ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

2018-жылда Кыргызстанда аймактар өнүктүрүлөт

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүүнүн жылы деп белгиледи. Үстүбүздөгү жылды Аймактарды өнүктүрүүнүн жылы деп белгилөө тууралуу буйрук өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн негизги документи болуп калат.

“2018-жылы өлкө аймактарын системалык түрдө өнүктүрүү үчүн негиз калыптанышы керек. Бул багытта бардык бийлик бутактары жана жарандык коомдун аракети талап кылынат. Жогорку Кеңешке конкреттүү сунуштамалар берилип, ар бир регионду өнүктүрүүнүн стандарттары бекитилди” – деди президент.

Өлкө башчынын айтымында, буйруктун негизинде элеттеги элди таза суу менен камсыз кылуу, сугат маселесин чечүү жолго салынат.

Өзгөчө ички миграцияны токтотуу үчүн айыл жерлеринде жумуш орундарын түзүүгө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, ар бир айылдын экспорттук потенциалын аныктап, орто жана чакан бизнести колдоп, экономикалык жактан өнүктүрүү максаты да коюлган.

Региондорду өнүктүрүү үчүн бир катар системалар ишке киргизилет. Аларды аткаруу үчүн бийликтин бардык бутактары жана жарандык сектор тартылат. Өзгөчө көңүл аймактарда жумуш орундарын түзүүгө бөлүнүп, муну менен ички жана тышкы миграцияны азайтууга мүмкүнчүлүк берилет.

Андагы негизги багыттар-Таза суу өмүр булагы. Кыргызстандагы ар бир калк жашаган аймак таза суу менен тегиз камсыз болушу керек.

- Ирригацияны жакшыртмайын-айыл чарбасы өнүкпөйт. Айыл чарбасысыз элибиздин жашоо денгээли көтөрүлбөйт.                                                  

-Аймактардын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү эми көнүл борборунда болот. Анткени, элибиздин жашоо-тиричилигинин күрөө тамыры ошол жолдор.                                                                          

-Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү колдоо, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө жакшы шарт түзүү, аймактардын экономикалык өнүгүүсүн шарттаган инвестицияларды тартуу-Кыргызстандын келечеги!

- Тышкы жана ички миграциянын кескин азаюусуна канткенде жетишебиз?Жер жерлерде жаңы жумушчу орундарды ачуу ал көйгөйдү чечүүнүн ишенимдүү ачкычы!

-Ар бир айылда заманбап бала бакча,  мектеп, оорукана болуусу тийиш. Бул калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүнүн негизги жолу!

-Аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү Кыргызстандын экономикасын чыңдоодо зор мааниге ээ.                                                                        

-Кыргызстандыктар мал жандуу калк. Демек, мал чарбасын өнүктүрүүгө,сапаттуу сүт азыктарын жана башка мал чарба продукцияларын өндүрүү,сатууга ынгайлуу шарт түзүү мамлекет колдоосунда болот.

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930