ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Зайырбек Ажыматов: "Мен лирикага көбүрөөк басым таштайм".
Аудио угуу

Акын деген төрт тамгадан турган сөз,

Аалам жиреп өлбөстүктү курган сөз.

Дал ушул акындардын кол жазмаларында белгиленгендей, чындыгында акын, жазуучу айтор, чыгармачылыктын оор түйшүгүн моюнга алып, бул жаатта эл үнүн, эл турмушун ыр аркылуу калкка жеткирип келе жаткандар арбын. Бирок, ар биринин ырлары өзүнчө бир өзгөчөлүкө ээ. Демек, ардактуу угармандар бүгүн сиздер менен "Жүрөк сыясы" уктуруусунун кезектеги каарманынын чыгармачылыгы менен таанышабыз. Анда каарман тууралуу кыскача малымат.

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов - 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору. “Алыкулдун ак боз ат” сыйлыгынын лауреаты жана Жаштар сыйлыгынын дипломанты. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Учурда радиожурналист болуп эмгектенет.

Балалыктагы эңсөө

“Адатта мен лирикага көбүрөөк басым таштайм. Мунун тамыры тереңде. Атам каза болуп калгандан кийин апам турмушка чыгып кетти. Бала болуп туруп аталык да, энелик да мээримге канбай калгам. Балалык күндөрүмдө ээн жерлерге барып алып, “апа”, “ата” деген сөздү кыйкырып кайра- кайра кайталап алганды жакшы көрчүмүн. Азыр ойлосом ошол кездеги эңсөө, мээрим издөө менин лирикалык ырларымдын жаралышына шарт түзгөндөй болот”-деп билдирди маек башында акын Зайырбек Ажыматов.

Апаке

Эх апаке, апакем ай, апам ай,

Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.

Тентип жүрөм, жарык издеп,

Тек гана бир жөн адамдай жашабай.

 

Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,

Тирүүлүгүм- азабым да, жыргалым.

Баарын сага айтып туруп апаке,

Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.

Акындын көз карашында соңку кездерде Ата- мекен, эл- жерди даңазалаган ырларга басым таштап бараткандай. “Кыргыз коомундагы бул кайдыгерлик заман жана адамдардын мекен алдындагы милдетин унутап калганы акын катары мени ойго салып келет. Ата- журт жөнүндө көп толгонуп ыр жаздым”-деп белгилейт каарманым.

 

Улутбуз биз!

Түндүк-түштүк сай-сай деп чектегениң,

Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.

Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,

Биримдигин элиңдин экчебегин.

 

Бир бүтүнгө айлансак улутбуз биз,

Бирикбесек улутту куруттук биз.

Кыр-кырлардан топтолгон жыйын эмес,

Кыргыз деген улутбуз, улутбуз биз!

 

Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,

Өлтүрбөгүн өзүңдү өз элиңди.

Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,

Артыгыраак сүй журтту, мекениңди!

 

Өксүбөсүн бир бооруң, жатындашың,

Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.

Кыргызстандын жеринде сакта кудай,

Кыргыз каны эч качан чачылбасын.

 

Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,

Зор биримдик биз үчүн курал болсун.

Кокту-колот, сай-сайга бөлүнбөгөн,

Кыргыз деген бир гана ураан болсун!

 

Уктурууну толугу менен аудиодон уга аласыздар! 

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031