ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

"Ай жарык" программасы
Аудио угуу

 

Теребелге термелген экөөбүздүн ынак күндөрүбүз эч качан бүтпөсө дейм! Сага жолуккандан бери асманда оюн салган канаттуу куштаймын, күндүн жарык, жылуу нуруна бөлөнгөн гүлзарындаймын, түн кирсе жылдызы жайнап турган асмандаймын. Мен өзүмдү ушундай сезип, ушундай жаркын маанай менен жашап келатам.

Сенин романтикалуу дүйнөң менин аялуу сезимиме дүрбөлөң салды. Ылайым эле биз бирге аралаган күздүн сапсары жалбырактуу калың бак-шагы, аппак карлуу тоонун этегинде чана тепкенибиз, жаздын алгачкы күндөрү Бишкектин четине сенин сүйүктүү байчечекейинди издеп чыкканыбыз, күүгүмдөгү сейилдерибиз, түнүндөгү сүйүүлөрүбүз мезгилдин убакыт чегин билбесе экен.

Арзышкандар бал сааттарын өткөрүү үчүн убакыттын болуп турушунун өзү чоң белек, чынбы? Ал эми экөөбүз тең окуудан, иштен бошобой калган күндөрү таянычыбыз, ишеничибиз, эң кымбат буюмубуз колтелефону экени анык. Көпкө көрүшпөй калганда сүйүү саптарын смс аркылуу жөнөткөндөн башка арга таппайбыз...

Түгөнбөйлү, чөкпөйлү, өчпөйлү. Мен сени абдан-абдан сүйөм. Сүйөрүмдү колдон келсе гезит бетине гана эмес, көк бетине да жазат элем. Бар бол, менин асыл затым!

 

Суу болуп дарактардын жалбырагы,

Суу болуп көк көйнөгүң, саамай чачың.

Жолуктук жоодур кечти узатканы,

Жоогазын жыттуу жоодур карындашым.

 

Шатырап эс-көөнүмдө куят жамгыр.

Канча жыл өттү арадан? Канчанчы жаан?

Капилет кездешчүдөй туюласың,

Жамгырлуу ошол күндүн далдасынан.

 

Билбегем үмүт мынча тереңдигин,

Туйбаган күтүү мынча алыстыгын.

Кез-кезде ырыскыдай түшкө кирет,

Шатырап жамгыр куйган алыскы күн.

 

 

<< June 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930