18-август, Жума, 05:24

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Көк баштык “операциясы”
Аудио угуу

Акыркы жылдары жакшылык-жамандыкта баштыкты толтуруп кетүү көнүмүш адатка айланып баратат. Муну кыргыздын салты катары бааласак, башка элге жат көрүнүүдө. Илгери аял кишилер баштык көтөрүп, аксакалдар устукандарын белине түйүп алса, азыр мырзалардын деле баштык көтөрүүсү  көзгө жат эмес. “Баштык операциясы” кыргыздын салтыбы? Той-топурда дасторкон жыйноо маданияты кандай? Бүгүнкү “Көз караш” программасында ушул теманын алкагында сөз кылганбыз.

 

Коноктор:

Нуржамал Мапаева - Филология илимдеринин кандитаты, доцент.

Толкунбек Султанбаев – “Адеп башаты” коомдук фондунун мүдүрүнүн орун басары.

Кымбат Абдисамат уулу – жаш активист.

 

Качан баштык көтөрдүңүздөр?

Нуржамал Мапаева: Күнүгө той болуп жатат. Ошол себептен күнүгө эле баштык көтөрүп жүрөм. Тойго барбасаң дагы болбойт, баргандан кийин баштык алганга туура келет.

 

Кымбат Абдисамат уулу: Мен өзүм жакында эле баш коштум. Ошого байланыштуу баштык көтөрө элекмин. Бирок, башкаларга баштык бердим.

 

Толкунбек Султанбаев: Бул кыргыздын салты да. Көтөрүп эле жүрөбүз.

Сиз кыргыздын салты деп калдыңыз. Баштык көтөрүү биздин салтка киреби? Тетирисинче өзүбүз салт деп, адатка айлантып албадыкпы?

 

Нуржамал Мапаева: Баштык дегенден мурда, ушул тойдун өткөрүлүшүнө токтолуп кетким келип атат. Жанагы тойдо ак көйнөк кийген, тойду ресторандарда өткөрүү, нике шакегин салуу, булардын баары чет өлкөлөрдөн келген. Бизде кыргыздар үйдө эле дасторкон жайып, той өткөрүп эле келгенбиз. Азыр ысырапкорчулук өтө күчөп кеткен. Буга албетте, өзүбүз күнөөлүбүз. Баштыкка токтолоордон мурда дасторкон маданиятына да токтолсок. Азыр дасторкон өтө эле кооздолуп, өтө көп тамак коюлат. Бизде жакшы сөз бар, “Алыбай алына жараша” деген. Анын сыңарындай алыбызга жараша той өткөрсөк жакшы болот эле.

 

Кымбат Абдисамат уулу: Азыр атаандашуу өтө күч алган. Достор сүйлөшүп калганда сага мына нерсе коюлду, ал тойдо коюлбады. Качан себет келет? Эмнеге кой келбеди? – деген суроолорду берип, той өткөргөн адамды да бир аз ыңгайсыз калтырат. Ушул нерсени жойсок, жанагы үстүдө айтылып кеткендей ар ким өзүнө жараша той өткөрүп калат эле.

Толкунбек Султанбаев: Баштык көтөрүү салт, бирок аны бузуп алдык. Илгери эч качан эркектер пакет көтөрбөйт эле. Азыр көтөрүп эле калбадыкпы.

Коомдун терс көрүнүштөрүн куудулдар өз сатиралары аркылуу адамдарга жеткирет эмеспи. Тынар Курбаналиевдин атайын ушул баштык тууралуу айткан юморун кесип алганбыз. Аны тындайлы.

 

 

Нуржамал Мапаева: Эми куудул мырза айткандай эле болбосо керек. Ооба, бирок той бүкөнчө эле баштыкты жыйнамай адатыбыз бар. Бул бир аз чочун көрүнүш. Бирок дасторкондун үстүндө эч нерсе калбаганча жыйнабайбыз да.

 

Азыр бир эле жакшылыкта эмес, жамандыктар да нан алып кетмей адатыбыз бар. Бул жан багууга кирбейби?

Нуржамал Мапаева: Азыр кедей деп эч кимди айта албайбыз. Себеби жашообуз жакшы болгон үчүн дүңгүрөтө той берип, түрдүү ресторандарда өткөрүп келебиз. Бул барчылыктын белгиси. Сиздин оюнузга кошулбайм.

 

Анда эмне үчүн нан алып кетебиз?

Толкунбек Султанбаев: Адам өзүнүн напсисин тыя албайтат. Кудайым айткан, адам илим-билимге тойбойт, анан бул дүйнөгө көзү тойбойт деп. Биздин көзүбүз тойбой жатат. Ошол биз алып кеткен нанды үйгө алып барып коебуз. Бирок эч ким жебейт. Ал көгөрөт. Анан эле кайра аны керексизге чыгарабыз. Ошон үчүн сиз айткандай нан көтөрүп кетүү качан насибизди тыя алганда калат.

 

Биз атайын сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Аны угуп көрөлү.

Аудио сурамжылоо жогоруда. 

 

Кымбат Абдисамат уулу: Жогоруда айтып жатпайбы, ошончо тамак калганча алып кеткенибиз оң деп. Той бир күндө эле бүтпөйт да. Ошол пакетти алып кетпесек, той ээсине киреше эле алып киребиз. Тойдун эртесинде “келин көрүү”, “кыз кууп келүү” деген дагы салттарыбыз менен той уланат. Ошондо ресторанда калгандарды койсо жакшы болот го. Биринчиден ысырапкорчулук болбойт, экинчиден сарамжалдуулук кылган болот элек.

 

Ушул көк баштык “операциясын” калтыра алабызбы?

Нурмажал Мапаева: Билесинерби, жанагы тойдо пакет салып барып, башына жоолук, калпак кийгизген салтыбыз бар эле. Ошону тамадалар жоолугунардын ордуна акча бергиле же жөн эле койгула деп айтып олтуруп, ошол нерсе калып кетти. Көпчүлүктүн аң-сезимине сиңди. Ошол сыңары бул баштык көтөрүүнү да айта бериш керек. Көпчүлүккө жат көрүнүш экенин айта берсек, жоолук салган калгандай эле калып кетет.

 

М.Абдыкадырова.



Уктуруулар

  • 17-АВГУСТ

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 20:00-20:30

    ЭлТР түз эфир Күн маек

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Август 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031