18-август, Жума, 05:33

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кыргызстанда кыздар эрте турмушка чыгабы?

 

 

Интернет барактарында Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда 10-11-класстын окуучу кыздары турмушка чыккандыгы кызуу талкууга алынды. Себеби мындан бир нече күн мурун ЖКда жашы жете элек кыздарга нике кыйган молдолорго жана ага-катышкан адамдарга карата атайын жаза иштелип чыккан. Ошого карабастан азыр республиканын аймактарында кыздарды 15 жаштан өткөндөн кийин эрге берүү уланып келе жатат. Чындыгында Кыргызстанда кыздар эрте турмушка чыгабы? Жакында эле БУУ Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда тургандыгын айтты. Дүйнөдө Кыргызстан 59-орунду ээлеген. Буга турмуштун кыйынчылыгы жана диний көз караштар себеп экендиги докладда жазылган. Андан сырткары биздин мекендештер кыздарынын “кары далы” атка конуп калуусунан коркот экен. Кыргызстанда кыздар эрте турмушка чыгып жаткандыгын статистикалык маалыматтар да тастыктап турат. Өлкөдө өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет. Эрте турмушка чыккандын пайдасынан зыяны көп экендигин адистер тактап чыкты. Акыркы жылдары ажырашуу, балдардын ортодо калып “тирүүлөй жетим” аталышы, аялдардын же эркектердин жаман жолго түшүп кетиши, ушулардын баары эрте турмушка чыккандын кесепети. Ошону менен бирге айымдардын ден соолугуна зыян алып келет, психологиясы, көз карашы жана генефон бузулат. Дүйнөлүк изилдөөлөрдө балдарын акыл-эсинин кем төрөлүшү, бир мүчөсү башкача болуп калышы да эрте төрөгөнгө байланыштуу. Мына ушундай замандаш, кыздарды эрте эрге берүүдөн алыс эле бололучу. Себеби бизге келекте мыкты, кыргыздын атагын алыскы тааныткан инсандар керек. Унутпаңыз, мына ошол инсандар бүгүнкү секелек кыздардан төрөлөт. Ошон үчүн аларды 18 жаштан ашырып, дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, анан деле турмушка берсек кеч калбайбыз. Ал эми кызым “кары далы” болуп калат дегендерге айтаарым: “Көздүү мончок жерде калбайт!”.

 

М.Абдыкадырова.

 



Уктуруулар

  • 17-АВГУСТ

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 20:00-20:30

    ЭлТР түз эфир Күн маек

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Август 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031