ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Улукман Атабеков: “Сүйүүмдү мен сактап жүрөм жубайыма”.
Аудио угуу

 

Акындык өнөрдү жүрөгүндө сезими бар, жашоодо тазалыкты туу туткан, өз ааламы бар инсандар гана алып жүрүшөт. “Поэзия - бул жашоо кумары, сезимдин туу чокусу”-деп устат агайымдан укканым бар. Саламатсыздарбы, ардактуу радио угармандар, сиздер менен ободо “Жүрөк сыясы” программасы.

Бүгүнкү уктуруубузда сиздерге сезимдерди ийге келтирип, терең ойлонууга, умтулууга түрткөн жаш акын, журналист Улукман Атабековдун ыр дүйнөсүн сунуштайбыз.

Жакшы адамдар 

Жараткан соң баарын тегиз экиден,

Жандап жүрөт ак карасы деп билем!

Жаратканым кандай заман берсе да,

Адамзатты көп жашасын деп тилейм.

 

Аалам бетин ак пейилдер каптаган,

Жакшы адамдар көп болсо экен деп тилейм!

 

Бүгүн шашып барксыз өтсө мүнөттөр,

Буюкпагын каниет кыл, күн өткөр!

Баары бүттү, башыңды ийгиң десе да,

Бакыт менен балкып соксун жүрөктөр! Дал ушундай ыр саптарын жазып, жүрөктөргө аруулукту, тазалыкты чакырууну максат кылган жаш акындын бейнесине токтолуп өтөлү.

Атабеков Улукман Кубанычбекович Нарын облусунун Ак-талаа районундагы Чолок-Кайын айылында 1993-жылы 6-июлда туулган.

Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Кыргыз тили адабияты адистигин бүтүргөн. Учурда К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин магистранты. КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын “Жаны толкун” адабий ийриминин мүчөсү. Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Кыргыз радиосунун алып баруучусу. “ЭлТР” телеканалынын журналисти.

Жаш акындын поэзия ааламына келип калуусуна колуна калем кармап, барак менен сыяны шерик кылган чоң атасы себеп болуптур

Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси болгон жаш акын Улукман мектеп жашынан тарта ар түрдүү кароо-сынактарга катышуу менен бирге, студенттик жылдарында да бир топ ийгиликтерге жетишкен. Бир гана көркөм адабият жаатында эмес, обондуу ырларды аткаруу чеберчилиги жана кесиптик педагогикалык жаатта бир топ жетишкендиктерди багынткан. Атасак, 2014-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 70жылдыгына арналган  патриоттук ырларды мыкты чеберчиликте аткаруу максатында өткөрүлгөн “Жанырсын мекен ырлары” сынагынын баш байгесинин женүүчүсү, 2014-жылы Ош шаарындагы ОГПИнин 90 жылдыгына карата өткөн педагогикалык дебют сынагында атайын сыйлык менен сыйланган.

 

Өмүрүмдүн мазмуну

Ооздук бербей омуролоп келгендей,

Сүр калтырды турмуш сыры билинбей.

Өмүрүмдүн ар бир күнүн тизмекте,

Күндөр барат чууруп өтүп кербендей.

 

Түйшүктөндүм, түйшүк дагы тарттырдым!

Таалай издеп тагдырыма бек турдум.

Таазим кылам жакыныма дилимден,

Аз болсо да барын сездим баркымдын.

 

Артып жонго зор түйшүгүн акындын,

Чыйыр жолдон чыйралсам деп талпындым.

"Адам болгуң"- деп айтканы, акылга.

Кыттай уюп калды сөзү атамдын.

 

Апакемдин аппак сүтүн эмгеним,

Адалдыктын дүйнөсүнө келгеним.

Аруу дүйнөм асыл ишке малынып,

Арзыса дейм алкышына элимдин.

 

Жанашсам деп күндө тилейм жакшыга,

Жакшы жар деп үлгү болгон жалпыга.

Жаратканым маңдайыма кыргыздын,

Жубайың деп бир сулуусун жаздыда.

 

Кыялдарым жаркып тийген жаз күнү,

Бирок келет жараткандын жазганы!

Өзгөлөрдү билбейм бирок а менин,

Дал ушундай өмүрүмдүн мазмуну.

 

Калем курчуп, кубат берсе күчүмө,

Ушул ырлар өмүрүмдүн мазмуну.

 

Бактылуулук бизде бар

Теңдешсиз зат, адам өзү улук да!

Кубанычтан төбөң жетсин булутка.

Турмушундун өйдө-ылдый болгонун,

Туйгуң досум эртең калат унутта.

 

Таптап минип, таң ашырган күлүктөй,

Талпын досум маарага жет күйүкпөй.

Териңди чач! Адал ишке максат кой!

Жаман ойду жан дүйнөңө түнөтпөй.

 

Жүргүң дайым телегейиң тең болуп,

Эч өксүбө эх жашоо деп кем болуп.

Билсен эгер бактылуулук бизде бар,

Бекем достук, сүйүү, бакыт, ден-соолук!!!

Бүгүнкү уктуурубуздун каарманы акын Улукман Атабеков “акындык өнөр жараткандын тартуусу, андагы эң башкы нерсе маани-музмун, сезимдеги ойлорду жеткире билүү”-деп эсептейт. Андыктан, ыр жазууда да бир топ эржелер бар экенин белгилейт.

"Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" дегендей жаштык жигеринде ар тараптуулукка умтулуу менен жаш акындар саны арбын экенин, калеми курч, ойлору тунук, идиреги күчтүү калемдештери менен сыймыктанаарын каарманыбыз айтат.

 

Бекем достук

Досторуң бар жылдыздайсың асманда,

Жаркырайсын алар менен басканда.

Аткан таңды,тапкан нанды тең бѳлүп,

Сыйлаша жүр ѳмүр ѳтѳт ансызда.

 

Бекем достук эт журѳктѳн кубаттайт,

Баш кѳтѳрсѳң буттан тартып кулатпайт.

Кубандырып, сыр чечишип ар убак,

Колдоп коштоп достук атын унутпайт.

 

Балалык

Балалыгым бай кыялдуу кездерим,

Кайда калды, кадамдарым, издерим.

Жар боюнда тоо жаңыртып ойногон,

Ойнок бала ошол күндү эстедим.

 

Кен жайыттуу коктуларда ойногон,

Тентек бала кой десе да койбогон.

Көлчүктөгү сууга түшүп бакадай,

Баткак менен үй жасоого тойбогон.

 

Балалык кез мотурайган болпойгон,

Азыр кайда жигит болдук койкойгон.

Бала күндү эске салып тос айтам,

Ошол досум сен үйлөнгөн чоң тойдон.

 

Мугалим

Ырыс чачкан жарык күндүн доорунда,

Сиздин багыт билим берүү жолунда.

Балдарым деп мектебине жүгүргөн,

Билим туусу мугалимдин колунда.

 

Бакыт ошол өткөн сабак, жазганы,

Баары үлгү жүрүм-турум басканы.

Бейишиндей мектеп төрүн көздөгөн,

Мугалимдин ачык болсун асманы.

 

Агартууда элге сиңсин даңкыңыз,

Алкыш айтып ардактайбыз жалпыбыз.

Ак эмгекти унутушпайт урпактар,

Ал анткени даанышман эл калкыбыз.

Ыр дүйнөсү чексиз мейкиндиктей кең дүйнө. Албетте, анда ар бир калем ээсинин өз колу, өз портрети, орду бар. Кадыресе көпчүлүк акындар бүтпөс тема аталган сүйүү темасына кайрылат. Улукман Атабеков да мындан четте калбай, улуу аруу сезимди өз ырларында окурмандарга сунгусу келет.

 

Сүйүүмдү мен сактап жүрөм жубайыма

Күндѳ күтѳм ар бир күндѳн ѳзѳгрүүнү,

Энсеп жүрѳм эргүү берчү сөздөрүңдү.

Эркелигиң түштөн гана көрүп келем,

Эх чиркин ай! Көрөтсөңчү көздөрүңдү.

 

Жылдыз жанар нурдуу болуп чырайыңда,

Жалгыз өссөн чырмоок болом чынарыңда.

Жараткандан белек болоор бир өзүңсүң,

Жан шеригим, жол көрсөтор чырагым да.

 

Махабаттын аруу узак ыйык жолун,

Бирге өткөрсөк кандай бакыт! Кандай сонун!

Мээрим тѳгүп, ата-энеме балдарыма,

Ийкемдуу жар кичипейил келин болгуң!

 

Кадыр барктап чаң жугузбай убайыма,

Кубандырып жүздѳн суйуп турарым да.

Түбѳлүктүү тумар кылып кѳкүрѳктѳ,

Сүйүүмдү мен сактап жүрѳм жубайыма.

 

Эки дүйнѳ бактылуулук ыроолочу,

Сүйүүмдү мен сактап берем жубайыма!

 

Алдамчы түш

Колумдагы кушум болуп конуп сен,

Көңүлүмдүн купулуна толупсуң.

Күмүш, алтын, акактан да эң асыл,

Коркөмдүүм ай өзүң аруу тунуксуң.

 

Түшкө кирип далай бердиң убада,

Күтчү жаным, эртең эле келем деп.

Үмүттөнбөйм, ишенбеймин мунуңа,

Алдамчы түш, мунун баары бекер кеп.

 

Мейли жомок түшкө кирген жайдасың,

Менсиз күндүн көрдүң бекен пайдасын.

Ханыша бол болгуң мейли,периште!

Мен издейин дарегиң бер кайдасың?...

 

Периште бол болгуң мейли, Ханыша!

Азырынча түшкө кирген жайдасың.

 

Салам кат!!!

Салам кат деп каттын башын баштагам,

Жолугууну болжоп сунуш таштагам.

Суулап чачты тарап алып күтчү элем,

Сен тарачу мектеп ылдый бакчадан.

 

Жүрөгүмө тартуу кылган махабат,

Классташым көз алдыма тартылат.

Сүйөмүн деп катты жазгам үч бүктөп,

Үч күн ойлуу жүрүп араң калтырап.

 

Жүрөктө от алоолонгон күч болуп,

Айлуу түндө сага барчуум ышкырып.

Ырылдаган дөбөтүңдөн жан сактап,

Жаткам далай бак үстүндө түш көрүп.

 

Азыр кайда?! Ошол күндөр алыста,

Ал күндөрдү бербес эми карызга.

Тоок сүйүү деп жемелей бер а бирок,

Дале менде жүргөн сезим калыс да!

 

Азыр кайда ошол селки буралган,

Ак жоолукчан эне болгон турмушта.

Ардактуу радио угармандар сиздер обо толкунунда “Жүрөк сыясы” көркөм-адабий уктуруусун тыңдап жатасыздар. Бул чыгарылышыбызда биз жаш акын, журналист жана педагог Улукман Атабековдун поэзия ааламында баарлашып жаткан кезибиз. Жоопсуз суроо, суроосуз жооп болбойт дегендей албетте биздин бир топ суроолорубузга каарманыбыз өзүнүн ой-сезиминен жаралган, жүрөктө орун пикирлерин тең бөлүшүүдө. Андыктан, акын болуш үчүн акындык тагдыр керекпи?-деген собоолго мындай жоопту уктук.

 

Себепкер

Ак сезимдер болбосун эч сенектүү,

Биз бололу жакшы ойлорго керектүү.

Жашоом жарык, бактылуумун десең бил!

Ал бакытка чындап бирөө себептүү.

 

Телегей тең деген менен жашчылык,

Дүйнө тарып бараткансыйт капшырып.

Бүтүндүккө бүлүк салып кеткенче,

Кел замандаш жасайлычы жакшылык.

 

Арсыздарга арам оокат эп келет,

А бирок ал арабыздан четтелет.

Адалдыктын антын ичип, күчтөнүп!

Жашасак дейм бүт түйүндү чечмелеп.

 

Чын дилимден пенделерге кайрылам,

Сүзүп чыккың ал ыпылас дайрадан.

Кир дүйнөңдү кийимиң менен кошо чеч!

Мен башкамын жаралдым де кайрадан.

 

Жакшылык кыл, жакшы күнгө кезек бер,

Жаратканым сооп ишиңди эсептээр.

Адамзатка бакыт сунуп журоктон,

Кубанычка биз бололу себепкер!

 

Жазды сүйөм

Жазды сүйөм! жазда түркүн сулуулук көп,

Жоогазындар жер саймалап гүлдөп өсөт.

Жамгыры да, аяр сүйкүм жүздөн сүйүп,

Жүрөгүмдүн перисиндей беттен өбөт.

 

Алмаштырбайм сенин жылуу мээримиңди,

Аңдап күтөм жыл айланып келээриңди.

Ажарыңды катып алып күттүргөнүң,

Арзып сүйүп, күтө бергиң дегениңби?!

 

Зор кыялга сезимдерди байлап алып,

Эргүү алдым жаз желинен черим жазып.

Кыялдарым гүлүн ачты жаз гүлүндөй,

Тапкан өңдүү жан дүйнөгө түркүн азык.

 

Курбусуз куплеттер...

Ишеним бар дүйнө бүтүн туюлат,

Ишеним жок дүйнөң бүтүн буюгат.

Ирээти жок жарыкчылык турмушта,

Изги ойлоруң өзү-өзүнөн куюлат!

 

Тилим ыйык, элим улук кыргыз деген,

Эриш-аркак өмүр сүрөт жылдыз менен.

Дүңгүрөтүп жердин бети тегиз тааныйт,

Улутумду бабам Манас, Чынгыз менен!

 

Бүгүн шашып барксыз өтсө мүнөттөр,

Буюкпагың каниет кыл, күн өткөр!

Баары бүттү, башыңды ийгиң десе да,

Бакыт менен балкып соксун жүрөктөр!

 

Жан дүйнөңө караңгылык түнөтпө,

Бул күндөр да унутулат күн өтсө.

Жаштыгыңдан калат анан бир элес,

Дал ушундай күлүп түшкөн сүрөттө.

 

Сүйүүдө бар кубат берер жылуулуктар,

Сен деп соккон бул жүрөктө кудурет бар.

Сенсиз күндүн бир мүнөтү түккө турбайт,

Сен ишенгин! Махабатта улуулук бар!!!

Ардактуу радио угармандар “Жүрөк сыясы” көркөм-адабий музыкалык уктуруусунун бул чыгарылышында сиздер жаш акын, журналист Улукман Атабековдун ыр дүйнөсү менен тааныш болдунуздар. Кийинки уктурууларга чейин амандыкта турунуздар!

Даярдап, эфирге алып чыккан Элиза Кочкор кызы.

 

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31