ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Акын, Кармышак Ташбаев: “Менин жүрөгүм –Ата-Журт!”
Аудио угуу

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» -деп кыргыз элинин чыгаан уулу, алп акын Аалы Токомбаев айткандай, адамдын өмүрү өткөн сон элдин жүрөгүндө жашап, экинчи өмүрүн улантуучу анын жасаган жумушу, алгылыктуу эмгектери саналат экен. Анын сынары  жакында кыргыз элибиз дагы бир оор жоготууга учурап, акын, котормочу, КР маданиятына эмгек синирген ишмери Кармышак Ташбаевди оо, дүйнөгө узаттык. Ооба, ажал ак! Андан кутулуунун айласы жок. Акындын эмгеги өчпөс болуп калаар. «Жүрөк сыясы» программасынын бүгүнкү чыгарылышын маркум Кармышак Ташбаев агайдын жаркын элесине жана  анын чыгармачылыгына, эмгектерин арнайбыз.

Менин жүрөгүм–Ата-Журт!

Картайбас, өлбөс сүйүүм –Ата-журтум,

Кыйнаган азаптанткан өмүр жүгүм.

Так салып жонума сенин бурчуң,

Ал балким ошондодур менин күнүм.

 

Мен үчүн кыйын болсун сапар жолу…

Тузуңдун азабы өтсүн жалгыз татым.

Кубанычым, менин күлкүм жашоодогу-

А балким ошондодур ырахатым.

 

Ата-Журт, бөлүнүп сен калар белен,

Айрылбайм мен өзүңдөн айрылганда,

Өзүңө мен өзүңдү ала келем-

Өзгөртүп сапарыман кайрылганда.

 

Ата-Журт жаралгансыё күрөштөрдөн!

Сен үчүн коротомун көздүн курчун.

Мага –эргүү, түйшүк, бакыт берип турган,

Ырысым түгөнбөгөн – Ата-Журтум.

Жүрөгү Мекен деп соккон, ырларынын сап башы Ата-Журт деп жазылган белгилүү кыргыз акыны, котормочу, КР Маданиятына эмгек синирген ишмери Кармышак Ташбаев 1935-жылы 15-январда Кара-Кулжа районунун Шаркыратма айылында  туулган. Акындын чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөн мезгилинен башталып, кыргыз адабиятындагы учурдагы бийик денгээлге жеткен. Окучуулук күндөрүндө жазган алгачкы ырлары облустук, республикалык гезит-журналдарга жарыяланып, 1957-жылдан тартып байма-бай жарык көрө баштайт. Алагч айылда табелчи болуп иштеп, андан сон армияда, Мекен алдында кызматын өтөп келет. Анан, гезиттерде жооптуу катчылыкты аркалап, журналистикага аралаша баштайт. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология  факультетинде журналистика адистигин бүтүрөт. Кармышак Ташбаевдин алгачкы «Кыргыз тоолору», «Мен көргөн жаздар», «Багыт» жана «Мезгил күүсү» аттуу ыр жыйнактары акындык зор талантынан кабар берип, окурмандын кызыгууларын туудурган. Анда 1974-жылы жарык къргън «Багыт» ыр жыйнагынан сиздерге акындын ырларын сунуштайбыз.

Сөздөр–булар күйгөн сансыз жылдыздар.

Сөздөр–булар күйгөн сансыз жылдыздар.

Көөдөй, түндүн түпкүрүндө жайнаган…

Мен ар түнү укса экен деп кыргыздар,

Булбул болом бир бутакта сайраган.

 

Мен сөздөрдү сыгам көздөн жаш кылып,

Тамчылатып гүл түбүнө тамызам,

Булак өңдүү оргуп чыккан таш сыгып

Былкылдатып шиберлерге агызам.

 

Коло сымал сөздөр жатса дат басып

Нур чачкыла жалтырата бүлөймүн.

Сагынычтан жатканымда кат жазып

Анын ар бир саптарында түнөймүн.

 

Убакытка тирчилердей тор жайып

Тыңшайм, тыңшайм шуулдаган канаттын..

Мен сөздөрдүн барчындары түшсө дейм

агымында ар бир мүнөт, сагаттын.

 

Мен сөздөрдү коргошундай эритем,

Формалардан формаларга куямын,

Кээде андан жасып алсам көгүчкөн.

Кээде андан сүйүү демин туямын.

 

Кээде андан түркүн түстөр кубулат,

Көгүш тартат тууган жердин асманы,

Алыстыктан тык-тык этип угулат

Сүйгөнүмдүн мага келе жатканы.

 

ГЭСтер курам жалын менен ширетип,

Сөздөр менен дайраларды бөгөймүн.

Тер төгүлтүп кыйындыкта күрөшүп,

Мен сөздөрдү эне болуп төрөймүн.

Акындын чыгармаларынын терең идеялык мазмуну, граждандуулугу, лирикалуулугу жана ой чабытынын масштабдуулугу менен айрымаланып турат. Акындын шакирти, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун түштүк аймагындагы өкүлү, белгилүү журналист Турабай Жороев Кармышак Ташбаев тууралуу буларды эскерет:

Жогоруда белгиленгендей, Кармышак Ташбаевдин сөзүнө көптөгөң ырларга обон чыгарылып, өз учурунда жана бүгүнкү күнгө дейре ырдалып келе жаткан «Сагынуу» ырын кимдер гана билбейт? Анда музыкалык тынымга кезек берели. Рыспай Абдыкадыровдун аткаруусунда «Сагынуу» ырын сунуштайбыз.

Сиздер «Жүрөк сыясы» уктуруусунда акын, котормочу, КР Маданиятына эмгек синирген ишмери, маркум Кармышак Ташбаевдин чыгармачылыгы тууралуу тыңдап жатасыздар. Акындын 2006-жылы жарык көргөн «Оштогу менин өмүрүм» деп аталган ырлар, публицистикалык ой толгоолор жана поэмалар жыйнагында акындын басып өткөн өмүр жолу, ой-толгоосу, үмүт-мүдөөсү, көз карашы, каалоосу кенен чагылдырылат.

Оштогу менин өмүрүм

Кырк жыл Ошто жашадым

Суусун ичип, абасын жутуп, тузун татып,

Дагы канча жашаарымды Кудай билет.

Эрте-кеч көчөлөрүн күндө басып,

Ыпысык нанын жедим набайынын,

Канча да жер-жемишин алдым сатып.

Эсепсиз чайкананын чайын ичтим,

Булоолонгон палоосун жедим, базарына түштүм.

Къп ирет Сулайман того чыгып барып,

Багынан сүйгөн кызымды күттүм.

Кечкисин театрына шаштым,

Ижарага үй издеп...

Далай коргондордун эшигин кактым.

Багын аралап, дүкөндөрүн кыдырып,

Жүздөгөн чакырым көчөлөрүн бастым.

Төрт жыл акы төлөп жашадым бирөөнүн үйүндө,

Көп күндөр жүрдүм махабаттын бийинде.

Үйлөнүп бала - чакалуу болуп түйшүк артып

Бул жашоонун жүгү түштү ийинге.

Төрт жыл облустук гезитте иштедим,

Жети жыл кабарчылык кылдым.

Далай жолу тан атарда жатып,

Далай жолу тан алды турдум.

Кармышак Ташбаев бир акын эмес, көркөм адабий чыгармаларды кыргыз тилине которуп жеткирүүдө зор эмгек сиңирген. Алсак, А.С. Пушкиндин, М.Ю. Лермантовдун, Маяковкийдин, Мирзо-Турсун-Заденин ырларын ж.б кыргызчалаган котормочу катары да белгилүү. Бул туурасында шакирти Турабай Жороев мындайча айтат:

Ошондой эле, Кармышак Ташбаев республикабыздын коомдук турмушунда активдүү иштеген журналист катары да окурман журтуна белгилүү. Анын къптъгън очерк, макалалары, статьялары, публицистикалары облустук, республикалык гезит-журналдарда үзгүлтүксүз өмүрүнүн аягына чейин жарыяланып келди. Анын маданияттын өсүп- өнүгүүсүнө, жаш адабий күчтөрдү тарбиялоо, жаратылышты коргоо, элдер ортосундагы ынтымакты чындоо, тилибизди өнүктүрүү багытындагы макалалары элибиздин маданий ой-жүгүртүүсүнө кошкон оң салымы болуп калды.

Акындын ырлары, эмгектери анын экинчи өмүрүн улантып, кыргыз элибиздин, жалпы окурман журтунун жүрөгүндө түбөлүк сакталат деп ишенебиз!

Уктурууну толугу менен аудиодон уга аласыздар!

 

Программаны даярдаган Элиза Кочкор кызы. 

 

Көркөмдөп жасалгалап, музыкалаштырган Белек Култаев.

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31