстан үчүн чындыгында кооптубу?

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөгө келүүнү пландап жаткан жана бул жерде жашаган атуулдарын этият болууга чакырды. Бул тууралуу атайын билдирүү элчиликтин расмий сайтында жарыяланды.

Билдирүүдө: “АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен чет элдик дипломаттарга каршы террордук чабуул, адамдарды барымтага алуу же уурдоо сыяктуу окуялар октябрь айында болуп кетиши ыктымал деген маалымат алды. Ушундан улам элчилик өз атуулдарын сак болуп, коомдук жайларда коопсуздукту сактап, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат. Жергиликтүү бийликтин коопсуздук боюнча көрсөтмөсүн так аткарып, ММКдагы маалыматтардан кабардар болуп туруңуздар. Кандайдыр бир демонстрация же массалык жүрүштөрдөн алыс болуңуз”, - деген көрсөтмө жазылды. Анын артынан эле Кыргызстанда октябрь айында террордук аракеттер болорун Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги да эскертти. Мындай билдирүү элчиликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына 9-октябрда жазылды. Анан да кызыгы YouTube сайтына Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандык согушкерлердин кайрылуусу чыкты. Тасмада үч адамдын бири өлкө бийлигин сынга алып, исламдагы шарияттар толугу менен Кыргызстанда орношу керектигин, бул үчүн болгон аракетти жасашарын айткан. Мына ушундай билдирүүнү артында эмне бар? – деген суроо жаралды. Мындан бир нече күн мурун Туркия да Кыргызстанда террорчулардын иш-аракеттери орун аларын айтып, бир нече жолу эскерткен. Учурда Улуттук коопсуздук комитети текшерүү баштады. Алардын маалыматында өлкө аймагында азыр кооптонууга себеп жок. Анын артынан ТИМ атайын билдирүү даярдоодо. Ылайым эле элибизде тынчтык болуп, өлкөбүз бейпил жашоосун сүрсүн. Ал эми биздин тынчтыкка көз арткандардын жазасын кудайым өзү берсин. Террорчулук иш-аракеттер бар дегендердин “ооздоруна таш”.

М.Абдыкадырова.



Уктуруулар

  • 17-АВГУСТ

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 20:00-20:30

    ЭлТР түз эфир Күн маек

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Август 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031