ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Айжамал Кабылова: "Аларда адамгерчиликтүүлүк деген жок".
Аудио угуу

21 жылдан бери сахнада көптөгөн ырларды чеберчилик менен аткарып, өз күйөрмандарын таап келе жаткан маданияттын мыкты кызматкери ырчы Айжамал Кабылова “ЭлFМдин” эфиринде конокто болду.

Айжамал айым учурда чыгармачылыкта изден менен иштеп жатканын байкасак болот.

Анын ар бир аткарган ыры угармандар үчүн сүйүнүчтүү.

 

Коногубуз үй-бүлөдө беш бир тууган. “Бир туугандарымдын баары музыкага жакын,алардын арасынан мен гана ырдап чыктым”- дейт. Көбүнчө жакындары “Жамаш”деп эркелетишет.

 

“Турмуш мени көп сынады. Сынга сынып калбай,башты бийик көтөрүп алга деп жашап келем. Жашоодогу экинчи апам Гүлшайыр Садыбакасованын тарбиясы, дем берген сөзү, мага күч берип келет. Кыйынчылык учурда тээ алыскы аралга барып, тынч гана жашоону каалоочумун. Азыр жашоом түп тамырынан өзгөрдү, мен мурдагы сахнадагы Айжамалмын”- дейт коногубуз.

( Толугураак уктуруунун аудиосун угуңуз ).

 

Блиц-анкета.

Толук аты жөңү: Кабылова Айжамал Төрөбековна

Туулган жери: Ош облусу, Кара-суу району.

Үй-бүлөдө: 5 бир тууган.

Жактырган тамагы: картошкадан жасалган тамактар.

Жакшы жасаган тамагы: манты.

Жашоодогу урааны: "алга" жана "алга!"

Адамдагы жактырган сапаттары: адамгерчиликтүүлүк.

Жактырган жанры: лирика.

Жактырган автоунаасы: лексус.

 

Р.Рахманалиев 

<< December 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031